Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Тараздагы жардыруу Кыргызстанды да санаага салды


Жардыруудан кийин. Тараз, 12-ноябрь, 2011-жыл.
Жардыруудан кийин. Тараз, 12-ноябрь, 2011-жыл.

Коңшу Казакстандын Тараз шаарындагы 7 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдан кийин Кыргызстанда да коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Мындан тышкары, Өзгөн шаарынан салмагы 700 килограммдан ашык болгон колго жасалган жардыргыч табылганы маалымдалды.

Чек ара бекемделди

Казакстандын Тараз шаарында болгон 12-ноябрдагы жардыруудан кийин Кыргызстанды чек ара кызматы катуу кайтарууга өтүп, чек ара бекеттеринде текшерүүлөр күчөтүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Нурлан Токталиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

Жардыруудан кийин. Тараз, 12-ноябрь.
Жардыруудан кийин. Тараз, 12-ноябрь.
- Кыргызстандын аймагына кылмышкерлердин кирип кетүү мүмкүнчүлүгүн эске алып, УКМК мамлекеттик чек арадагы аскердик кайтарууну жана көзөмөлдөп өткөрүү пункттарындагы тартипти күчөтүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле антитеррордук мүнөздөгү ыкчам издөө иш-чаралары күчөтүлдү. ИИМ, Коргоо министрлиги, чек ара аскерлери жана УКМКнын аймактык башкармалыктары тиешелүү иш-багыттарды алышкан.

УКМК кандай гана террордук чабуулдар болбосун анын мизин кайтарууга күч түзүмдөрүнүн даярдыктары жетиштүү экендигине ишендирүүдө.

Ал эми “Альфа-антитеррор” коомдук кыймылынын жетекчиси Артур Медетбеков Кыргызстанда террор коркунучу жогору экендигин белгилеп, Казакстандагы окуялар Кыргызстандын аймагындагы террористтик топторду шыктандырышы мүмкүн деп эсептейт.

- Казакстанда болуп өткөн террордук көрүнүштөр жалгыз эле Казакстанга эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттерине коркунуч туудурат. Казакстандагы окуялар булардын деңгээлин көтөрүп, шердентип коюшу мүмкүн. Андыктан мындай окуялар болбошу үчүн оперативдик иликтөө-иштерин жакшылап жүргүзүү керек.

12-ноябрь, ишемби күнү Талас облусу менен чектешкен Казакстандын Тараз шаарында жардыруу жана адам өмүрүн алган террордук чабуулдар болгон. Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматта, Максат Кариев аттуу Казакстандын жараны Таразда жети адамдын, анын ичинде тартип коргоо органдарынын беш кызматкеринин өмүрүн алган кылмыштарды жасаганы белгиленет.

Бул адам ислам халифатын куруу идеясын жактаган жихадизм агымынын мүчөсү болгондугу айтылууда. Айрым талдоочулар Казакстанда террорчул топтор менен Кыргызстандагы топтордун идеологиялык, ал тургай түздөн-түз байланыштары болушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө. Саясат таануучу Уран Ботобеков буларды билдирди:

- Булардын идеялык гана эмес, түздөн-түз эле байланыштары бар. Мисалы, алардын аткарган иштерин, койгон талаптарын, идеясын карап көрсөк, Кыргызстандагы "Хизб-ут Тахрир", азыр басаңдап калган "Жайшул-Махди", ошондой эле вахабий идеологиясын карманган башка да уюмдар менен философиясы, көз карашы түздөн-түз дал келет. Алардын аткара турган иштери жана максаттары бирдей.

Мындан тышкары УКМК 12-ноябрь күнү Өзгөн шаарынан сааттын жебесине эсептелип, колго жасалган оор салмактагы жардыргыч табылганын жарыя кылды. Атайын кызматтын маалымат катчысы Нурлан Токталиев мындай дейт:

- Ош облусунун Өзгөн шаарынын 1973-жылы туулган жашоочусу кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда колдонууга даяр болгон жарылуучу заттар табылган. Тагырак айтканда, экиден даана граната жана мылтык табылган. Ошондой эле жалпы салмагы 716 килограмм турган жардыргыч заттар табылган. Мындан тышкары курал-жарактар жана ок дарылар да болгон.

Үмөталиева: террорчу экенин далилдеш керек

Өткөн жылдын этегинде жана жыл башында Бишкектеги Спорт ордосунун жанында жардыруу, мындан тышкары укук коргоо органдарына кол салуулар болгон. Күч түзүмдөрү буларды террордук чабуулдар деп, аны “Жайшул-Махди” уюму уюштурганын айтышкан. Натыйжада бул уюмдун ондогон мүчөлөрү кармалып, айрымдары атайын операцияда жок кылынган болчу.

Спорт ордосунун жанындагы жардыруу
Спорт ордосунун жанындагы жардыруу
Анткен менен Улуттук коопсуздук кызматынын терроризм менен күрөшүү аракетин көз будамайлоо деп эсептегендер да бар.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева террорчул “Жайшуль-Махди” уюмунун мүчөлөрү деп айыпталган адамдар жазыксыз кармалып турат деп эсептейт. Үмөталиева алардын күнөөсүн далилдөө оор болгондуктан, сот иши да жылбай жатканына токтолду:

- Себеби далилдүү базасы жок, такыр эле жок десе да болот. Атайын жасалган видеону көрсөтүп койсо эле, террористтик уюм болуп калбайт да. Террористтик уюм болуш үчүн чоң бир жумуш жасалат. Мындай уюмдар бир күндө пайда боло турган нерсе эмес да.

УКМК тарабынан октябр айында да Ош шаарынан жана Кара-Суу районунан террордук чабуулдарды уюштурууга аракет кылган деп бир нече адам кармалган болчу.

XS
SM
MD
LG