Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

"Шоронун" максымы "Кока-коладан" жагымдуу


"Шоро" фирмасынын суусундуктары
"Шоро" фирмасынын суусундуктары

“Шоро” деген ат Кыргызстанда бир жолу болгон чет өлкөлүктөргө да тааныш. Ал эми соңку беш-алты жылда Кыргызстанга келген туриcттер менен меймандар “Супара” ресторанында болуп, кыргыздын улуттук тамак-ашынан ооз тийип, ага суктанганын жашырбайт.

“Азаттык” мурда Табылды Эгембердиев менен тааныш болуп, аны жакындан билген чет элдик жарандарга кайрылып, аларды кепке тартты.

Бишкекке келген чет элдиктердин көбү "Супара” этнокомплексине барып, түркүн даамдан ооз тийип, ошол жерден кыргыздын нукура жытын сезет. Прага шаарында жашаган, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун регионалдык директору Аббас Жавади Табылды Эгембердиев менен жолукканын мындайча эскерди:

- Мен бир нече жыл мурун Бишкектин төшүндөгү “Супарада” Табылды ага менен жолуктум. Бизди меймандостук менен тосуп алып, чын жүрөгүнөн баарлашканы, төгүлүп турганы дагы деле эсимде. Абдан чыйрак, өз ишин жан дилинен жакшы көргөн инсан, кантип Кыргызстанды эл аралык туризмдин деңгээлине алып чыкса болот деген ойлорун бөлүшүп жатты. Кыргыздын улуттук тамактарын кантип дүйнөгө таанытса болорун жарпы жазылып айтып берди. Ал акча табуунун жолдорун гана ойлогон ишкер эмес, кантип кыргыз элин, тамак-ашын, улуттук баалуулуктарын дүйнөгө таанытып, жакшы көрсөтүү аракетинде экени көрүнүп турду. Мен анын сөздөрүн угуп отуруп чын эле арбалып калдым. Табылды ага өз элинин мыкты патриоту, чыгаан инсаны жана заманбап ишкери эле. Мен аны чоң урмат-сый менен эстейм. Тилекке каршы, эми анын дүйнө салганын уктум. Кыргызстан чыгаан уулун жоготту.

Ал эми Кыргызстанда 17 жыл жашаган “Заман Кыргызстан” гезитинин мурдагы башкы редактору, ишкер Мустафа Башкурт Табылды Эгембердиевдин бүтүн түрк дүйнөсүн башка элдерге таанытуу боюнча ойлору бардыгына токтолду:

- Ал киши менен 2000-жылы таанышкам. “Заман Кыргызстан” гезитинин башкы редактору болуп турган кезде андан маек алдым. Ошондон бери жакшы байланышта болчубуз. Акыркы жолу алты ай мурда өз ресторанында чогуу чай ичкенбиз. Табылды кыргыз элин, жерин, мамлекетин эң көп ойлогон, кыргыз үчүн колунан эмне келсе ошонун баарын жасайын деген адам эле. Кыргыздын үрп-адатын, салтын көрсөткөн ресторандарды салып, бүтүн дүйнө жүзүнөн келгендерге тааныштырайын деген. Азыр чындыгында “Супара” жана “Супара-Чуңкурчак” комлекстери ошондой жайларга айланды. Анын бир эле кыргыз элин эмес, бүтүн түрк дүйнөсүн башка элдерге таанытуу боюнча ойлору бар болчу. 2010-жылдан бери Түркияда жашайм. Барган сайын сөзсүз “Супарага” досторумду алып барам. Ал кишиге түрк туугандар келет деп айтып койсоң аябай жакшы тосуп алчу. Алты ай мурда жолукканымда мурдагыдай эле күлүп жүргөн. Табылдынын ошондогу бир сөзү эсимден кетпейт. Ал “жалган дүйнөдө акчаны эмне кыласың, адамдар бир күнү эле кетип калат" деген сөздөрү эсимде калды, - деп эскерген Мустафа Башкурт кыраакы уулун жоготкон кыргыз элине көңүл айтты.

Кыргызстанды тааныган чет өлкөлүктөр Табылды Эгембердиевди жакындан билбесе да “Шоронун” суусундуктары эстен чыкпай турганын айтышат. Алардын бири - дипломат, Франциянын Кыргызстандагы мурдагы аскерий атташеси, “Дүйнөдөгү кыргыздар” деген фотоальбомдун автору Рене Канья:

- "Шорону" мен билгенден Бишкектин көчөлөрүндө жай мезгилинде, саратан болуп турган чакта сатышат. Ысыкта аябай жагымдуу. Биринчи жолу көргөндө мен кызыккан эмесмин, анткени өзүм сүт азыктарына жокмун. Ошол себептен чалапты ичким деле келген эмес. Кийин бир досум ооз тийип көр деп стакандын түбүнө куйдуруп берди. Аябай ысык маал эле, ууртаганда эле жакты. Ошондо бир чоң стаканды дароо тартып жибердим. Абдан жагат. Азыр эми “Шоро” үчүн Бишкекке кайра барып келсемби деп турам. Негизи кымызыңар европалыктар үчүн бир аз күчтүүлүк кылат. Ал эми «Шорону» чет өлкөлүк базарларга алып чыкса да жакшы болмок. Менимче ал азыркы популярдуу суусундуктардан даамы жагынан да, ден соолукка тийгизген таасири жагынан да кыйла жогору турат - деген Ренье Канья “Шоронун” суусундуктарын "Кока-коладан" өйдө койот.

“Шоро” фирмасы чыгарган кымыз ага жакканын айткан немис экономист Норберт Майер кайсы бир элге же кайсы бир чөлкөмгө мүнөздүү суусундукту дүйнөгө жайылтуу үстүндө иштөө керектигине токтолду:

- Эгер кимдир бирөө кандайдыр бир тамак-аштын же улуттук суусундуктун брендин элге таанытуу боюнча жоопкерчиликти өзүнө албаса жана аракет кылбаса, мындай иш өнүкпөйт. Ал брендди эч ким билбейт. Сиз Германиянын тарыхына назар салсаңыз, Bosch, Siemens, Daimler сыяктуу бүгүн дүйнөгө таанымал компанияларды ишкер адамдар түзгөн. Бул компаниялардын баарынын башында 150 жылдай мурда жалгыз жарым эле ишкер инсандар турган. Эгер андай чыгаан ишкерлер болбосо, мен атын атаган килейген компаниялар бүгүн болмок беле?

Германияда жашаган, улуттук кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык “Импорт шоп - Берлин” көргөзмөсүнүн уюштуруучуларынын бири Асел Темиралиева:

- Эгембердиев баштаган иш улантыла берет. Анткени кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын кайрадан көтөрүп кетти. Жаңы муун, чет өлкөлүктөр ал курган жайлар менен таанышкандан кийин кыргыз тууралуу көп нерсе билип калышат. Өткөн жылы чет өлкөлүк конокторум менен барсам, чоң боз үйдүн ичинде этнодиско болуп жатыптыр. Кызыгып кирип калсак, абдан сонун атмосфера өкүм сүрүп, баары кыргыз бийлерин бийлеп жатышыптыр. Менин конокторум да кошулуп бийледи. Эми агабыздын иши улантыла берет деп ишенем.

"Азаттык" микрофон сунган Кыргызстанды жакындан билген чет өлкөлүктөр Табылды Эгембердиев түптөп кеткен улуттук мурастарды кайра жандандыруу долбоорлору келечекте өнүп-өсө берет жана Кыргызстандын улуттук суусундуктары дүйнөлүк деңгээлге чыгат деген ишенимин билдиришти.

XS
SM
MD
LG