Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Казакстанда экинчи жарылуу катталды


Казакстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин имаратынын алдында женил унаа жарылды.
Казакстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин имаратынын алдында женил унаа жарылды.

Өткөн түнү Казакстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин имаратынын алдында бир женил унаа жарылып, ичинде эки киши болгону аныкталды. Иликтөө учурунда эки кишинин сөөгү табылган. Бийлик бул окуяны теракт эмес деп билдирди.

Ушундай эле тыянакка Баш прокуратура Актобедеги жардыруу боюнча да келген. Өткөн аптада Актобе облустук коопсуздук комитетинин имаратынын алдында бир киши өзүн өзү жардырып жиберген, андан тышкары үч киши жабыркагандыгы кабарланган.

Казакстандын Коопсуздук комитетинин Астанадагы баш кеңсесинин тергөө абагынын жанында 23-майдан 24-майга караган түндө жарылган кызыл түстөгү, 1991-жылы чыккан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа жарылып, анын ичиндеги эки киши мерт болгон.

Мындай маалыматты Коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Кенжеболот Бекназаров тастыктап, бирок теракт деп атоого болбой тургандыгын белгиледи. Анын айтымында женил унаа адегенде күйүп, анан жарылып кеткен.

Окуя болгон жерден "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдаганына караганда, унаа жарылган жерге жакын жайгашкан имараттардын дубалдары кулап, терезелери талкаланып кеткен.

Байкоочулар окуя болжол менен танга жуук, саат төрткө жакын болду деп болжошууда. Көчөгө чыккан тургундардын айтымында, жай турмушка бул жардыруу бир топ эле бүлүк салгандай. Айрыкча мерт болгон адамдардын чачыраган сөөктөрү катуу таасир калтырыптыр:

- Бул жерде жаткан сөөктү көрүнүз. Башынын жарымы жок, денеси бар, колу-буту жок, куру калыптыр... абдан коркунучтуу ,- деди «Азаттыктын» окуя болгон жерге барган кабарчысына Ирина аттуу тургун.

Ички иштер министрлиги жарылууда мерт болгон эки киши унаанын ичинде болгон деп билдирди. Ички иштер министрлигинин өкүлү Каламкаш Темированын билдиргенине караганда, эки кишинин жанынан 1962-жылы туулган, кыргызстандык, Павлодар облусунун Экибастуз шаарында жашаган Кельплер Дмитрий Юрьевичке таандык айдоочунун күбөлүгү, мергенчинин билети жана 1985-жылы туулган, уурулук үчүн, алдамчылык үчүн эки ирет соттолгон Экибастызда жашаган Черемухин Иван Александровичке таандык паспорт табылган. Ошондой эле "Сони-Эриксон" үлгүсүндөгү бузук чөнтөк телефон да болгон.

Табылган документтер ушул адамдарга таандыкпы-жокпу, аны тергөө тастыктаарын белгилеген Ички иштер кызматы экөө өзгөчө элементтери жок колдо жасалган заттын жарылуусунан мерт болгон деген божомолун жарыялады жана иликтөөлөр террордук аракеттердин белгилери бар экендигин тастыктаган жок деп билдирди.

Жарылуудан бул үйдүн терезелери күбүлүп калган
Окуяга байланыштуу аталган мекеме Кылмыш кодексинин «от жана башка өтө кооптондурган булактарга кылдат эмес мамиле жасоо аркылуу чоочун мүлктү бүлдүрүү жана жок кылуу» деген 188-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергей баштады.

Жергиликтүү саясат таануучу Расул Жумаалы Актобедеги жардыруудан айырмаланып, бул жолку окуя чынында эле теракт болбошу ыктымал деп эсептеди:

- Актобеде террордук акт болгондугуна бардык себептер менен жагдайлар дал келип жатат. Бул жолку окуян Актобеге тикелей байланышы бар деп айтуудан мен карманып турам.

17-майда Улуттук Коопсуздук комитетинин Актобе облустук департаментинин алдында 25 жаштагы Рахимжан Махатов аттуу жаран өзүн жардырып жиберип, анда үч жай адам жабыркаган. Бул Казакстанда жанкечтинин алгачкы жардыруусу катары катталган.

Башкы прокуратура болсо бул окуяны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өзүн-өзү жардыруу деп баалаган.

Ушуну менен Казакстанда акыркы бир аптада эки жардыруу катталды. Жергиликтүү талдоочулар акыркы окуялардан Казакстан сабак алып, ар кандай террорчул жана экстремисттик аракеттердин алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгын айта башташты.

Талдоочулар мындай пикирлерин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде кошуна Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринде террордук аракеттер катталып келгенин да эске алышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG