Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Т. Какчекеев: НАТО менен кызматташуунун Кыргызстанга пайдасы зор


НАТОнун аскерлери
НАТОнун аскерлери

Бүгүн Түндүк атлантикалык аскерий ынтымак уюму же НАТО түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган жыйын Францияда башталган жатат. НАТО аскерий гана эмес, экономикалык жана маданий уюм жана андан үйрөнө турган тажрыйбалар арбын, деп билдирди саясат талдоочу Токтогул Какчекеев “Азаттыктагы” маегинде.

-Токтогул мырза, бүгүн Түндүк атлантикалык аскерий ынтымак уюму же НАТО түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган жыйын Францияда башталган жатат. Ошол эле учурда кансыз согуш мезгилинде маанилүү болгон бул уюмдун азыркы ролу жана келечеги көп талашты жаратып турат. Мааракелик жыйында уюмдун аракетин кеңейтүү маселеси кандай чечилет жана ага Орусиянын таасири кандай болот деп турасыз?

- НАТОнун 60 жылдык мааракеси тарыхый окуя. Анткени мындан 60 жыл илгери, экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин уюмду түзүү жыйынында Улуу Британиянын премьер- министри Уинстон Черчилль согушта талкаланган Европаны кайра жандандырыш керек жана ага багытталган программага фашизмди жеңген өлкөлөр- Англия, Франция, СССР, АКШ кириш керек деп айткан. Ал программанын башкы багыты экономикалык жактан Европаны жандандыруу болгон жана программаны Маршал планы деп аташкан. Бүгүнкү күндө НАТОнун чыгышка жылып бараткандыгы да ошол себептен жана Европада Орусиянын таасири өтө зор. Ал барган сайын бекемделип да баратат. НАТО Орусияны өзүнө чакырып, аймагына кирип бир кылкада иш жүргүзүү деген башкы ой менен ушундай аракетке барып жатат. Анткени стратегиялык тиреш же батыш менен чыгыш карама-каршылыгы кала берет.

-Кыргызстан НАТО уюму менен “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын алкагында кызматташып келет. Сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстан куралдуу күчтөрүн жакшыртуу, адистеринин кесипкөйлүгүн арттыруу жаатында НАТОнун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып жатабы?

-Толук пайдаланып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын үч жүзгө жакын аскер кызматкерлери , саясатчылары, депутаттары жана башка кесиптеги көп адамдары НАТОнун “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын алкагында Маршал борборунун окуусунан өтүп, азыр эмгегин мамлекетке арнап жатышат.

-Алардын бири сиз?

-Алардын ичинен биринчи болуп бүткөндөрдүн бири мен. Бирок НАТО жөн эле аскерий уюм эмес, ал экономикалык жана маданий да уюм. Ошондуктан НАТОнун Евробиримдиктин алкагында Кыргызстанга тийгизе турган кызыкчылыктары абдан көп. НАТО менен кызматташуунун алкагында кыргыз элине жетпей жаткан билим, илим, технологияларды НАТОго мүчө мамлекеттерден үйрөнсөк жакшы болот. Азыр мындай деңгээл Кыргызстан үчүн абдан керектүү.

-Азыр НАТО Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүүгө уюмга мүчө мамлекеттерди үндөп жатат. Ал колдоо табат деген ойдосузбу?

-Колдоо табат. Анткени жакында АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жолугушкандан кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Ооганстандагы жаңжалды тынчытууга жаңы жол менен барат жана ага катышат деген маанидеги сөзүн айтты. Эгерде бул жол менен барчу болсо абал өзгөрөт.

Мурун орустар Ооганстанда СССРден калган бронетанкалык артиллериялык техниканы ремонттоп, толуктап гана койгон болчу. Кийинки кезде Орусия аркылуу темир жол менен согушта колдонулбаган тамак-аш жана башка жүктөрдү жеткирип берип жаткан. Эми Лавров жанагындай сөздү айткандан кийин НАТО Орусия менен биригиши бекемделет деген ой бар. Анткени НАТОнун чыгыш жана батыш мамлекеттердеги диний, саясий кызыкчылыгы менен Орусиядагы кызыкчылыгы окшош.

СССРдеги коммунисттик идеология жоюлгандан кийин башка талаш-тартышка орун жок. Кансыз согуш убагында Варшава келишимине кирген мамлекеттер менен НАТОго кирген өлкөлөр эки жар болуп турган. Азыр андай каршылаш сезимдер жоюлуп баратат. Андай сезимдер кеткенден кийин орус капитализми менен Европа капитализми кошулуп, глобалдашуунун алкагында дүйнөлүк байлыктарды башкаруу иштерин жүргүзө берет.

-НАТОнун таасирин Чыгыш Европада гана эмес мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында жайылтуу аракети күч алышы мүмкүнбү?
-Мүмкүн. Карап көргүлө, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Грузия, Армения жана КМШдагы башка өлкөлөр деле бул уюм менен толук кандуу кызматташып жатат. Муну эки жүздүүлүк десек орой болоор, бирок эки багытта иштешип жатат. Бул ошол эле учурда Абхазия менен Түштүк Осетияны өзүнчө мамлекет деп кабыл албагандыгынан билинип жатат.

-Ал эми Украина менен Грузиянын НАТОго мүчөлүккө өтүшү качан чечилет деген ойдосуз?

-Быйыл чечилет. Анткени быйыл Украинада шайлоо болот. Дегеле капиталисттик мыйзамдардын башкы багыты –экономикалык кызыкчылык. Бул жагдайда Орусияга көз салсак, Орусия өзүнчө эле дүйнөлүк кампа. Европага энергетика, токой, газ, металл керек. Баары бир Европа менен КМШ мамлекеттери дүйнөлүк кампа катары Орусияга көз каранды. Ошон үчүн Орусия Европа менен теңдеш жана ишенимдүү, бекем келишимди түзүүгө жарамдуу.

-А эмне үчүн Орусия өтө катуу таасир көрсөтө алат деген ишенимде турасыз?

-Анткени Орусия ядролук жана технологиялык көрөңгөгө бай чоң мамлекет. Бул мамлекеттин илимий, техникалык күчү жогору.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG