Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Мысыр: Хосни Мубарак бийликтен кетпейм деп элдин кыжырын күчөттү


Каирдин борборундагы "Тахрир" ("Эркиндик") аянтында. 2011-жылдын 10-февралы.
Каирдин борборундагы "Тахрир" ("Эркиндик") аянтында. 2011-жылдын 10-февралы.

Бейшембиде кечинде Би-Би-Си, Си-Эн-Эн жана башка бир топ эл аралык маалымат каражаттары “Мубарак бүгүн бийликтен кетиши мүмкүн” деген башмакалаларын жарыялап, Египеттин борбору Каирдеги башкы аянтта кечке маал жүз миңдеген киши чогулуп, баары “Мубарак мына аздан кийин кетет” деп майрамдап жаткандай болду эле, бирок Хосни Мубарак өзү сыналгыдан жасаган элге кайрылуусунда конституцияны бекем карманып, сентябрда шайлоо өткөнгө дейре баарына баш-көз болорун кайталады.

Чын эле Хосни Мубарак өткөн (10-феврал) түнү элге сыналгы аркылуу кайрылып, кызматынан кетээрин айтат деген маалымат ушунчалык тез тарап, 17 күндөн бери Каир, Александрия жана башка шаарларда демонстрацияга чыгып аткан эл аябай куштарлангандай болду эле, чындык алар күткөндөй болбой калды.

32 жылдан бери Египетте (Мысырда) улам өзгөчө кырдаал мөөнөтүн узартып, көчө акцияларына, элдин эркин жыйын-митингдерине тыюу салып башкарып келаткан 82 жаштагы президент Хосни Мубарак дүйнө коомчулугунун демин суутуп, “эч убакта чет элдик кысымга баш ийбей турганын” баса белгиледи.

Анын алдында эле АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Леон Панетта Мубарактын кетээрине аз калды деп айткан.

Ал эле эмес, Каирдеги чоң саясатчылар, анын ичинде бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын лидери Хосан Бадрави да бейшембиде кечинде президент Мубарак кызматынан чегинип, ордун вице-президент Омар Сулейманга өткөрүп бериши мүмкүн деп алдын-ала жар салган.

Бирок Хосни Мубарак айрым бийлик укуктарын вице-президентке өткөрүп берээрин гана айтып, конституцинын алты беренесине өзгөртүү киргизүүнү убада кылып чектелди.

Вице-президент Омар Сулейман соңку күндөрү оппозиция менен өкмөттүн ортосундагы тирешүүнү жөнгө салуу ишин жетектеп, өткөн апталарда ондогон кишилер өлүмүнө алып келген кагылышууларды иликтеген комиссиянын ишин тескейт.

Омар Сулейман Египеттин вице-президенти болуп дайындалганына эки жума боло элек. Ага чейин 18 жылдан ашуун мезгил өлкөнүн башкы чалгындоо мекемесин жетектеген башкы чалгынчы.

Кесиби боюнча аскердик чалгынчы Омар Сулейман азыр 74 жашта.

Америкалык дипломаттардын жашыруун сүйлөшүүлөрүн элге жарыялап салган Викиликске таянсак, 2008-жылы АКШ менен кеңешме өткөргөн Израил жетекчилери Египеттин болочок президенти Омар Сулейман болушун каалаарын айтышкан.

Египеттин вице-президенти англисче эркин сүйлөйт, өз мекенинде ал батышчыл саясатчы саналат.

Диний көз карашы боюнча агностик, башкача айтканда ал кудайдын бар, же жок экенин далилдөө мүмкүн эмес деп эсептеген пикирге ыктайт.

Андыктан Сулейманды айрым египеттик оппозициячылар “мусулмандарды жектейт” деп да жаман көрүшөт.

Эмнеси болсо да, 25-январдан бери Египеттин борбору Каирде, дагы бир чоң шаар Александрияда Мубарактын кетишин талап кылып демонстрацияга чыгып аткан миңдеген адамдар бейшембиде кечинде сыналгы кайрылууну көргөндөн кийин ого бетер ачууланып, Каирдеги башкы аянт нааразыланган кыйкырык сүрөөнгө толду.

Чет элдик кабарчылар менен маектешкен айрым демонстранттар “жума күнү баары чечилет, аянтка азыркыдан көп киши чогулат, Мубарактын оюну бүттү!” - деп кыйкырып жатышты.

80 миллиондон ашуун калкы бар, арап дүйнөсүндөгү стратегиялык мааниси зор Египет жумуриятындагы окуяларга дүйнө коомчулугу тигиле көз кадап турган чак.

Интернеттеги Фэйсбук барагында байланыша калып, Египеттеги жүз миңдеген билимдүү, орто катмар өкүлдөрүн көчөгө сүрөп чыккан элдик башаламан кыймылдын башкы талаптары мурдагыдай эле – 32 жылдан бери бийликте турган Мубарактын диктатордук режимин кулатуу, көз бойомочулук, алдамчылык жолу менен шайланган парламентти таркатуу жана бир ууч ак сөөктөр катмарын эбегейсиз байытып, калктын 40%дайы бир күндө 2 долларга оокат кылып жаткан адилетсиздикти токтотуу.

Мындай талаптар ушу тапта жалгыз Египетте эмес, Тунис, Йемен, Алжир, Иордания жана Жакынкы Чыгыштагы башка да өлкөлөрдө өктөм угула баштаган кез.

Баарынан кызыгы, Египеттеги калкты көчөгө уюштуруп чыгарган бирдиктүү оппозиция, же элди артынан ээрчиткен көзгө басар көрүнүктүү лидер деле жок.

Каирдин борборундагы "Тахрир" ("Эркиндик") аянтында чатырлар тигип алып, күнү-түнү кетпей мамлекет тарыхындагы чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жана талап кылып жаткан элдин чыдамы түгөнүп бараткандай.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG