Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Аятолла Хаменейинин “Ормон опузасы”


Президент Махмуд Ахмадинежад Ирандын руханий көсөмү, Аятолла Али Хаманейинин колун өбүүдө. 2005-ж.
Президент Махмуд Ахмадинежад Ирандын руханий көсөмү, Аятолла Али Хаманейинин колун өбүүдө. 2005-ж.

Шаршемби күнү Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи 12-июнда болгон президенттик шайлоого сөз тийгизгендер “чоң кылмыш жасаарын” эскертти.

Аятолланын сөзү, көпчүлүк талдоочулардын пикиринче, добуштар президент Махмуд Ахмединежаддын пайдасына бурмаланды

Хаменейи жана анын тарапкерлеринин улутту бириктирүү аракети-алардын оппозиция лидерлерин өзүнө тартуу тилеги таш капканын билдирет.
Али Кештгар

дешкен оппозиция лидерлери, жайкы шайлоодо президенттикке ат салышкан талапкерлер: Мир Хусейн Мусавиге жана Мехди Карубиге багытталып айтылды. Эми Мусави менен Карубиге каршы кылмыш иши ачылышы мүмкүн.

Аятолла Хаменейи Ирандын белгилүү көркөм өнөр адамдары жана окумуштуулары менен кездешүүдө. Тегеран. 28-октябрь 2009-ж.
Аятолла Хаменейинин сөзү оппозиция лидерлери Мусави менен Карубини “тилиңерди тарткыла” деген эскертүүдөн башка да 4-ноябрда чоң көчө жүрүшүнө даярданып жаткан оппозицияны коркутууну көздөдү шекилдүү.

4-ноябрда Тегерандагы АКШнын элчилигин анти-америкачыл топтун басып алганына 30 жыл толот.

Франциялык журналист Хусейн Бастанинин оюнча, Хаменейинин университет студенттери жана окутуучулары менен болгон кездешүүдө айткан сөзүн Мусави менен Карубини соттоого ишара деп түшүнсө болот:

-Аятолла “кылмыш” деген сөздү өзүнүн өлкөдөгү мыйзамый жана бейрасмий бийлигине таянып айткандыктан, кээ бирөөлөр аны жазалоого чакырык деп түшүнүшү этимал.

Иран парламенттинин консвервативдүү мүчөсү Хамид Реза Аятолла Хаменейинин сөзүн Мусавини жоопко тартууга чакырган жүз депутаттын өткөн жумадагы кайрылуусун колдоо катары баалады жана Мусавини тезинен соттоого чакырды.
Ирандын ынкылапчыл гвардиячылар корпусунун командири, генерал Мухаммад Али Жафари өлкө жетекчилерин коргоо намаз окугандан ардактуу деп билет.


Бейшемби күнү өлкө прокурору Гулам Хусейн Мохсени Эжейинин билдиришинче, депутаттар өз катында Мусавини коомдук тартипти бузду, өлкө жетекчилигин каралаган сөздөрдү жайылтууда деп күнөөлөшкөн.

12-октябрда Карубиге каршы кылмыш иши козголгон. Ал шайлоодон кийинки нааразылык акцияларынын катышуучуларын коопсуздук күчтөрү зордуктады деген жалган маалымат таркатты деп айыпталууда.

Бийликтин айрым өкүлдөрү Мусави менен Карубини өлкөдө “баркыт ыңкылабын” уюштурууга аракет кылды деп да күнөөлөшкөн. Президент Ахмадинежад августта эле оппозиция лидерлерин жоопко тартууга чакырган эле.

Хусейн Бастанинин баамында, Иран жетекчилиги Мусави менен Каруби камакка алынса, эл кандай кабыл алат деп кооптонуп, али бир бүтүмгө келе албай жатат:

-Чечим кабыл алына элек дем ойлом. Хаменейинин сөзү “жакында чечим чыгарабыз” деген эскертүү болду.

Иран оппозициясынын лидерлери Мехди Каруби(солдо) жана Мир Хусейн Мусави(оңдо).
Парижде жашаган ирандык талдоочу Али Кештгардын айтышынча, Хаменейинин сөзү Иран жетекчилигинин 4-ноябрда оппозиция өткөрчү нааразылык акциялары жалпы элдик толкундоолорго айланып кетет деп коркконун күбөлөйт:

-Хаменейи жана анын тарапкерлеринин улутту бириктирүү аракети-алардын оппозиция лидерлерин өзүнө тартуу тилеги таш капканын билдирет. Ошого ачууланган Хаменейи элге эскертүү жасоо үчүн берегидей сөздү айтты.

Бийликтин тиреги болгон Ынкылапчыл гвардиянын командири Мухаммад Али Жафари да “Иран жетекчилери олуя адамдар, аларды коргоо ибадат кылгандан маанилүү” деп, оппозицияга тап көрсөттү. Жафари ошондой эле Иранга "душмандардын коркунучу жоголду" деген сөзгө эч ким иштебеси керек экенин да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG