Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Акжарлыктар жарык, суу бер деп, жол бууду


Ак-Жар жаңы конушунун тургундары
Ак-Жар жаңы конушунун тургундары

Бишкектин четинде Ак-Жар аттуу конуштун тургундары Бишкек – Торугарт автожолун бууп салышты. Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл дубандарына жана Кытайга баруучу жолду тороо менен алар алты жылдан бери свет жана ичүүчү суу жок айылга президенттик шайлоо алдында бийликтин көңүлүн буруп жатышат.

Бул конушта алты жылдан бери суу да, электр жарыгы да жок. Чыдам түгөнгөндө ушул кадамга барып жатышканын акжарлыктардын бири Тайтокур Бөлөкбаев айтып берди:

- Тирүүлөй тозокту көргүң келсе Ак-Жарга кел. 1 800 түтүн жашайт. Алты жылдан бери свет да, суу да жок. Балдар мектепке барышпайт, бала бакча жөнүндө ойлонбой да калдык. Бизге мектеп менен башкасы болбосо да, свет менен суу болсо...

Дөңгөлөктөрдү өрттөп жолдун эки жагын торогон акжарлыктар өкмөт башчы же президенттин аларга келишин талап кылышты. Нааразылык акциясына алар балдарын жана неберелерин жетелей келишкен экен.

- Балдарыбыз үйлөнө албай калышты, кыздар акжарлыктар “жапайы” деп, балдар менен сүйлөшүшпөйт. Биз деле балдарыбыз, неберелерибиз караңгы болбосо экен дейбиз. Мультфильм, кино дегенди билбей калдык.

Окуя болгон жерге барган Аламүдүн районунун акими Анатолий Олейниченко бул жер мыйзамсыз басылып алынганын жана жашоого мүмкүн эмес экендигин айтты:

- Биз канчалык түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйлү жергиликтүү тургундар өз ойлорунан кайтпайт. Азыр облус жетекчилери, акимчиликтин өкүлдөрү өкмөткө кетишти. Эми бул жерди өкмөттүк комиссия эле жеринен текшерүү жүргүзүп чечпесе, башка арга калбай калды окшойт.
Бүгүнкү окуя Ак-Жар конушунун жашоочулары өткөрүп жаткан биринчи нааразылык акциясы эмес. Буга чейин да алар жолго чыгып, “свет жана суу киргизилет” деген убада алган соң тарашкан.

Бишкектин түндүк ыптасында жайгашкан бул жерге 2005-жылдагы элдик козголоңдон кийин өлкөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келгендер мыйзамсыз үйлөрдү куруп алышкан. Бийликтер ал конушту мыйзамдаштыруу убадасын бергени айтылууда.

Эки миңге чукул түтүндөн турган акжарлыктар эми жуп презизенттик жарыш алдында кайрадан чыгып отурушат.


Ак-Жардын тургундары жол бууду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

XS
SM
MD
LG