Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

И. Исаков: Бийликтин жолу - коркутуу жана алаксытуу


БЭКтин лидерлеринин бири Исмаил Исаков бийлик коркутуу-үркүтүү жолу менен баратат, президент баштаган реформалардан майнап чыкпайт деп эсептейт.

-Исмаил мырза, Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду жоопкерчиликке тартуу аракетине кандай баа берип жатасыз?

- Бул жерден бир нерсеге токтоп кетиш керек, жалпы коомчулук, эл маани бериш керек. Элдин добушун уурдоо, коркутуу, зомбулук менен келген бийлик өзүнүн мыйзамдуулугун далилдеш үчүн бир гана жол менен баратат. Булар чындыкты айткан, мыйзам бузууларды көрсөткөн атуулдарды коркутуп, камап, же жалганды айттырыш керек. Бүгүнкү бийликтин бир гана жолу ошого далил болуп атат.

Азыр биздин мүчөбүз, кыргыздын азаматтарынын бири Бакыт Бешимов дагы жок болуп атат. Анын артынан аябай түшүшкөн. Мына ошонун негизинде кылмыш иштери күчөп, аларды камаганга аракет кылышат дагы, бүгүнкү «Ак жол» фракциясы кожоюн эмне десе, ошонун баарын аткарып, анын сунуштарын мыйзамдаштырып беришет.

-Бул фракциянын лидери Бакыт Бешимовдун кабары чыкпай жатат. Оппозиция лидерлери аны менен байланыша алдыңыздарбы?

- Азырынча кабары жок, биз байланыша алган жокпуз. Себеби шайлоо бүткөндөн кийин анын артынан катуу түшө башташкан. Азыркы Социал-демократтар партиясынын депутаттарын камап, алардын мандатын алуу - Бешимовго чыгуу аракеттеринин бири болуп атат, себеби ал штабдын башчысы болгон.

Балыкчы окуясы далил болуп атпайбы. Кээ бирин оорусу бар экен деп чыгарып коюшуп, алардан көрсөтмөнү алып атышат, буйрук берген деп. Бийликтин максаты - БЭКтин жетекчилерин мына ушулар уюштурган деген шылтоо менен өзүнүн мөөнөтү бүткүчө камап коюп, элди тынчытуу.

-Президент башкаруу системасын реформалоону жарыялады. Реформанын жалпы багытына кандай баа бересиз?

- Бул реформасынан эч нерсе чыкпайт, элди убактылуу алаксыткан гана иштери. Себеби экономика, каржы маселелери өкмөттөн алынып аткандан кийин, өкмөт эмне кылыш керек, эч нерсе кылалбай калат да.

Бир аппарат болот деп атат, өкмөт бизде өзүнчө иштеш керек, администрациясы өзүнчө, экөөнүн функциясы ар түрдүү, экөө биригип алгандан кийин, кимиси - кимисине баш ийет. Өкмөттүн тез аранын ичинде кабыл ала турган иштери бар ар маселелер боюнча, карантин, бажы, тарифтер боюнча, эми толуп атат да. Өзгөчө кырдаал маселелери боюнча. Алар кантип аткарылат, кимге баш ийет, бул биринчи.

Экинчиден, премьер-министр менен анын орун басарларынын орду жоголуп калат. Себеби ал түз президентке баш ийип атпайбы. Эгерде ушундай системаны алып келе турган болсо, анда президент аткаруу бийлигинин да башчысы болуш керек эле. Ошондой болгондо туура жолго кетмек. Бүгүнкү күндө эч бир жыйынтык чыкпайт, башаламандык көбөйөт дагы, Кыргызстан мамлекетинин келечеги абдан оор болуп калат.

-Жогорку Курултай, Президенттик кеңешмелер кандай түзүлүп, кандай функция алыш керек?

- Мен коомчулукка дагы бир нерсени эскертип кетейин, ошонун алдында эле Коомдук палата түзүлгөн болчу. Мына ошол Коомдук палатасы эмне ишти аткарып атат деп сураш керек да. Эмне ишти аткарды, эл менен кандай байланышта болду. Мына бүгүнкү болуп аткан бийлик тараптан мыйзам бузуулар боюнча бирөө жок деген үн чыгарып койдубу, мындай туура болбой атыптыр деп.

Ошондуктан Жогорку курултайдан да эч нерсе чыкпайт. Себеби анын артында чоң нерселер бар да, аларды ким шайлаш керек, алардын каржы маселелери кандай болуш керек, кайсы жерде отуруш керек, качан чогулуш керек, алардын чечимин ким аткарыш керек мыйзам чегинде.

Мына ушулардын баардыгы көмүскөдө калгандыктан, булардан эч нерсе чыкпайт. Ал эми кеңешмелер боюнча: бүгүнкү деле кеңешчилери бар да, ошолорду чогултуп туруп сурап койсо болбойт беле. Бул дагы өзү туура эмес. Уурулук жол менен бийликти алгандан кийин, элдин башын айландырып, дүжүрлөрдү чогулутуп отургузуп коюп, райондордон "бул, тигил айтып атат", "биздин курс туура экен" деген гана аракетин жасоо багыты деп эсептесек болот. Андан башка баа бере албайсың.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG