Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Оштогу шайлоо: "Улуттар биримдиги" алдыга чыкты


Оштогу бир добушканадан, 4-март, 2012.
Оштогу бир добушканадан, 4-март, 2012.

Ош шаардык кеңешине шайлоого 75 пайыздан ашык шайлоочу катышып, жараян негизинен тынч өттү.

БШКнын автоматташтырылган системасындагы алгачкы жыйынтыктар боюнча "Улуттар биримдиги" партиясы 47,35% добушка ээ болду. Бул партиянын артында шаар мэри Мелис Мырзакматов тураары айтылып жүрөт.

Экинчи орунда 23,98% добуш менен Социал-демократтар, андан кийин 17,07% добушка “Республика” партиясы ээ болду.


Шайлоо айрым мыйзам бузуулар менен коштолду

Байкоочулар добуш берүүдө укук бузуулар катталып, бир эле шайлоочу 2-3 жолудан добуш берүүгө кирген фактылар болгонун айтса, шайлоо комиссиясы олуттуу мыйзам бузуулар жок экендигин билдирди.

Шаарда эртең мененки саат 8ден баштап эле шайлоочулардын активдүүлүгү байкалды. Добуш бергени келаткандардын бири Айгүл Бекназарова шайлоочулардын маанайы тууралуу айтып берди:

- Эл арасында кооптонуу абдан көп эле болду. Бирок добуш берүүгө келгенде эл негедир активдүү катышып жактаны байкалып отурат. Айрымдарында тим эле майрамдагыдай маанай бар. Азырынча шайлоо тынч эле өтүп жатат. Кудай буюрса, мындан ары да жакшы болот.

Деген менен түш ообой эле өздөрүн тизмеден таба албай калган шайлоочулардын тобу пайда болду. Алардын бири Мадина Жоробекова өз укугун аягына чейин талаша турганын билдирди:

- Тизмеде менин фамилиям башкача жазылып калыптыр. Атым, атамдын аты, даректерим баары туура келип атат. Ошого карабай мени шайлоого киргизбей коюшту. Мен азыр арыз жазып, муну аягына чейин чыгарам. Буга чейинки шайлоолордо кадимкидей катышып добуш берип келатып эле анан неге азыр минтип тизмеден чыкпай калат? Булар азыр менин бюллетенимди алат дагы шайлоо бүткөндөн кийин өздөрү каалаган партияга добуш берип коюшат.

Ошол эле кезде бир эле шайлоочу кайра-кайра кирген учурлар болуп жатканын №5313-шайлоо участкасында көз карандысыз байкоочу болуп турган Назым Бекиев ачыктады:

- КСДП партиясынын ишенимдүү өкүлдөрү студенттерди, жаштарды топтоп алып келип аткан фактылар бар. Атайын пароль да коюп алышыптыр. Кирет дагы комиссия мүчөсүнө паролду айтат, анысы башка бир эле адамдын ордуна бюллетень берип коёт. Айтсаң, тизмеде жок туруп эле кайра өзүң менен чурулдашат. Көбүнчө студенттер. Азыр эле 2-3 студентти айдап чыктым. Ага карабай эле кийимдерин алмаштырып алып кирип атышат.

Бир добуш 500 сомбу?

Шаардагы №5314-шайлоо участкасындагы башка бир байкоочу Өмүрбек Исмаилов да кээ бир партиялар тарабынан шайлоочуларды ташып келип, акча берүүлөр орун алгандыгын белгиледи:

- «Республика» партиясы тарабынан акча берүүлөр болуп жатканын мен өз көзүм менен көрдүм. Бир добуштун баасы 200 сом, 500 сом, кээ бирлери 1000 сомго чейин жетип кетип атат. Ал эмес төмөнкү маалелерден адамдарды кичи автобустарга салып келип түшүрүп атышат.

Бирок "Республика" партиясынын аталган добушканадагы өкүлдөрү мындай маалыматты четке кагып, анын негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди.

Канткен менен шаардык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Саадат Маматалиева процесстин жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталбагандыгын тастыктады:

- Добуш берүүгө 92 миң 807 шайлоочу келди. Бул тизмедеги шайлоочулардын 75,2%. Учурда добуштар участкалык шайлоо комиссияларында саналып жатат. Бизге жыйынтык протоколдор келе элек. Арыз-даттануулар, анын ичинде көз карандысыз байкоочулардан да түштү. Аларды карайбыз.

Калаада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 4000ден ашык милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барды. Аларга кошумча элдик кошуундун чоролору да кырдаалды жөнгө салууга салым кошту. Бирок адистер белгилегендей, ар бир шайлоо участкаларында спортчу сымал көрүнгөн чымыр денелүү топ балдар да тургандыгы байкалды.

Байкоочулардын “Таза шайлоо” ассоциациясынын билдиргенине караганда, Оштогу добуш берүү негизинен мыйзамга ылайык өттү. Бирок 9 шайлоо бекетинде бюллетень таштоо, 10 шайлоо бекетинде карусель ыкмасы, 5 шайлоо бекетинде байкоочуларга кысым жасоо, 10 шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү, 7 шайлоо бекетинде кайталап добуш берүү фактылары катталган.

Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо буга чейинкилерден айырмаланып партиялык тизме менен өттү. Жарышка 7 партия катышып, "Улуттар Биримдиги", КСДП жана “Республика” партиялары башкы атаандаш болгону айтылууда.


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG