Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Хижапчан жүргөнгө кандай карайсыз?


Кыргызстандын Жалал-Абат шаарындагы хижапчан кыздар. 2008-жылдын 15-майы. "Азаттык" үналгысы. MiT.
Кыргызстандын Жалал-Абат шаарындагы хижапчан кыздар. 2008-жылдын 15-майы. "Азаттык" үналгысы. MiT.

Деги кандай деп ойлойсуз, замандаш, хижап азыркы кыргыз коомуна негизсиз таңууланып жатабы? Же аны унутулуп бараткан мусулман салтынын кайтып келиши деп кароо абзелби? Сиздерди бул көйгөйлүү суроо боюнча пикир алышууга чакырабыз. Эгерде пикириңизди үналгы аркылуу да билдиргиңиз келсе, анда Бишкектеги (312)-31 61 65 телефон номурубузга чалыңыз, же болбосо ушул интернет барагыбызга кат жолдоңуз.


Кыргызстанда хижапчан жана паранжа жамынып жүргөн айымдардын саны артып баратканы айтылууда.

Айрымдары бул көрүнүштү адептүүлүк менен ыймандуулуктун жышааны дешсе, башка тарабы - ашкере исламдашуунун, Ала-Тоодогу айымдарыбыздын салттык эркиндигин чектөө далаалатынын санааркаткан белгиси катары сыпаттайт.

Кыргызстандын Конституциясы дин тутуу эркиндигин жарыялайт жана ошол эле кезде динди мамлекеттик бийликтен бөлүп карайт. "Азаттыктын" окурмандарынын арасында ар кыл диндерди туткандар гана эмес, совет таалимин алган атеисттер да арбын.

Сиздердин бардыгыңыздарды бул көйгөйлүү суроо боюнча пикир алышууга чакырабыз.

Баарлашуу жана шерине эрежелерине сыйбаган пикирлер жарыяланбай турганын алдын-ала эскертебиз.

Эгерде пикириңизди үналгы аркылуу да билдиргиңиз келсе, анда Бишкектеги (312)-31 61 65 телефон номурубузга чалыңыз, же болбосо ушул шеринебизге электрондук кат жолдоңуз.
XS
SM
MD
LG