Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Визаcыз каттам: туристтер каптайбы?


Кыргызстанда 44 өлкөнүн жарандарына визасыз жүрүүгө уруксат берген мыйзам күчүнө кирди.

Кыргыз өкмөтү бул кадамды туризм тармагын өнүктүрүү жана экономикага инвестиция тартуу максаты менен түшүндүрүүдө. Бирок күч органдары бул өлкө коопсуздугу үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн деп чочулап жатышат.

Жаӊы мыйзамга ылайык, дүйнөнүн чар тарабындагы 44 өлкөнүн жарандары 2020-жылдын соӊуна чейин Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат. Бул өлкөлөрдүн катарына киши башына ички дүң жыйым 7 миң доллардан ашкан АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү, Австралия, Жаӊы Зеландия, Сауд Арабстан, Сингапур, Катар сыяктуу өнүккөн мамлекеттер кирет.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн эл аралык деӊгээлде кадыр-баркын көтөрүп, экономикага пайда алып келет деп ишендирет:

-Бул мыйзам бизге керек болчу. Бул тарыхый мыйзам. Себеби биз муну менен өзүбүздүн виза саясатын аябай ачык, аябай либералдуу жасаганга шарт түзүп жатабыз. Ошону менен катар эле дүйнөлүк коомчулуккка Кыргызстанда экономикада да, саясатта да конкуренция болуш керек экенин айтып, ага шарт түзүп жатабыз. Башкача айтканда, мындай кадамдар менен ачык мамлекет куруп жатабыз.

Кыргыз өкмөтү экономикасы күчтүү чет өлкө үчүн визасыз тартип киргизүү демилгесин былтыр эле көтөрүп чыккан. Анда алгач мындай мамлекеттердин саны 57, мөөнөтү болсо 90 күн деп сунушталган. Бирок өкмөттөгү жана парламенттеги талкуулардан соӊ өлкөлөрдүн саны 44 болуп бекитилип, мөөнөт 60 күн деп аныкталган.

Өкмөттөгүлөр мындай өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстанга калың акчаларын таштап кетет деген жүйөөнү карманышкан.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматында, былтыр өлкөгө эс алуу үчүн 3 миллион чамалуу турист келип, 195 миллион сом пайда түшкөн. Алардын көпчүлүгүн орусиялык жана казакстандыктар түзгөн. Эми байманасы алда канча жогору өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза алынып салынган соӊ, ал жактан саякатчылардын саны, ага жараша пайда артат, дейт тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев:

- Ишкерлер чөйрөсүнөн алынган маалыматка караганда, бир турист күнүнө 100 доллар коротот экен. Эгер орто эсеп менен 10 күн жүрсө 1000 доллар. Анан ошол 44 мамлекеттен 150 миӊ турист келсе эле канча кошумча каражат түшөөрүн эсептесек болот.

Анткен менен жаңы эреже өлкө коопсуздугуна кедергисин тийгизет деп башынан тарта эле тартип коргоо органдары каршы чыгып келатат. Маселен, УКМКнын өкүлдөрү өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүк жарандарды каттоого алуу үчүн мүмкүнчүлүк жетишсиз деп эсептейт.

Аталган комитеттин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эркин Дигебаев:

- Бизде чет өлкөлүк жарандарды каттоого алуунун автоматташтырылган механизми иштелип чыккан эмес. Мындан улам чет өлкөлүк жарандарды көзөмөлгө алуу абдан эле кыйын болуп жатат жана кошумча маселе жаратат деп эч ким кепил боло албайт. Буга кошумча - биздин коӊшуларыбыз мындай маселелерден улам биз менен болгон визалык саясатын өзгөртүп жибериши да мүмкүн.

Бирок вице-премьер Жоомарт Оторбаев мыйзам кабыл алынаардан мурда чек ара бекеттеринде жаӊы каттоо системасы киргизилгенин эске салууда:

- Биз виза болбосо дагы чек ара пунктарына жаӊы каттоо системасын киргиздик. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандар визасыз кирсе да чек арада атайын каттоодон өтүп, текшерилип, электрондук системага топтолот. Мындай процессти баштадык жана ал мындан ары да улантылат.

Ошол эле маалда 44 өлкө үчүн визанын алынышы менен туристтердин саны көбөйөт деген өкмөттүн ишендирүүсүнө күмөндүү карагандар да бар. Бишкек ишкерлер клубунун төрагасы Улук Кыдырбаев маселен Кыргызстан тууралуу маалыматтык өнөктүк болмоюн аты аталган өлкөлөрдөн саякатчылардын жабыла келиши кыйын дейт:

- Биз визаны алып салдык, эми бизге турист келет деген туура эмес. Албетте визанын алынышы жакшы, бирок буга кошумча болуп, бир катар иштерди жасашыбыз керек. Биринчиден, маалыматтык кампанияны күчөтүү керек. Болбосо биздин чет өлкөлөрдөгү элчиликтер бул жаатта такыр эле иштешпейт. Экинчиден, бизге келген учактар абдан эле аз. Ошондуктан, азыр айтылып жаткан “Ачык асман” деген долбоорду кабыл алуу керек. Анан турист үчүн биринчи орунда коопсуздук. Ал коопсуздукту толук кандуу камсыздоо үчүн укук коргоо тармагындагы реформаны ишке ашыруу абзел.

Өкмөт 44 өлкөгө визасыз каттамдан канча пайда келээрин так эсептеп чыга элек. Ал ортодо мамлекет казынасына 60-70 миллиондой сом түшпөй калаары айтылып жатат.

Ал эми өкмөт визасыз эрежеге кирген тизме жакынкы жылдары дагы узара турганын билдирди. Ал эми визасыз каттам киргизилбеген өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук виза тутуму сунушталат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG