Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Кыргызстанда улут аралык мамилелер курчудубу?


Коогалаңда жоголгон адамдардын сүрөттөрү
Коогалаңда жоголгон адамдардын сүрөттөрү

Кыргызстанда улут аралык мамилелер курчуп баратканын 26-майда “Эгалите” коомдук фонду билдирди. Аталган уюмдун эксперттери мындай жагдай Кыргызстандын түштүгүндө гана эмес, түндүгүндө да байкалып жатканына көңүл бурушту.

Ал эми өкмөттүк өкүлдөр этнос аралык чөйрөдө кабатырланууга негиз жоктугун белгилеп жатышат.

“Эгалите” коомдук фондунун иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда улуттар аралык чөйрөдө чыңалуу байкалып, калктын басымдуу бөлүгү социалдык депрессияга батып турат.

Аталган фонддун жетекчиси Татьяна Выговская мындай абал бир гана түштүккө эмес, түндүккө да мүнөздүү экенин айтууда:

Татьяна Выговская жана талдоочу Иван Каменко
- Биринчиден, түндүк аймак көп улуттуу болуп саналат. Экинчиден, улут аралык мамилелерге байланыштуу отчеттор көбөйүп, кесепеттери жөнүндө ойлонбостон ар кыл пикирлер айтылууда. Натыйжада түндүк балка менен дөөшүнүн ортосунда калып жатат. Анан карама-каршылыктын потенциалы албетте Бишкекте байкалууда. Себеби борбор калаа ар кыл демонстрациялардан чарчап бүттү.

Фонддун иликтөөлөрүнө ылайык, улут аралык мамиленин курчушуна акыркы мезгилде маалымат каражаттарында бул өтө дыкаттыкты талап кылган маселеге байланыштуу материалдардын көбөйүшү, июнь коогасы тууралуу ар башка отчеттордун айланасында талкуулардын күч алышы жана өлкөдөгү экономикалык абал себеп болууда. Маселен, жыл башынан апрелге чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында этностук маселелерге арналган материалдар саны төрт эсеге көбөйгөн экен.

Кээ бир мамлекеттерде чыңалууларды жаратпаш үчүн ушундай улуттар аралык маселелер ачык түрдө талкууланбайт...
Отузга жакын жергиликтүү маалымат каражаттарын талдоого алып, аймактарда байкоо жана сурамжылоо жүргүзгөн бул фонд алдыда ар кыл карама-каршылыктардын чыгышы ажеп эмес деп болжоп жатат.

“Эгалите” коомдук фондусунун талдоочусу Иван Каменко июнь окуяларын иликтеген комиссиялардын отчеттору сакайып бараткан жараны ырбатып жибергендей болду дейт:

- Бул терс маанайдагы тенденция. Бул нерсе улут аралык абалдын чыңалуусуна алып келип жатат. Отчеттордун парламентте талкууланышы маалымат мейкиндигиндеги жарылууга жана аймактардагы терс реакцияга себеп болуп жатат. Мындан улам биз бардыгын бул багытта карманууга чакырабыз.


Кооптонууга негиз барбы?


Анткен менен Президенттик аппараттын этностук жана диний саясат, жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Аблабек Асанканов улут аралык мамилелер курчуду деп тыянак жасоого дээрлик негиз жок деп эсептейт:

Аблабек Асанканов
- Менин пикиримде бул обьективдүүлүгүн, тереңдигин, тууралыгын карай турган маалыматтар. Түндүктөгү абал түштүккө караганда, же болбосо түндүктөгү абал түштүккө караганда мындай же тигиндей деп белгилеп, бир жылдан кийин тим эле жакшынакай жашап калдык, эл бири-бирин түшүндү деп айтпайм. Туура, кандайдыр бир деңгээлде бири-бирине болгон күмөн саноолор бар. Бирок ушундай чыңалып бара жатат жана ошондой эле социалдык этикалык, катаклизмдин алдында турабыз деген ойлордон алысмын.

Ал эми талдоочу Руслан Ташанов Кыргызстанда улут аралык мамилелерди жөнгө салуу зарылдыгын айтып, мындай маселелерди жабык талкуулоо керек деген пикирде:

- Кээ бир мамлекеттерде чыңалууларды жаратпаш үчүн ушундай улуттар аралык маселелер ачык түрдө талкууланбайт. Ачыкка чыгарбайт көп нерсени. Мындай учурда мамлекеттин тиешелүү органдары иликтөө жүргүзүп, тиешелүү стратегияны кабыл алышат.

Кыргызстанды 80ден ашуун улут өкүлдөрү байырдайт деп айтылат. Улут аралык кагылыш өткөн кылымдын 90-жылы Ошто кыргыздар менен өзбектер ортосунда чыккан.

2006-жылы Чүйдө дунгандар менен кыргыздар кагылышкан. Былтыр Ош менен Жалал-Абадда кайрадан өзбек-кыргыз кагылышы орун алган.

“Эгалите” коомдук фонду улуттар аралык чөйрөдө өтө аяр, бирок тынымсыз алдын алуу боюнча саясат жүргүзүү орундуу болот деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG