Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

“Сампадагы” адам өлтүрүүлөр боюнча сот иши Ноокенде уланат


Бүгүн Сузак райондук сотунда 13-июнда Ош-Бишкек жолунан өткөндөргө кол салышкан, адам өлтүрүшкөн делип айыпталгандардын үстүнөн сот иши башталды. Сотко айрым адвокаттар, жабырлануучулар жана күбөлөр келишкен жок. Кийинки сот процесси Ноокен районунда 22-сентябрда уланмай болду. Ноокенде өтө турчу көчмө сотту ошол эле Сузак райондук соту улантмакчы. Бул тууралуу Сузактагы сот залынан “Азаттыктын” кабарчысы билдирет.

Айта кетсек, Ош-Бишкек жолундагы Топурак-бел ашуусунан түшө бериште жайгашкан “Сампа” аттуу пахта тазалоочу ишкана жанына 13-июнда беш жүздөн миңге чейин адамдар топтолуп, ары-бери каттагандарга ок чыгарып, түрдүү кесүүчү-сайуучу куралдар менен кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча ошол күнү 16 адам каза таап, эки адам дайынсыз жоголуп, 9 автоунаа өрттөлгөн.

Сотто бул иш боюнча 14 адам айыпкер катары өтүүдө. Жалпысынан “Сампанын” жанындагы кол салуулар боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 19 адам кармалган болчу. Сузак райондук сотунан “Азаттыкка” билдиришкендей, “Сампа” пахта тазалоочу ишкананын жанындагы кол салуулар боюнча айыпталгандардын бардыгы өзбек тектүүлөр. Ал эми аталган кол салууларда каза тапкандардын баары кыргыздар болгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG