Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:46

Армян оппозиция лидери өкмөттү ыңкылапсыз кетирүүнү көздөйт


Армяндар былтыркы полиция менен кандуу кагылышуунун бир жылдыгын белгилешти. 2009-жылдын 1-марты. Ереван.
Армяндар былтыркы полиция менен кандуу кагылышуунун бир жылдыгын белгилешти. 2009-жылдын 1-марты. Ереван.

Кечээ армян оппозициясы Ереванда былтыркы нааразылык чараларынын күч менен таркатылышынын бир жылдыгын белгиледи. Мурдагы президент Л. Тер-Петросян жыйында чыгып сүйлөп, учурдагы өкмөт кулай турган саат жакындаганын айтты, бирок бийликке каршы «чечкиндүү кадамдарга өтүү» чакырыгын колдогон жок.


“Левон” – митинг урааны болду

Жекшембиде өкмөткө каршы ири нааразылык жыйын өткөргөн армян оппозициялык топтору жана анын колдоочулары мурдагы президент Тер Петросяндын ысымын атап, “Левон” деп ураан чакырып жатышты.

Өткөн жылы 1-мартта оппозициянын дээрлик он бир күнгө созулган демонстрациясын күч менен таратуу маалында кандуу кагылышуу болуп, он адам, анын ичинде эки полициячы набыт болгон.

Мурдагы президент Левон Тер-Петросян. 2007-жылдын 26-октябры.



Демонстранттар полиция менен кагылышуудан саал мурдараак (2008-жылдын 19-февралында) өткөн президенттик шайлоодо ошол учурдагы өкмөт башчы Серж Саркисян (мурдагы президент Роберт Кочаряндын “мураскору”) жеңип чыкканына нааразылык билдиришкен жана өздөрү “бурмалоо менен коштолду” деп санаган бул шайлоонун жыйынтыгы толук жокко чыгарылышы керек деп талап кылышкан.

“Досторубуз – абакка толуп кетти”

Ошондон көп узабай кармалган бир далай саясий камактагылар азыркыга чейин армян абагынан чыгарыла элек.

1991-98-жылдары өлкөнү башкарган мурдагы президент Левон Тер-Петросян жекшембидеги ири жыйын маалында бул жагдайды эске салып, былтыркы топтолоң үчүн азыркы бийлик жоопкер экенин айтты:

- Абактар биздин досторубузга толуп кетти. Бир жылдан бери бийлик былтыркы 1-марттагы киши өлтүргүчтөрдү, талап-тоногучтарды, жандимилерди ашкерелөө жаатында эч нерсе кылган жок, анткени тигилердин баары тең өздөрүнүн кишилери болчу да!

Ыңкылапсыз жол гана туура!

Оппозициянын айрым өкүлдөрү бийликти күч менен кетирүү талабын айтып жүрөт, бирок Армениянын Улуттук Конгрессинин лидери Левон Тер-Петросян ар кандай “түстүү ыңкылапты” колдобой турганын кечээки жыйында таасын билдирди.

- Мен бийликтеги режим жакын арада жарга кептелип, кызматтан чегинүүгө аргасыз болоору жана ал түгүл Улуттук сактап калуу өкмөтүн куруу өтүнүчү менен бизге кайрылаары ажеп эмес деп айтаар элем. Учурдагы кризис улам курчуп, аны жеңүү өтө кыйынга турмакчы, ал тээ 1990-жылдардагы кризиске караганда алда канча олуттуу.


Тер-Петросянды колдоочулар 2008-жылдын 1-мартындагы нааразылык жыйынында (кагылышууларга чейин). Ереван.


Тер-Петросяндын оюнча, Улуттук Конгресс жаңы саясий маданиятка таянуу менен өлкөдөгү демократиялык күчтөрдүн жеңишин ыңкылапсыз эле камсыз кылат.

(Бул жааттан алганда, армян серепчилеринин оюнча, саясатта “алчы-таасын жеп” дасыккан Тер-Петросян “ыңкылап” сөзүн жининдей көрө кабыл алган азыркы Кремлге да кылчактоодо).

Жыйынга кыйла тоскоолдуктар жасалды

Армениянын айтылуу улуттук кол жазма институту Матенадарандын кеңсесинин маңдайында өткөрүлгөн бул жыйынга, оппозициянын оюнча, дээрлик жүз миңдей киши катышты.

Негизи, Армения мыйзамы жыйын өткөрүү үчүн анын уюштуруучуларынан тек гана алдын-ала маалымат берип коюуну талап кылат.

Оппозиция Матенадарандын жанында жыйын өткөрүү ниетин билдиргенде, шаардык бийлик ага уруксат бербей турганын айткан, ал түгүл жекшембиде таңга маал анча-мынча чогулган кишини аянттан кетирүүгө да далаалат кылган.

Бирок жыйын сааты келген соң, калайык Матенадарандын маңдайына өзгөчө көп санда чогулду.

Матенадаран институтунун маңдайына түмөндөгөн кишилер нааразылык жыйынга чогулду. Ереван. 2009-жылдын 1-марты.


Айрым көзкаранды эмес маалыматтарга караганда, нааразылык чарасына 20-25 миңден ашуун киши чогулду (бирок армян полициясы чогулган калайык санын 6 миңдей деп гана көрсөтүүдө).

Мындай кырдаалда полиция калайыкты аянттан кууп таркатууну ылайыксыз көрдү жана ага шаасы да жетмек эмес.

Ереванга жакын шаар-кыштактардан оппозициялык жыйынга катышуу үчүн байтактыга келүүгө далаалат кылган жеке унаалар жана таксилер мамлекеттик автоунаа инспекциясынын кызматкерлери тарабынан орто жолдон токтотулганы, жүргүнчү автобустардын жекшемби күнкү каттамы үзгүлтүккө учурагандыгы кабардалууда.

Кезектеги жыйын – 1-майда

Жекшембидеги демонстрациянын алдында ага катышкандар оболу шаар ичинде Григор Лусаворич аянтына чейин жүрүш жасап, бул аянтта былтыр 1-мартта полиция менен тирешүү маалында набыт болгон жолдошторун эскеришти.

Армян оппозициясы кезектеги нааразылык жыйынын 1-майга белгилеп, тынч таркап кетти. Кечээки жыйын 2008-жылдын 17-октябрынан берки оппозициялык ири чыгуу болуп калды.

XS
SM
MD
LG