Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

«Телефонгейттин» чоо-жайы: өкмөт унчукпай отуру


23-майда Убактылуу өкмөт башчынын 1-орунбасары Алмазбек Атамбаев телефон сүйлөшүүлөрүндө ачыкка чыгып кеткен 1 миллион жана 400 миң доллар боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы азырынча ал иштердин чын-бышыгы такталып жаткандыгын ырастап, кылмыш иштери ачыла электигин маалымдоодо.

Айтылбай турган сөз эле, айтылып...

Демейде маалымдоо каражаттарынын алдында жасалып жаткан иштер жайында кеп кылууну жакшы көрчү Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бул ирет А.Атамбаевдин билдирүүсү боюнча пикирин билдиришке кызыкканы деле көрүнбөйт. Чөнтөк телефонун көтөргөн Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаров иши көптүгүн айтып, пикирин билдиргиси келген жок.

- Эй мен занит, занитмин азыр.

А.Бекназаров экөөнүн ортосундагы Интернет аркылуу жайылып кеткен телефон сүйлөшүүсүндөгү 400 миң доллардын чоо-жайын А.Атамбаевдин өзү 23-майдагы маалымат жыйынында момундайча чечмелеген.

- Ачык жайын Азимбектен сурагыла. Азимбек айтып атпайбы. Мына Алмаз дейт, 400 миң долларды алып башканы койдуңар. Демек мен пара алдым да. Анда мени камаш керек да. Ошол эле Азимбектин Башкы прокуратурасы эмне келбейт мени камаганга?

А.Атамбаев Интернет аркылуу жарыя кылынган дагы бир телефон сүйлөшүүсү, А.Бекназаровдун Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев экөөнүн 1 миллион доллар жөнүндөгү кебине токтолуп, ага кандай баа берерин да кошумчалаган.

- Мен муну мамлекеттик кылмыш деп эсептейм. Мамлекеттин 1 миллионун жакшы делген ишке деле жумшап, документтерин жок кылып коюуну кандай түшүнсө болот? Бул кылмыш эмеспи? Экинчиден, А.Бекназаров А.Атамбаев 400 миң доллар пара алган деп ачык эле айыптап отургандан кийин же А.Атамбаев же А.Бекназаров түрмөдө отурушу керек.

Убада убайымы

7-апрелде набыт болгондордун кыркылыгы учурунда эл үчүн калыс, таза иштөө үчүн төшү түктүү жер, төбөсү бийик көктү ортого коюп кылкылдаган көпчүлүк алдында ант беришкен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда минтип арадан аз убакыт өтүп-өтпөй ичара тиреши күчөөдө. Улам көбөйүп бараткан телефон сүйлөшүүлөрүн алдыга жайып, өкмөт мүчөлөрүнүн биринин экинчиснен айып издеши, «Болочок долбоору» коомдук корунун жетекчиси Ишенбай Абдыразаковдун ырасташынча, күтүлгөн нерсе болчу.

- А.Атамбаевдин айтканы эл ичинде тарап жүргөн сөздүн эле бир бөлүгү. Эл айтып атат, Убактылуу өкмөттүн ар бири өзүнүн билген иштерин жасап жатат. Таза иштейбиз эл үчүн иштейбиз деп ант берип келишти эле, булар кайра эле келип ылайга малынып атышпайбы.

Экс-спикер Алмамбет Матубраимов мындай чакта, кечээки өнөктөштөр ортосундагы мунаса бузулуп баратканын көргөндөн кийин Убактылуу өкмөт башчысы чечкиндүү кадрдык жүрүштөрдү жасашы керек, деп эсептейт.

- Жетекчилердин бири-бири менен келишпестиктери эмгиче болуп атса, буга чейин жашырып келсе, ачыктан ачык акчаны талашканы, кызматка коюшканы, бөлүшкөнү. Ошондуктан мен ойлойм. Убактылуу өкмөт өзүн-өзү караш керек. Булар эмнеге келди? «Ата Бейитте» ушул жигиттердин канынын алдында ант беребиз дешкен. Кана ал ант?

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы телефон сүйлөшүүсүнө катышкандардын кимдир бирөөсү мыйзам чегинде кайрылса ага жараша кылмыш ишин ачуу же ачпоо маселеси чечиле тургандыгын Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев “24.kg” маалымат агенттигине берген маегинде ырастады.

Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Э.Каптагаев телефон сүйлөшүүлөрүндө кеп болгон 1 миллион доллар контрреволюциячыл күчтөргө каршы иштерди жүргүзгөн атайын операцияга сарпталганын билдирип, андан А.Атамбаев деле кабардар экенин айтып, атүгүл тийиштүү документте анын колу деле бардыгын маалымдады. Э.Каптагаевдин ырасташынча, Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү мотаждалган, анда 1 миллион доллар жөнүндө кеп деле болгон эмес.

Телефон аркылуу сүйлөгөн купуя сөздөрдү жарыя кылуу кийинки кездери бийлик атаандаштарынын олуттуу жүйөөсүнө айланып баратат. К.Бакиевдин уулу Максим менен иниси Жаныш Бакиевдердин үнү делген тасма өкмөттүк маалымдоо каражаттарынан көптөн бери түшө элек. Азимбек Бекназаровдун Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрү жарыя болордон аз илгери Убактылуу өкмөт мыйзам уруксатына таянып мурдагы президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун жаздырылган үнүн жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG