Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Т. Разаков: Түштүктөгү тополоңду кимдер уюштурганы белгилүү


Талант Разаков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 30-январы.
Талант Разаков "Азаттыктын" студиясында, 2010-жылдын 30-январы.

Өлкө түштүгүндөгү калабадан кийинки жагдай боюнча “Азаттыктын” таңкы түз обосундагы суроолорго этникалык чыр-чатактар, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Разаков жооп берди.

- Сиз жакында эле түштүктө байкоо жүргүзүп келиптирсиз, кырдаал кандай болуп калыптыр?

- Биз атайын топ болуп, акыркы бир айдын ичинде үч жолу Ош тарапка барып, эл менен жолугушуп келдик. Анын ичинде кыргыздар, өзбектер менен дагы жолугушууларды өткөрүп, кенен пикир алышып келдик. Ал эми азыркы эл аралык топтордун келиши жөнүндө, ЕККУ күчтөрүнүн кириши жөнүндө элдин пикирин биз изилдеп, атайын угуп келдик өзбектерден да, кыргыздарда дагы. Бул боюнча кандайдыр бир эки ача пикир жок элде, баары бир эле пикирде, бир эле позицияда турат, эч кандай башка тараптын жардамынын кереги жок, бул Кыргызстандын ички иши, биз өзүбүз чечип алышка кудуретибиз жетет деген пикирде.

- Адам укуктары боюнча эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму жакында эле Ошто коогалаңга катышытыгы бар деп шектелип кармалгандардын көпчүлүгү кыйноолорго кабылып жатканын айтып чыкты. Абал чын эле ушундай бекен?

- Бул дагы абдан элдин кыжырын келтирген нерсе болуп атат. Бул эл аралык укук коргоо уюмдардын Кыргызстанда өкүлдөрү бар. Булар абдан туура эмес ишти алып барып атышат, элдин пикирине кайчы келген ойлорду айтышып зордук-зомбулук жөнүндө. Укук коргоо органдары өз ишин кылып атат, бизге башка мамлекеттин укук коргоо органдары келип жасап бере албайт бул ишти. 50 киши келген күндө деле, биздин укук коргоо органдары жасайт негизги ишти. Алар үстүртөн көзөмөл кылабыз деген ойдо болуп атса керек. Мындай көзөмөл кылыш үчүн биздин укук коргоо органдарына таптакыр эле ишенбей, геноцид жүргүзүп аткандай ойлорду айтып аткан укук коргоо уюмдарын да биз угуп атабыз. Бул абдан туура эмес нерсе. Биздин укук коргоо органдары эл менен жолугуп сүйлөшкөндө, алар өз ишин жасап атканын айтып атышты.

- 22-июлда, каза болгондордун 40 күндүгү өткөндөн кийин дагы башаламандык болот экен деген ишим кептер чыгып атат. Мунун канчалык чындыгы бар?

- Мындай имиш кептер айтылып келген, айтыла берет дагы. Анткени өткөн кагылыш оңой иш болгон жок, муну даярдагандар бүгүнкү күнү белгилүү. Булар - сепаратисттик күчтөр. Ар бир мамлекеттерде бул күчтөргө каршы катуу күрөш жүргүзүлөт. Ошол АКШда Техаста, ошол эле Кытайда уйгур сепаратисттерине карата, Индияда да, дүйнө жүзү боюнча бул проблема бар. Бизде дагы ушундай күчтөрдүн пайда болуп калганын түштүктөгү окуялар көрсөттү.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG