Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

БРИТАНИЯ ТЕРРОРИЗМ МЕНЕН ЭКСТРЕМИЗМДИ ЖАЙЫЛТКЫЧТАРГА КАРШЫ КҮРӨШ ЖАРЫЯЛАДЫ


Британиянын өкмөтү экстремисттерге каршы катаал чаралар киргизди. Өткөн айда Лондондо 50дөн ашуун кишинин өмүрүн алган жардыруулар жана андан кийин аз жерден ишке ашпай калган теракттардан улам Британиянын бийликтери «коомдогу жек көрүү сезимин жайылткычтарга» каршы күрөш жарыялады.

Премьер-министр Тони Блэр жума күнү Лондондо өткөн маалымат жыйынында бул чаралардын маани-максатына токтолуп, мындан ары көркөмдөп айтканда, айрым чет элдиктер үчүн «оюндун эрежелери өзгөрдү» деп белгиледи.

- Чет элдиктерди мекенине кайтаруу жөнүндөнү чечимди мыйзам боюнча өлкөнүн ички иштер министри кабыл алат. Жаңы эрежелер боюнча мындай чечим - жек көрүү сезимин жайылтуу аракеттерин колдогондорго, кол салууларды жактаган, актаган, козуткан адамдарга да жайылтылат.


Тони Блэр андан ары британ өкмөтү экстремист уюмдардын, интернет-баракчалардын, китеп дүкөндөрүнүн тизмесин түзүп, аларга тиешеси бар чет элдиктерди депортациялоо маселесин караштырат деп маалымдады. Жаңы чараларга ылайык, мындан ары дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун орун алган теракттарга түз, же кыйыр тиешеси бар адамдарга Британияда саясий башпаана берилбейт.

Дагы бир маанилүү жаңылык – британ өкмөтү Борбор Азияда ислам халмифатын курууну эңсеген «Хизб-ут Тахрир» уюмун мыйзамсыз деп тааный турганын жарыялады. Чөлкөмдө ишмердигине тыюу салынса да, Борбор Азия өлкөлөрүндө канат-бутагын жайылтууга үлгүргөн хизб-ут тахрирчилердин баш кеңсеси көп жылдан бери Лондондо беймарал иш жүргүзүп келатат.


Британ премьери мындан ары экстремизмге тиешеси бар имамдарга да кошумча чаралар колдонулат деп белгиледи:

- Биз «Хизб-ут тахрир» уюмун жана анын мураскору «ал-Мухажирун» кыймылын мыйзамсыз деп жарыялайбыз. Мындан сырткары ушул уюмдардын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жолдорун иликтеп, жаңы мыйзамдарды кабыл алууга киришебиз.


Тони Блэр жаңы чаралар жалаң чет элдиктерге эмес, экстремизмге тиешеси бар жергиликтүү адамдарга каршы да колдонулат деп басым жасады. Лондондогу теракттардан кийин бир катар Европа мамлекеттери кооптуу окуяларды алдын алуу чараларын көрө башташты. Францияда полиция Батышты жек көрүү сезимин козуткан аракеттери үчүн айрым адамдарды, атүгүл бир нече француз жаранын депортациялоо маселеси караштырылып жатканын билдирди.

Эксперттер бирок эркиндик, айрыкча сөз эркиндигин баарынан жогору койгон демократиялуу коомдо кандай сөздөр радикалдуу мүнөздө айтылганын аныктап соттоо кыйын деген пикирде. Андан тышкары Евробиримдиктин Адам укуктары боюнча конвенциясы өз өлкөсүндө кыйноого туш боло турган адамдарды мекенине депортациялоого тыюу салат. Ошентсе да, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр өз аймактарында терроризм, экстремизмди жайылтуу очокторун жок кылууга чындап киришкени калды, ага Лондондогу соңку окуялар түрткү болгону айныксыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG