Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Айрылыш жолдун акыркысы


«Кумтөр» алтын кен долбоору боюнча кыргыз өкмөтүнүн канадалык ишкерлер менен түзгөн келишимдери парламенттин тиешелүү комитети менен фракциялардын сынынан өттү. Бүгүн ал парламенттин жалпы жыйынынынын талкуусунан өтмөкчү

“Кумтөр” алтын кен долбоору 1992-жылкы башкы келишимден бери бир нече ирет алымча-кошмчаланып келди. Алтын кен 1997-жылы ишке киргизилип, 10 жылдан кийин Кыргызстан ээлигине өтмөк. Бирок да 2003-жылы Николай Танаевдин өкмөтү башкы келишимди өзгөртүүгө макул болуп, жуп жыл аяктап жатканда токтом кабыл алган.

Анын натыйжасында Кыргызстан жаңы түзүлүп жаткан “Центерра Голд” компаниясынын акцияларынын үчтөн бирине ээ болуп, анын да тең жарымын 84 миллион долларга сатып жиберген. Дүйнөдөгү эң ири алтын кендин антип башка колго өтүп кетиш маселесин а кездеги өкмөт башчы жалгыз өзү чечкен эместир. Кечээ парламенттин фракцияларында И.Чудиновдун өкмөтү түзгөн жаңы келишимдер талкууланып жатканда “Акжол” фракциясынын айрым мүчөлөрү Н.Танаев менен бул ишке жооптуу адамдарды сот жообуна тартуу талабын коюшту. Андай демилгени депутат Бегаалы Наргозуев да туура деп эсептейт.

- Билип туруп ушундай келишимдерди түзгөнгө бизде Кылмыш кодексинде атайын берене бар. Чоң зыян алып келерин билип түзгөнгөндөргө жоопкерчилик бар. Ошол боюнча Н.Танаев менен тегерегиндеги кишилерди кылмыш жообуна тартып, ага себепкер болгондор сыртынан болсо да жоопкерчилик тартып, соттолуп, кесилиши керек. Кандайдыр бир чечим болуш керек.

2007-жылы Алмаз Атамбаев өкмөттү башкарып турган кездеги канадалык “Камэко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишимдер мурунку-кийинки парламенттен колдоо таппай, соңку бир жарым жыл жаңы келишимдерди түзүү түйшүгү менен өттү. Өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков жаңы келишимдер буга чейинкилерден кыйла дурус, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы мүмкүн болушунча сакталды деп эсептейт.

- Эми аракетти аябай кылдык. Мүмкүнчүлүктүн болушунча муну жасадык. Бул өткөн бийликтин бизге калган жаман эстелиги ушул келишимдер болду. Эгер ошол кезде баары мыйзам чегинде болсо азыркыдай талаш-тартыш болмок эмес. Бир жылдан ашуун иштедик.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов келишимдерди түзүүгө эларалык укуктук нормаларды мыкты билген чет элдик компаниялар көмөк көрсөткөнүн белгилеп, жарым жылга жакын убакыт укуктук шарт-талаптарды тактоого кеткенин айтты. Албетте, жаңы келишим боюнча деле тараптар ортодо чыккан укуктук талаштарды эларалык арбитраждык сот аркылуу чечишке мажбур.

Анткен менен “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдө экологиялык зыяндын ордун толтурууга багытталган акча Улуу Британиялык банкта эмес, Кыргызстандагы банктардын биринде сакталат.

- Кыргызстан “Центерранын” дүйнөлүк эң ири долбоорундагы ири акциячыларынын бири болуп калды. Өлкө жалгыз эле “Кумтөр” алтынына теңшерик болбостон, Монголиядагы “Боору”, “Гаатсурт”, Америкадагы “Рен” алтын кендерине да теңшерик ээлик кылат. “Центерра” эми Орусия менен Түркиядагы эки жерден алтын казууга киришкени турат. Буга да Кыргызстан теңата болот. Биз булардын баарына теңшерикпиз, акцияларына ээбиз.

Кыргыз өкмөтү канадалыктар менен жаңы келишимге келерден мурда үч маселенин башын ачып алышы керек эле. Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгын эсепке албаган 2003-жылкы өкмөт токтомун жокко чыгарыш үчүн канадалыктар менен эларалык арбитраждык соттук териштирүүлөрдү уланта берүү зарылбы же алтын кенди улутташтырыш керекпи суроосу турган. Өкмөт үчүнчү жолду тандап, талашты мунаса менен чечиш аракетине киришкен. Жаңы келишимдерди парламентте көпчүлүктү түзгөн фракция колдоп берди.

XS
SM
MD
LG