Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Лаубш: Кыргызстанга көп багыттуу саясат зарыл


Германиянын Бонн шаарындагы “Евразиялык өткөөл учурду иликтөө” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Михаил Лаубш мырза Кыргызстандын тышкы саясатына байланыштуу “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Бүгүнкү турмуш чындыгын көздө тутсак, Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясат жүргүзө алабы?

Михаил Лаубш: Бул албетте, абдан татаал маселе. Өлкө тышкы саясатты өзүнүн кызыкчылыктарына жана чөлкөмдүк кызыкчылыктарга жетишүү максатында жүргүзүшү керек. Мисал үчүн Казакстанды алсак, бул өлкө абдан натыйжалуу жана өз кызыкчылыгына жооп берген көп багыттуу тышкы саясатты жүргүзүп жатат.

Борбор Азиядагы эң демократиячыл Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүү маселеси боюнча Казакстандан үлгү алса болот деген ойдомун. Бирок азыркы маалда Кыргызстанда туруксуздук орун алууда. Өлкө келе жаткан президенттик шайлоого дагы камылга көрүшү керек. Кыргызстан мындан ары кандай өнүгөөрү азырынча белгисиз, бирок азыркы маалдагы жарайанды карасак, Орусия Кыргызстанга өз таасирин ого бетер күчөтүп жаткандай. Кыргызстан дал ушул мезгилде көп багыттуу гана тышкы саясат жүргүзүшү керек деген ойдомун. Орусия мамлекеттин артыкчылыктуу багыттагы өлкөсү болсо мейли, бирок расмий Бишкек Европа Биримдиги жана АКШ менен дагы жакшы мамилелерди ала жүрүшү керек. Бул чөлкөмдөгү жана өлкөдөгү коопсуздукту сактап туруу үчүн маанилүү.

“Азаттык”: АКШ өкмөтү Кыргызстандын Баткен аймагында террористерге каршы машыгуу борборун ачканга каржылык көмөк берүүгө макулдук берди. Орусия дагы Ошто жаңы антитеррористтик борбор ачууга даяр. Бул кыргыз бийлигинин туура чечимиби?

Михаил Лаубш: Менин оюмча, бул маселе бир жыл мурун деле көтөрүлгөн. Апрель айында болгон окуяларга чейин эле козголгон. Азыркы убакытта жана Кыргызстанда болуп жаткан өнүгүүлөргө карата эки өлкө тең чогуу иш алып барганга мүнкүнчүлүктөр бар.

Эки өлкө тең Кыргызстанга туруктуулукту алып келчү жагдайлар боюнча чогуу, кызматташып иштесе болот, бирок бул кызматташтык узак мөөнөттүү болушу мүмкүн эмес. Кремл “Манас” аба майданында жайгашкан Американын базасын жабууга кызыкдар жана ал жагынан Кыргызстанга мындан ары деле таасир көрсөтүүсүн улантышы күтүлөт.

Менин оюмча, азыркы мезгилде чөлкөмдөгү жана Кыргызстандагы туруктуулукту камсыз кылуу жаатында бул эки кубаттуу өлкө тең биргелешип иш алып бара алаарын түшүнүшсө жакшы болот эле.

Азыр Кыргызстандын түштүк аймактарында экстремистик тенденциялар да байкалат жана буга карата алар биргелешип иш алып баруусу зарыл. Бул - эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына төп келет, НАТОнун кызыкчылыктарына да төп келе.

“Азаттык”: Лаубш мырза, жаңы курулчу эки антитеррористик борбор тең Кыргызстандын түштүгүндө жайгашат экен. Эгерде кайрадан дүрбөлөңдүү окуялар орун алчу болсо, бул борборлор эмне кылат?

Михаил Лаубш: Бул абдан кыйын суроо жана менин оюмча, эгерде кайра туруксуздук орун алчу болсо, Америка Кошмо Штаттары бул маселеге анча деле жигердүү кирише бербейт.

Орусия тарабы деле Кыргызстандын ичинде болуп жаткан окуяларга анча тереңдеп кийлигишпесе керек. Мурункудай эле көрүнүш кайра кайталанат го дейм. Бирок мындай маселе кайра көтөрүлсө, эки тарап тең чогуу-чаран иш алып барып, Кыргызстан өкмөтүнө жардам көрсөтсө жакшы болот эле деген ойдомун.

Бирок бул борборлордун ачылышы бул эки өлкөнүн тең геосаясий кызыкчылыктарына ылайык келет.

“Азаттык”: Орусия Кыргызстанга ташылчу мунай заттарга кошумча төлөм маселесин кайрадан көтөрүүдө. Бул Баткенде курулат деген борбордун айынан деген жоромолдор бар. Ушул чынбы?

Михаил Лаубш: Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясатты алып бара алат, бирок бул башка мамлекеттердин тышкы саясатына караганда башкача болот. Мисал үчүн Түркмөнстан өзүнүн көп багыттуу тышкы саясатында Батыштын жана Орусиянын кызыкчылыктарын бири-бирине кагылыштырганга аракет жасайт, бирок акыр аягында Ашхабат баары бир Кремлге эле карап калат. Бул кадамдар Ашхабат тарабынан Орусияга көбүрөк таасир кылуу максатында жасалат. Ал эми мындай саясатты алып барууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү ченелүү.

XS
SM
MD
LG