Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

ФЕЛИКС КУЛОВ: “АСКАР АКАЕВ МЕНЕН ЭЧ КАНДАЙ БАЙЛАНЫШЫМ ЖОК” (1-БӨЛҮК)


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлүп жаткандардын бири, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов “Азаттыкка” интервью берип, учурдагы саясий кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоо жана экс-президент Аскар Акаев менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди.

- Феликс мырза, 24-марттагы ыңклаптан кийин коомчулукта Феликс Кулов жана азыркы президенттин милдеттерин аткаруучу Курманбек Бакиев президенттик шайлоого чогуу чыгышат деген пикирлер айтылып жатты эле. Бирок сиз президенттикке талакерлигиңизди койооруңуз жөнүңдө жарыяладыңыз. Бул эмнеге байланыштуу болду?

- Мен элди бөлүп-жарбаш үчүн, коомдо стабилдүүлүк сакталышы үчүн, элдин президенттикке талапкер катары менин катышуум боюнча өтүнүчтөрүнүн негизинде президенттике барууну чечтим. Туура, мен да элдин Кулов менен Бакиевдин шайлоого чогуу барышы стабилдүүлүк үчүн керек деген пикирине кошулам. Ошондуктан, эгерде мен президенттик шайлоодо жеңип, Бакиев экинчи орунга чыгып калса, мен ага премьер-министрдин кызматын сунуштайм. Бул жөнүндө алдын ала айткандыгымдын себеби да ошондо.

- Курманбек Бакиев менен бир пикирге келе албай калдыңыздардын башкы себеби эмнеде болду?

- Башында Курманбек Бакиев экөөбүз тең шайлоого катышып, ким экинчи орунду алса, премьер-министр болот деп сүйлөшкөнүбүздө, ал макул болгон. Ушундай схема менен кеткенде, эч кандай булганыч саясий технология болбойт эле. Эки талапкер бири-бирин колдоп, болочок президент, болочок премьер-министр бири- бирине асылмак эмес. Бирок мындай сүйлөшүүдөн кийин, бир-эки жума өтпөй, Курманбек Бакиев мурдагы сүйлөшүүдөн кайтып, мага президенттик шайлоого катышпаңыз деген сунушун айтты. Мен ойлонуп көрөйүн дедим. Андан кийин деле өлкөдө абал оңолгон жок. Ошондо Курманбек Салиевичке мен азыркы кырдаалда улутту сактоо комитетин түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө айттым. Мен эгерде Бакиев ушул комитеттин жардамы менен өлкөдө тартипти орнотсо, ал эч тоскоолсуз президент болушун айттым. Анда мен президенттикке талапкердигимди да койбойм дедим. Бирок тилекке каршы, ал менин мындай сунушумду кабыл алган жок. Бул өкүнүчтүү болду. Албетте, Бакиевдин да өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча көз караштары бар. Ал мындай комитетти түзбөй эле, конституциялык тартипти орнотуу мүмкүн десе керек. Мен анын көз караштарын сыйлайм. Өкөөбүздүн ортобузда өлкөдөгү айрым проблемаларды чечүүдө ача пикирлер пайда болгондуктан, мен президенттикке талапкердигимди көрсөтүүнү туура көрдүм. Айтмакчы, Бакиев мени өзүнүн штабын жетектеп берем деди деп айтыптыр. Андай сөз болгон эмес.

-Феликс мырза, президенттик шайлоо акыйкат өтөөрүнө ишенесизби?

-Менин пикиримде, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тез аранын ичинде шайлоочулардын тизмесин тактап чыкпаса, ал чоң чатака алып келиши мүмкүн. Азыр Орусияда 300 миңден 800 миңге чейин кыргызстандыктар бар. Эгерде алар добуш бере алышпаса, алар үчүн Кыргызстанда ким добуш берет? Ошондуктан, шайлоонун жыйынтыктары талаш-тартышты туудурушу мүмкүн. Анда эл толкуну өткөн парламенттик шайлоодон да жаман болот. Экинчи маселе, студенттердин шайлоого катышуусу. Студенттер 1-июлдан тарта каникулга тарайт. Булар шайлоого кандай катышат деген суроо турат. Мына ушундай сыяктуу маселелерден улам, шайлоо акыйкат өтөт деп ишенүүгө болбойт. Менимче, шайлоо мөөнөтүн 15-20 күнгө жылдыруу зарылдыгы турат. Бул Конституцияны бузууга жатпайт. Анткени, бул жерде маселе демократиялуулукту сактоо, шайлоону ачык-айкын өткөрүү жөнүндө болуп жатат.

- Президенттик шайлооо учурунда административдик ресурс колдонулушу мүмкүнбү?

-Менимче, өткөн парламенттик шайлоонун сабактарынан кийин, административдик ресурс көп колдонулбайт. Анткени, азыр эл да жакшы түшүнүп калды. Мен эл бул ирет административдик ресурстун колдонулушуна жол бербейт деп ойлойм. Административдик ресурс иштебейт.

- Жакында президенттике талапкер Баяман Эркинбаевге кол салуу болду. Бул жөнүндө эмне айтаар элеңиз?

- Баяман Эркинбаев президенттикке өзүнүн талапкерлигин койоорун айткандан кийин кол салуу болду. Баямандын айтуусунда бул окуя шайлоого байланыштуу. Эгерде бул сөз туура болсо, мындай оюн абдан опурталдуу.


- Жакында «МСН» гезитинде Рина Приживойт Феликс Кулов экс-президент Аскар Акаев менен Москвада жолугушту деп жазып чыкты. Бул чынбы? Аскар Акаев менен мамилеңиз кандай?

-Рина Приживойттун жазганы карандай эле ушак. Азыр бизде шайлоо алдындагы өнөктүк башталды. Кимдир бирөө ыплас технологияларды колдонуп жатат. Мен Аскар Акаев менен да, анын туугундары, жакындары менен да жолуккан жокмун. Жолугамын деген ниетим да жок. Аскар Акаев менен эч кандай мамилем жок. Ал мага өзү телефон чалды. Мен ага чалган жокмун. Эми Аскар Акаевди мен кечирдим дегеним – бул менин жеке ишим. Аны кудай билет. Бирок мен Акаевди биздин элибиз үчүн жасаган иши үчүн кечирдим деп айткан жокмун да. Жеке мамиле мамлекеттик иштерге жолтоо болушуна мен каршымын.

Сүрөттө: Феликс Кулов "Азаттыктын" Бишкектеги студиясында.

Тектеш

XS
SM
MD
LG