Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Фракциялар өкмөт башчыга чабуул баштады


“Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кымбат аргымакты пара катары алган деп айыптап чыкты. (Сүрөттө өкмөт башчы Таластагы иш сапары учурунда. 27-январь, 2012.)
“Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кымбат аргымакты пара катары алган деп айыптап чыкты. (Сүрөттө өкмөт башчы Таластагы иш сапары учурунда. 27-январь, 2012.)

13-августта “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракциялары өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин колдошту.

“Ата Мекен” фракциясы өз жыйынында өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду түрк фирмасынан кымбат аргымакты пара катары алган деп айыптап чыкты. Бирок “Республика” фракциясы өкмөттү кызматтан кетирүүгө негиз жок деп, муну кезектеги саясий оюн катары сыпаттап жатат.

Өкмөт башчынын аттары да өкмөт эсебинен багылабы?

“Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду жаңы коррупциялык иштерге катышы бар деп айыптап чыкты. Жыйында баяндама жасаган депутат Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуучу борбор жыл башында аэрпорттун техникалык абалын жакшыртууга 30 млн. доллар бөлгөн. Депутат ал сумманын 12 млн. долларына “Манас” аба майданына бийиктиги 36 метр аэронавигациялык мунара куруу боюнча өкмөттүн чечими кабыл алынып, аны тендерде уткан түркиялык “Серке” фирмасы ар бир чарчы метрин 15 миң доллардан куруп жатканын белгиледи. Бирок өз кезегинде аэропотто 25 метрлик мунара бар экенин айтып, Аэронавигация мамлекеттик кызматы жана парламент комитети курулушка каршы болушкан экен.
"Ата Мекен" фракциясы журналисттерге Чолпон-Атадагы мамлекеттик атканадан тартылган видео тасма көргөздү. Бул жерде Бабановго тиешелүү делген аттар да багылып жаткан экен. Фракция мүчөлөрү эмне үчүн бул жылкылар мамлекеттик атканада багылып жатат деген да суроо коюшту.


Жоомарт Сапарбаев кошумчалагандай, “Серке” фирмасынын ээси, түркиялык ишкер Хункар Адали аттуу адам. Хункар Адали ушул жылдын 20-апрелинде Стамбул-Бишкек каттамы аркылуу дүйнөлүк базарда баасы 5 жүз миң доллардан 1 млн. 300 миң долларга чейин турган Айлэндэрван аттуу асыл тукум жылкы алып келген.

Азыр бул аргымак Өмүрбек Бабановго таандык экени, ал гана эмес “Жазгы дерби” деп аталган Бишкекте өткөн ат жарышта мөөрөй алганы айтылды. Фракция ал аргымакты Бабанов пара катары алган деп түкшүмөлдөп, УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызматтан жана башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону талап кылууда.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

-“Ата Мекен” фракциясы бул фактылар Бабанов пара алды деп шектенүүгө негиз боло алат деп эсептеп, төмөндөгүдөй чечим кылат: башкы прокуратурада жана мамлекеттик коопсуздук комитетинде ушул айтылган иштер боюнча кылмыш иши козголсун. Экичиден, ушул ишке тиешеси бар делген адамдар: Бабановдун, түрк компаниясынын, “Манасменеджмент” ишканасынын жана “Манас” аэпортунун кызматкерлеринин сыртка чыгып кетүүсүнө тыюу салынышы керек. Ошон үчүн бул жерге чек ара кызматынын жетекчилерин да чакырдык.

Парламентте «Ата Мекен» фракциясы журналисттерге видео тасма көргөздү. Анда Чолпон-Атадагы мамлекеттик атканада Айлэндэрван аргымагынан тышкары, Бабановдун дагы бир Англия тукумундагы Женлен ысымдуу жылкысы да багылып жаткан экен. Женленди бир жыл мурда өкмөт башчы өзү барып, сатып алып келгенин видеотасмада сүйлөп жаткан саяпкер айтууда. Ал эки ат тең асыл тукум жылкылар жана жарышта мөөрөй алыптыр.


"Ата Мекен" фракциясы сунуштаган видеотасмадан үзүндү

Бабановдун аргымактары
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

"Атамекенчилер" жыйында эмне үчүн бул жылкылар мамлекеттик атканада багылып жатат деген да суроо коюшту.

Өкмөт: дооматтар суу кечпейт

Ал эми өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров аэронавигациялык мунара америкалык гранттын негизинде курулуп жатканын, тендер боюнча сынакты Америка тарап өздөрү өткөрүп, жеңүүчүнү да өздөрү аныктаганын айтып, суроону кайра “атамекенчилерге” бурду.

- Экинчиден, аэронавигациялык мунараны куруу мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнүшү керек. Бул жерде - ал Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан болот, анын башчысы болсо, “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү. Өкмөттө аэронавигациялык мунараны куруу боюнча чечим кабыл алынган. Ал чечимди да “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев чыгарган. Эгер “Ата Мекен” фракциясынын аэронавигация боюнча сын пикир, суроолору болсо, аны өз өкүлдөрү Жоомарт Оторбаевге же Транспорт жана байланыш министрине жолдош керек.

Ал эми өкмөт башчы сатып алды деген аргымак боюнча Султан Каназаров буларды кошумчалады:

- Чындыгында эле өкмөт башчы аргымак сатып алган. Бул жеке маселе. Эгер Өмүрбек Текебаевдин ал аргымак боюнча сын пикири болсо, анда аны Өмүрбек Бабановдон 20 миң долларга сатып алса болот. Эгер ал аргымак 1,5 млн. же 1 млн. доллар турса, 20 миң долларга сатып алып, башка кишилерге 1 млн. долларга сатып жиберсин.

Өкмөт кетет, кетпейт...

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөргөн “атамекенчилер” бул фактылардан кийин Бабанов кызматында турууга тактыксыз деп санашууда. Ушул эле күнү “Ар-намыс” фракциясы да өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карап, ал чечимди бир добуштан колдошту.

Фракция буга экономикадагы кескин төмөндөө, социалдык абалдын начарлашы, өкмөт башчынын чет өлкөгө ийгиликсиз сапарлары жана азык-түлүк кымбатчылыгы негиз болгонун жүйөө кармашууда. Алар өкмөт башчы ойлонулбаган, популисттик кадамдар менен алектенип алганын белгилешүүдө.

Бирок өкмөт башчынын "Республика" фракциясы андай дооматтар менен макул эмес. Аталган фракциянын төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев быйыл Кумтөрдөгү начар көрсөткүчтөрдү эске албаганда, экономикада жылыштар бар деп эсептейт.

Азыр Жогорку Кеңеш эс алууда болгондуктан, курама өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси сентябрь айында каралары айтылууда. Бирок ага чейин айрым фракциялар өкмөттү кетирүүгө бекем кыртыш даярдап жаткандай. Азыркы курама өкмөттү “Ар-намыс”, “Ата Мекен” , “Республика” жана Социал-демократтар фракциялары биргелешип түзгөн.

P.S. Бул маселени ушул эле күнү кечинде Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши да караарын партиянын парлементтеги фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков бүгүн эртең менен кабарлаган.

XS
SM
MD
LG