Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Раимжан Курбанов: Эне тилдин баркын көтөрөлү!


Мектеп, жогорку окуу жайларында кыргыз тилине канчалык деңгээлде көңүл бурулуп келет?
Мектеп, жогорку окуу жайларында кыргыз тилине канчалык деңгээлде көңүл бурулуп келет?

Бүгүн Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курбанов “Азаттыктын” таңкы маегинде мамлекеттик тилге бийлик жана коомчулук тарабынан ойдогудай колдоо болбой жатканын белгилеп, ММКнын кыргыз тилге болгон мамилесин сынга алды.

- Бүгүнкү жаңы бийлик жана коомчулук мамлекеттик тилге кандай маани берүүдө?

Раимжан Курбанов: Бийлик тарабынан кандай жардам берип, колдоо көрсөтүп жатканын айта албайм. Себеби азыркы бийлик өткөөл мезгилде болуп, өздөрүнүн айласын таппай турган чак. Ал эми коомчулукка, анын ичинде массалык маалымат каражаттарына дооматтар өтө көп. Себеби 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү катары өткөн жылы президенттин жарлыгы менен бекитилсе да массалык маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылган жок. Ал түгүл жакында тил майрамы болот деп маалымат берилбеди. Мамлекеттик тил боюнча макалалар жазылган жок. Сыналгыдан буга байланыштуу берүүлөр уюштурулган жок.

- Демек анда ММКда мамлекеттик тил маселеси начар чагылдырылып жатабы?

Раимжан Курбанов: Өтө начар. Мен өткөндө маалымат жыйынын өткөрүп "биз албетте мусулманбыз. Аны танбайбыз. Бирок орозо башталат деп сыналгылардан берип жатасыңар. Ороз башталгандан кийин орозого отуз күн деп ЭлТР берип жатат. УТРК орозоңор кабыл болсун деп берип атат. “Манас жаңырыгы” жана башка телекомпаниялардан берилип жатат. Ал эми биз улутпуз да. Биз кыргызбыз. Биз орозону чагылдырганга каршы эмеспиз. Калыстык кылып мамлекеттик тилди да ошондой үгүттөбөйсүңөрбү",-дедим.

Анан эфирге динаятчылар, сакалчан молдолор чыгып “ундак-мындак” деп кыргыз тилин бурмалашпадыбы. Редакторлор эфирге чыгарардын алдында ошол инсан менен баарлашып, мамлекеттик тилди башка тилдерди кошпой таза сүйлөөгө милдеттендириши керек эле. Биздин тилчилер менен кеңешип, сөздү таза сүйлөө керектигин айтуусу зарыл.

Экинчиден, элди улутка бөлбөй, ынтымакты камсыз кылып, бириктире турган ушул массалык маалымат каражаттары. Ал эми биздин кыргыз тилдүү гезиттерде сөзгө маани бербей, өз билгениндей тилди бурмалап жазган жаман өнөкөткө айланып баратат. Мисалы, жакында Оштон бир жигит келип "мен ага-ини деген сөздү айтпайм. Себеби гезиттин баары ака-үка деп жазып атпайсыңарбы, түштүктө кан төгүлүп жатса. Бул эмне шылдыңбы?”,-дейт. “Яна питта тапышмак”, “Нема болды” жана башка ушул сыяктуу өзбек сөздөрүн биздин кыргыз гезиттер мода кылып алды.

Ошондуктан мен бардык журналисттерге кайрылат элем: Эне тилибиздин баркын көтөрөлү. Сиздер гезитке макала жазганда, сүйлөгөндө кыргыз тилинин гүлүн терип жазып, сүйлөсөңөр. Минте берсек кыргыз тилинин кооздугу кайда калат?

- “Кыргыз тил” коомуна азыркы бийлик тарабынан каржылык жардам берилеби?

Раимжан Курбанов: “Кыргыз тил” коому өкмөттүн токтому менен 1991-жылы уюшулган. Андан кийин биздин өтүнүч, сурообуз менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюшулбадыбы. 2008-жылга чейин “Кыргыз тил” коомун өкмөт анча-мынча каржылап келген. Бул коом өкмөттүн токтому менен уюшулганына карабай азыркы күндө бийлик тарабынан бир тыйын да каралбайт. Албетте каражат маселесин чечүү жагынан өзүбүз аракет кылып жатабыз. Чын-чынына келгенде “Кыргыз тил” коомуна колдоо жок. Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга өкмөт аздыр-көптүр каржы берип турат.

- Рахмат.
"Азаттыктын" архивинен: Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйындар

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкектин ар кайсы окуу жайларында иш чаралар уюштурулууда. Мындай жыйын 22-сентябрда Кыргыз-Орус Славян университетинин алдындагы архитектура колледжинде болду. Иш-чара “Кыргыз тилин барктайбыз, кыргыз тилинде бардыгыбыз сүлөйбүз” деген аталышта өттү.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйындар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00
XS
SM
MD
LG