Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Карыз акча баштыгы кампайып эле баратат


Сомдун АКШ доллары, Еврого катышы азаюуда
Сомдун АКШ доллары, Еврого катышы азаюуда

Кыргызстандын тышкы мамлекеттик карызы 2 миллиард 348,6 миллион, ички карызы 170 миллион долларды түздү. Экономикалык кризис шартында карыздарды кайтарып берүү кыйын. Анын үстүнө быйыл Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү 1% жетсе дурус болор эле болжолу айтылууда.

Жыл санап көбөйүп бараткан тышкы карыздарды кайтаруу экономика ырааттуу өнүгүп бараткан кийинки жылдары баш оорутчу маселеге деле айланбады. Кыргызстан өтө кедей өлкөлөргө делген HIPC программасынан баш тарткан соң саясатташып кеткен тышкы карыз маселеси мурдагыдай чоң талкууга алынбай калган. Бирок да экономикалык кризис келгени ири өнөр жай ишканаларынын бир кыйласы токтолуп, калганы араңжан ташбака жылышка көчкөнү эми жыл сайын 100 миллион долларды чапчый баштаган тышкы карыздарды кантип кайтарабыз суроосу чыгууда. Быйылкы жылдын майына карата мамлекеттик тышкы карыз 2 миллиард 350 миллионго жакын долларга чыкты. Ички мамлекеттик карыздар болсо 170 миллион долларды этектеп отурат.

Кыргызстандын тышкы карыздарынын кыйла бөлүгү эларалык каржы уюмдарынан алынган. Жеңилдетилген шартта 40 жылга чейин бөлүп-бөлүп кайтаруу тартибинде берилген андай акчалар 1 миллиард 378,58 миллион долларды түзөт. Экономикалык кризистин жаалын кайтаруу аракетинде кыргыз өкмөтү кезектеги программа түзүп, ага жакынкы аралыкта Эларалык валюта кору 100 миллион доллар акча бөлөрүн уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Жеймс Макхю ырастады.

- Бул программа макроэкономикалык туруктуулукту кармап турууга кыйла көмөк көрсөтөт. Кыргызстандын карыз жүгүн жеңилдетүү программасынан баш тартышы мактоого татырлык. Менимче, ал өзү унутулуп бараткан маселе. Андыктан аны козгоштун кажаты жок, өкмөттүн өзү деле аны кайра козгоону суранган жери жок.

Канткен менен тышкы карыздар жүгү өкмөттүн биртоп социалдык программаларынын кыскарышына алып келүүдө. Буга кошумча экономикалык кризис шартында айрым эксперттер чет жерде иштеп жүргөндөрдөн келчү акча агымы азаярын болжолдошууда. Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, эмгек мигранттарына келчү акчанын азайышы кыйын.

- Мен ойлоп жатам, биздин мигранттардан келип аткан акча былтыр 1 миллиард 200 миллиондон ашты эле. Ошонун тегерегинде эле болот го деп. Былтыр 2007-жылга караганда 40% көбүрөөк болгон. Андай 40% өсүш болбосо да 1 миллиард 200 миллион доллардын тегерегинде акча келет. Бул дагы инвестиция. Биздин атуулдарыбыздын Кыргызстан экономикасына салымы.

Америкалык Соода палатасынын Кыргызстандагы өкүлү Айнура Чолпонкулованын ырасташынча, тыштан арбын алынып жаткан карыздар коррупциянын жемине айланбай, өкмөттүн сабаттуу экономикалык программаларын ишке ашырууга жумшалса гана анын натыйжасы болот. Аны алыс барбай эле Таиланддын, Малайзиянын экономикалык башкаруу тажрыйбаларынан көрүүгө болот. Ошол эле учурда карызга белчесинен баткан Африка, Латын Америкасынын биртоп өлкөлөрүнүн кейиштүү тажрыйбалары турат.

- Жакшы эле ой-тилектер бар, мисалы, Салык кодекси кабыл алынды. Бирок да тилекке каршы, мыйзамдык актылардын айрымдары мамлекеттик аткаминер үчүн коррупцияга азыноолок жылчык калтырып коет, - дейт А.Чолпонкулова.

Президенттик акимчиликтин Экономикалык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Азамат Дыйканбаевдин пикиринде, тышкы карыздарды кайтаруу азыркыдай кысталыш кырдаалда кыйынчылыкка капталышы ыктымал.

- Кризис шартында опуртал жагдай жыл сайын төлөп турчу карыздардын айланасында түзүлөт. Эгер карызга төлөнчү акча толук чогулбаса албетте, карыз акчаны кайтаруу кыйынга турат. Менин билишимде азыр тышкы карыздарды төлөөнүн үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн дегидей маселе чыга элек,- деп айтты А.Дыйканбаев.

Кыргызстан ички дүң продукт көлөмүнүн теңине жакынын түзгөн тышкы карыздарды кайтаруунун оор учуру экономикалык кризис учуруна туш келди. Быйылкы жылкы экономикалык өнүгүш ашып барса 1% чыгып калыш мүмкүндүгүн болжолдоп отурган өкмөт тышкы карыздарды жабууга орусиялык кредитти пайдаланышы мүмкүн. Ири өнөр жай ишканаларынын кыйласы токтоп, салык менен бажыдан түшчү акчалар азайып бараткан чакта өкмөттүн антип биринин топусун экинчисине кийгизгенден башка амал-айласы деле жок.

XS
SM
MD
LG