Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Давос: Саркози капитализмди кайра курууга чакырды


Франция президенти Николя Саркози Давостогу форумдун ачылышында сүйлөөдө. 27-январь 2010
Франция президенти Николя Саркози Давостогу форумдун ачылышында сүйлөөдө. 27-январь 2010

Франциянын президенти Николя Саркози капитализмди терең өзгөрүүгө чакырып, банк секторунун “ашыкча чоң кирешесине мындан ары да чыдап болбойт” деди.

Президент Саркози мындай билдирүүнү 27-январда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышында жасады жана азыркы милдет - “экономиканын адамга кызмат кылуусуна жетишүү” экенин айтты. Саркозинин сөзү жыйында отурган ири банктар менен компаниялардын башчыларынын баарына эле жага бербеди.

Былтыр Давос форумунда "АКШнын жаңы администрациясы дүйнөнүн үмүтүн актай алабы?" деген теманы талкуулашкан. 29-январь 009
Глобалдык кризис - рынок “дөөпөрөздүгүнүн” кесепети

Давостогу форумдун ачылышында сүйлөгөн президент Саркози глобалдык финансылык кризис капиталисттик системанын негиздери “терең өзгөрүүгө муктаж” экенине көңүл бурду.

Француз лидери дүйнөлүк экономика менен финансыда “рыноктун айтканы айткан, дегени деген“ деген ишеним өкүмдүк кылып, "коркунучтуу жагдай" түзүлгөнүн айтты. “Эгер кырдаалга мамлекет кийлигишпесе, баары кыйрамак”, деп эскертти Саркози. Ал бирок капитализмге альтернатива болу система жок болгондуктан, анын коом алдындагы моралдык жоопкерчилигин калыбына келтирүүгө чакырды:

- Капитализмге альтернативалуу система жок. Базар экономикасына альтернативалуу система жок. Биз капитализмди жана базар экономикасын кайра куруп гана, мен айтаар элем: моралдык чен өлчөмдү калбына келтирип гана сактай алабыз.

Француз президенти Саркози, ошондой эле, банктарды реформалоо боюнча АКШ президенти Барак Обаманын сунушун колдоп, мындай деди:

– Мен президент Обаманын “Банктар мүлк же баалуу кагаздар менен чайкоочулук кылбаш керек” деген сөзүн жактайм. Айымдар жана мырзалар, бул кризиске айлып барган дартты айыктырбасак, кризистен чыкпайбыз.

Саркози “Банктардын милдети чайкоочулук эмес, кредитке байланыштуу коркунучтарды талдоо” экенин кошумчалай кетти.

Өткөн жумада Барак Обама ири банктардын өз активтерине жана аманат акчага баалуу кагаздарды сатып алуусуна тыйуу салуу, чоң банктарды майдалоо жана өкмөттүн экономиканы стималдаштырууга кеткен чыгымдарын кайтарып алуу максатында банктарга атайын салык киргизүүнү сунуш кылган.

Үлкөн банктардын башчылары Обаманын планына каршы

Франция менен Британия да банктардын тескөөнү күчөткөн. Же Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише Давосто айткандай, АКШнын банк саясаты Европага жакын жана алар реалдуу экономиканы карыжлоого тийиш деп санашат.

Бул иш чараларга ири банктарга жакпаганын Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форум ачык көрсөттү.
Миллиардер-филантроп Жорж Сорос


Британиянын Barclays банкынын башчысы Боб Даймонд президент Обаманын банктарды реформалоо планын сындап: “Килейген америкалык банктарды майдалоо - ушу таптагы экономикалык проблемаларды чечүүгө көмөктөшкөнү менен дүйнөлүк соодага жана дүйнөлүк экономикага өтө тескери таасир этиши этимал” деп эскертти.

Миллиардер-филантроп Жорж Сорос болсо ири банктарды кыскартууну “шашкандык” деп атады. Ал бирок президент Обаманын коммерциялык банктардын инвестициялык ишмердүүлүгүн чектөө демилгесин жактады.
Швейцариянын Давос курортундагы жыйынга дүйнөлүк саясаттын жана экономиканын лөктөрү, илим жана маданият ишмерелери болуп, 2500дей адам катышууда. 40чы жолу өтүп жаткан форум: “Дүйнөдөгү кырдаалды жакшыртуу: ойлонуп көрүү, өзгөртүү, кайра куруу” деген ураан астында жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG