Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

ПРЕЗИДЕНТ, ӨКМӨТ БАШЧЫ, АЛТЫН, КОЗГОЛОҢ, БЮДЖЕТ


А. Акаевдин күйөө баласы жаңы бийликти жаманатты кылуу аракетин улантууда. Кыргызстанда кош бийликпи? Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы билинбейт. Эмдиги жыл бюджети кандай? Сарыөзөн Чүйдү суу басууда.

«Вечерний Бишкек» гезитинин өз ээсине кайтарылышы Аскар Акаевдин үй-бүлөсү, анын күйөө баласынын бүдөмүк иштеринин биртобун ачыкка алып чыкканын 1-ноябрдагы «МСН» гезити маалым кылды. Кыргызстандагы өтүмдүү гезиттерди, телекөрсөтүүлөрдү топтоп алган Адил Тойгонбаев 24-мартта бийлик алмашкандан кийин коомду удургутуунун амалын аянбай жасап келди. «Вечерний Бишкек» гезитине баш-көз болуу милдетин аткарган О. Оснаковдун айтымында, А. Акаевдин күйөө баласынын жеке байлыгы болжол менен 60 миллион доллар акчаны түзөт.

Айрым укук коргоочулардын ырасташынча, А. Акаев Кыргызстандан 4 миллиардга жакын доллар акча алып чыгып кеткен. Буга Майрам Акаева менен Айдар Акаевдин өз алдынча кассалары кирбейт. Элдин эсебинен алынган ушунча акчага эми А. Акаевдин күйөө баласы Кыргызстанда чоң чатак чыгаргысы келип, болгон аракетин жасоодо, деп билдирет Юрий Груздов.

Кыргызстанда ансыз деле азыр кош бийлик өкүм сүрүүдө, президент менен премьер-министрдин иштери эки ачакей чыгууда, дейт Топчубек Тургуналиев ушул эле гезиттеги маегинде. К. Бакиевди бийликтен алып түшүүгө куштар адамдардын арасында Феликс Кулов да бар. «У.Барктабасовдун артында Аскар Акаевдин адамдары турган, Ф. Куловдун болсо А. Акаев менен байланышы бар», дейт Т. Тургуналиев. Анын ырасташынча, 17-июндагы окуяларды иликтөө сенсациялуу дегидей жаңылыктарды ачышы ыктымал. «Эң жакшысы, Ф. Кулов өз эрки менен эле отставкага кетип калса болор эле», деп бүтүм чыгарат Т. Тургуналиев.

«Кулов чындыгында эле темир Феликс» дегендей эле бар экен. Октябрдын акыркы он күндүгүндө болгон Акүйдөгү тирешүүдө акыры ал жеңип чыкты», деп жазат Болотбек Таштаналиев 1-ноябрдагы «Кыргыз руху» гезитинде. Ушул эле басылмада Токтогул Какчекеевдин «Коррупция бийликтин Умай энесиби!» деген макаласына орун берилген. Кыргызстандагы коррупция академик президенттен, айтылуу Бирштейндин алтын алдоосунан башталган. «Коррупцияланган бийликтен коррупцияны жок кылат деп үмүт кылыш бекер, алып отургандын алкын тыйышы кыйын», деп жазат макала автору.

Эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү 19,5 млрд. сом болору болжолдонууда. Бул 2004-жылга салыштырмалуу 20% арбын. Эгер эмдиги жылкы бюджетти быйылкысы менен салыштырса өсүш болгону 5 – 6% ары көтөрүлө албайт, деп жазат Базарбай Мамбетов «2006-жылдын бюджети же финансы ырлары» деген макаласында. Ушул эле темага шейшемби күнкү «Слово Кыргызстана» гезитинде Галина Лунева кайрылган. «Азыркы жагдайдан улам президент К. Бакиев тарабынан коюлган экономикалык өнүгүштү 8% көтөрүү милдети ишке ашышы күмөн», деп жазат макала автору.


«Кытайдагы Жусуп Мамайдын айткан «Манастын» варианты толук басмадан чыгыптыр, бул дагы чоң жетишкендик. А бизде болсо Сагынбайдыкы же Саякбайдыкыбы, бирөөнүн да «Манасын» аягына чейин китеп кылып чыгара элекпиз. Кытайда эң баалуу деп эсептелген эки китеп бар: бири – Конфуций, экинчиси – «Манас» дегендери мага терең таасир берди. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген ушул белем», дейт Дастан Сарыгулов. Анын «Манас» эпосуна арналган Кытайдагы эларалык илимий жыйында сүйлөгөн сөзүн 1-ноябрдагы «Кыргыз туусу» гезити жарыялады.

Чүй өрөөнүндө кийинки жылдары жер алдындагы суунун көтөрүлүшүнө адамдар өздөрү күнөөлүү, деп жазат Б. Жумабаев «Сарыөзөн суунун алдында калабы?» деген макаласында. «Мурда Токмоктун, Карабалтанын түндүк тарабындагы айрым жерлер «саздак, сел коркунучунда» делинип участкаларга берилбей келсе, эгемендүүлүктөн кийин эч кимдин уруксатысыз эле ал жерлерге үйлөрдү салып, айылдарды түптөп алышты», деп жазат макала автору.

Турмуштун айынан кечке суу кечип алтын чакйкап жүргөндөрдүн оор турмушу, сары темирдин айланасындагы опуртал иштердин чоо-жайы, казат жарыялоонун себеп-жөнү, эмнеликтен диний кызматкерлердин жарандык позициясын билдирбей, орчун убакта унчукпай калышы тууралуу шаршемби күнкү «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгы маалымдама топтомун жарыялады.

Ал эми 2-ноябрдагы «МСН» гезити Бишкек-Дели каттамындагы кыргыз учагына адамдан көп буюм жүктөлөрү, эскилиги жеткен учактын кантип абага көтөрүлүп Делиге каттап атканы тууралуу кабатыр кат, Ош-Бишкек жолунун оңдолушу оголе узакка созулуп кеткени, Жаңыжердеги түрмөдө болуп өткөн окуялар тууралуу материалдар жарыяланды.

ГУИН жетекчилигинин түрмөлөргө тартип киргизүү аракетине абактагылар каршы чыгышты. Ушу тапта темир тордун артында болуп аткан окуялар криминалитеттин экинчи спектакли башталгандай таасир калтырат, деп жазды шаршембидеги «Республика» гезити.
XS
SM
MD
LG