Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Марска 520 күндүк "илимий сапар" аяктады


"Марс-500" илимий миссиясынын мүчөлөрү эксперимент бүткөндөн кийин. Москва, 4-ноябрь, 2011
"Марс-500" илимий миссиясынын мүчөлөрү эксперимент бүткөндөн кийин. Москва, 4-ноябрь, 2011

4-ноябрда Марска болгон 520 күндүк "космостук саякат" аяктады. Бул эксперимент Москвадагы медико-биологиялык проблемалар институтундагы модулда өткөрүлдү.

15 миллион доллардык эксперименттин максаты адамзаттын эчендеген айлар космостук кемеге камалып, Кызыл планетага учуп жеткенге жарай аларын аныктоо эле.

Азыр 12 эл аралык космостук агенттик болочокку космостук саякаттардын картасын даярдоодо. Бирок адистер Марска учканга дагы ондогон жылдар керек дешет.

“Марс-500” деп аталган эксперимент 2010-жылы 3-июнда башталган эле. Үч орусиялык, италиялык, кытай жана француз марсонавттар Марска чейинки 55 миллион чакырым аралыкка 520 күндө "учуп" барып келишти. (Марс Жерден алыс болгон кезде Күн системасындагы эки планета ортосундагы аралык орточо 225 миллион чакырымга тете болот).

Модулдан биринчи болуп, экипаждын дарыгери, теги тажик кардиохирург Сухроб Камолов чыкты.

Марстын бетиндеги Ньютон кратеринин көрүнүшү. 5-август, 2011
Марстын бетиндеги Ньютон кратеринин көрүнүшү. 5-август, 2011
Италиялык марсонавт Диего Урбина кайсы бир күнү адамзат чындап эле Күн системасындагы төртүнчү чоң планетага жетет деген ишенимин эксперименттен кийинки кыска бирифингде айтты:

Баарыңыздар менен кайра кездешүү - чындап эле зор окуя. Укмуш. “Марс-500” миссиясы Жерге эң узак космостук сапардан кайтып келди. Адамзат бир күнү бул планетага жете алат”,-деди инженер Диего Урбина.

Москвадагы медико-биологиялык проблемалар институтундагы модулда 17 айга созулган сыноо учурунда марсонавттар түрдүү эксперименттерди өткөрүштү. Саякаттын бир жылдыгына кеменин оранжериясында өстүрүлгөн бамбуктун бүчүрлөрү кошуп жасалган пицца бышырып жешти.

Кеменин француз мүчөсү Ромэн Шарль "экипаж көп сүйлөбөгөнү менен алардын сүйүнүчкө толгон жүзү баарын айтып турбайбы" деди кабарчыларга.

“520 күндүк кыймылсыз саякаттан кийин биз бүгүн адамдар Марска жете алат деп ырастай аларыбызга сыймыктанабыз”,-деди 31 жаштагы инженер.

Журналисттер "Марс-500" миссиясынын мүчөлөрүнүн жасалма Марстын бетине чыгуусун экрандан көрүшүүдө. Москванын четиндеги Королев атындагы Орбиталдык миссияны контролдоо борбору, 14-февраль, 2011
Журналисттер "Марс-500" миссиясынын мүчөлөрүнүн жасалма Марстын бетине чыгуусун экрандан көрүшүүдө. Москванын четиндеги Королев атындагы Орбиталдык миссияны контролдоо борбору, 14-февраль, 2011
Баса, экспериментке даярдык эки жылдан узакка созулду.

Жерде болсо да Марска учуу үчүн 30 өлкөдөн 6 миңден көп ыктыярдуу арыз берди.

Шартка ылайык, 25-45 жаш курагындагы ден соолугу мыкты, англис жана орус тилдеринде эркин сүйлөй билген инженерлер менен дарыгерлер тандалды.

Модулдун ичиндеги жасалма учуу маалында марсонавттардын каны, заарасы тынбай текшерилип, алардын дааратканга баргандан башка жашоосу видеокамеранын көзөмөлү астында болду.

Космостук кеме беш модулдан же туюк металл корпустан турду.

Көлөмү 550 куб метрлик комплекстин марсонавттар жашаган бөлүгү "люкс" классындагы вагонго окшош болуп, ички бети эмен жыгачы менен капталган.

Себеби окумуштуулар айткандай, жыгач эч кандай зыяндуу заттарды бөлбөйт. Алар тамакты электромеш менен жабдылган ашканада даярдап жешти.
АКШнын Космостук агенттиги-НАСА учурган "Mars Exploration Rover" роботу Марс планетасынын бетинде. 25-январь 2004-жыл.
АКШнын Космостук агенттиги-НАСА учурган "Mars Exploration Rover" роботу Марс планетасынын бетинде. 25-январь 2004-жыл.

Марска жеткенге имитациялык учуу кезинде 250 күн коротулса, Жерге кайра келгенге 240 күн кетти. Кызыл планетанын бетине түшүп, аны изилдеп көргөнгө 30 күн сарпталды.

Алардын командири Алексей Ситев миссия бүткөнү тууралуу журналисттерге рапорт берип жатып, экипаж жаңы тапшырманы аткарууга даяр экенин баса айтты:

“Марс-500дүн” эл аралык экипажы 520 күндүк экспериментти аяктады. Программа толук аткарылды, баарыбыз ден соолуктабыз. Жаңы тапшырмаларды аткарууга даярбыз”.

39 жаштагы Ситев 17 айлык илимий сапарга аттанардан бир нече жума мурда үйлөнгөнү кабарланган. Ошон үчүн илимпоздор Ситевди көп улутту экипаждын психологиялык, эмоционалдык өзгөчөлүктөрүн эстен чыгарбоо зарурат экенин эскертишкен.

2000-жылкы алгачкы эксперимент жасалма кеменин эркек мүчөсү аял кесиптешин күчтөп өпмөкчү болгондон улам 420 күндөн соң токтотулган.Ушундан улам “Марс-500” миссиясы жалаң эркектерден куралган эле. Илимий эксперименттин катышуучуларына эмгеги үчүн, маалыматтарга караганда, 110 миң доллар төлөнөт.
XS
SM
MD
LG