Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Кудай жолунан “курут-май” жасагандар


Мекке, 15-ноябрь, 2010-жыл
Мекке, 15-ноябрь, 2010-жыл

Жогорку Кеңеште ажылыкты уюштуруудагы жемкордукту иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Отурумда кээ бир фактылар калкып чыгып, ага аралашкан деп шектелген бийликтеги аткаминерлердин аттары аталды.

Жогорку Кеңештин ажылык сапарды уюштуруудагы жемкордукту талкуулаган жыйналышка журналисттер киргизилген жок.

Өздүк булактардан алынган маалыматка караганда, отурумда Кыргызстан мусулмандар конгресси коомдук уюмунун жетекчиси Бакыт Нурдинов быйылкы ажылыкты уюштурууда Кыргызстанга бөлүнгөн орундардын чет элдик жарандарга сатылган учурлары туурасында маалымат берген.

“Республика” фракциясынан депутат Нурбек Алимбеков анын натыйжасында ажы сапарына даярданып, бирок бир катар кыргызстандык жарандар барбай калышкандыгын мисал келтирди:

- Кыргызстандын алты жүзгө жакын жараны ажылыкка барабыз деп, документтерин тапшырып, бирок жөнөтүлбөй калган.

Анын ичинен документтерин ырастаган кырк бир адам аба майданына келгенде ажылык топторундагы расмий тизмеге кирбей калганын билишкен.

Бул жерде беш миллион доллардын тегерегиндеги коррупциялык схема туурасында сөз болуп жатат. Мурдагы бийликтегилер да ажылыкты кудайдан корпой бизнеске айландырып алышса, азыркы бийликтегилердин арасынан да айрымдары ошол ишти улантып жатышкандай. Эми муну комиссия иликтеп, чекит койгондо гана тактап айта алабыз.

“Киттери” кутулуп, “чабактары” тутулган заман

Отурумда ажылыкты уюштуруудагы жемкордукка аралашкан деп шектелген ошол учурда бийликте отурган айрым жетекчилердин аттары аталгандыгы белгилүү болду.

Ажылыкты уюштуруу милдети быйыл мамлекеттик дин иштери боюнча агенттикке жүктөлгөн болчу.

Бул боюнча республикалык штабдын жумушчу тобу түзүлүп, анын башына техникалык өкмөттүн башчысы Амангелди Муралиев жана дин иштери боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Болот Абдрахманов турган.

Бирок ажылыкты уюштуруудагы мыйзамсыздыктардын негизинде козголгон кылмыш иши боюнча аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Канатбек Мирзахалилов жалгыз камакка алынган.


“Ата Мекен” фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов:

- Ошол жумушчу топтун 18-августтагы жыйналышында чакырылгандардын арасында Эмил Каптагаевдин уулу Кубанычбек Каптагаевдин катышкандыгы аныкталды.

Ал же жумушчу топтун мүчөсү болбосо, же агенттиктин кызматкери болбосо ал жерге кандай кызыкчылык менен барган деген суроо туулат. Мына ошондуктан депутаттарда бул иште Каптагаевдин тиешеси бар деген шектенүү пайда болду.

Ошондуктан токтомго депутаттык иликтөө жана тергөө иштери аягына чыкканга чейин Э. Каптагаев кызмат абалынан пайдаланып, адилетүү иликтөөгө аралашып жибербестиги үчүн ээлеген ордунан убактылуу бошотуп туруу сунушун киргизүү маселесин көтөрдүк. Бирок көпчүлүк депутаттар "бул мыйзамга каршы келет" деп, ал сунуш өтпөй калды.

Бул боюнча президенттик администрациянын жетекчиси Эмил Каптагаев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок Э. Каптагаев 11-январда "Азаттыкка" курган маегинде ажылыкты уюштуруудагы жемкордукка тиешеси жок экендигин белгилеген болчу.

Парламенттин илим, билим берүү, маданият, маалымат жана дин иштери боюнча комитетинин төрайымы Жылдыз Жолдошова ажылыкты уюштуруудагы абалды талкуулоо учурунда парламентте ушакка негизделген маалыматтар да көп айтылгандыгын белгиледи.

Бакыт Нурдинов
Жылдыз Жолдошова муну айрым диний уюмдардын кызыкчылыгын колдогон эл өкүлдөрү менен быйыл ажылыкты уюштурууну көзөмөлдөгөн айрым жетекчилердин ортосундагы келишпестиктен улам чыккан тирешүү катары баалады:

- Бул жерде кандайдыр бир оюн жүрүп кетти десем да жаңылышпайым. Мында кандайдыр бир жеке мамилелерге байланышкан тирешүүлөрдү байкадым. Бизде азыр ушундай болуп калбадыбы. Бирөө менен бирөөнүн мамилеси жок болсо эле жазышат, же болбосо кандайдыр бир ушакты таратып коюшат. Ушак тарап кетсе эле анын объектиси эмне дээрин билбей кала тургандай абал болуп жатат. Мына ошондуктан депутаттык комиссия түзүлдү. Ошондо бул маселенин акыйкаты көрүнөт деп ойлойм.

Мындан сырткары парламентте диний уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү караган долбоордун айланасында талаш-тартыштар болгондугу маалым болду. Көпчүлүк эл өкүлдөрү андагы ажылыкты уюштуруу милдетин муфтиятка жана диний уюмдарга өткөрүп берүүнү колдоп чыгышты.

XS
SM
MD
LG