Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргызстан-Орусия: кайрадан чогулуш


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шуваловду кабыл алды. Чолпон-Ата,14-август, 2012.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шуваловду кабыл алды. Чолпон-Ата,14-август, 2012.

14-августта Чолпон-Атада кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрү кызматташтыктын күңгөй-тескейин талкуулашты.

Жыйындын күн тартибинде каржылык, энергетикалык, аскерий-техникалык кызматташтыктагы талылуу маселелер болду.

Ири долбоорлор ишке ашабы?

Кечээ Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шувалов баштаган делегация Москвадан түз эле Тамчы аэропортуна барып конду. Делегацияны адегенде Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн тараткан кабарына караганда, жолугушуу маалында Игорь Шувалов Кыргызстанга президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен келгенин, Путин делегацияга “мамилелердин жаңы барактарын ача турган биргелешкен келишим, же бир нече келишим түзүүгө негиз болуучу макулдашылган чечим менен Москвага кайтууну милдеттендиргенин” билдирген. Кыргыз президенти өз кезегинде буга чейин жетишилген макулдашуулардын ишке аша баштаарына ишеним арткан.

Апрелден кийин келген кыргыз бийлиги менен Орусия ортосунда экономикалык, каржылык, аскерий-техникалык кызматташтык жаатындагы бир катар маселелер боюнча орток пикир табылбай келатат. Алар - Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын каскадынын курулушуна, Кыргызстандын Орусияга карызына жана Орусиянын Кыргызстан аймагындагы аскерий объектилерине байланыштуу сунушталып жаткан келишимдин жаңы долбоорунун айланасындагы маселелер.

Булар экономикалык эле эмес, саясий, геосаясий кызыкчылыктарга байланган татаал маселелерден экендигин талдоочулар айтып бүтпөй жүрүшөт.

Кызматташтыктын жаңы барагын ачуунун башатында гидроэнергетикалык курулуштар тургандыгы белгилүү. Эки өлкөнүн президенттеринин Санкт-Петербургдагы жолугушуусунан кийин “муз ордунан жыла баштаганы” айтылган. Башкача айтканда жаңы бийликтен курулуш объектинин 75 пайыз акциясын талап кылган Орусия жумшарып, теңме-тең ээлик кылууга макулдук бергени, бирок объект өзүн өзү актаганга чейин аны Орусия көзөмөлдөп турары айтыла баштаган.

Июлда эки өкмөт башчылары Өмүрбек Бабанов менен Дмитрий Медведевдин Москва жолугушуусунда Кыргызстандын Орусияга 470 миллион доллар карызы тууралуу кеп козголуп, бул көрүнүш долбоорду ишке ашырууну тизгиндөөнүн белгиси катары сыпатталган.

Геосаясий кызыкчылыктын үстөмдүгүбү?

Убакыт создугуп, ар кандай жоромолдор үстөмдүк кылып жатса да тараптар кандайдыр бир тыянактар тууралуу маалымат таратышкан жери жок. Ар кандай себептерге байланган мындай жайбаракаттыктан улам жергиликтүү адистер Орусиянын экономикалык кызыкчылыгынан күмөнсүнүп турушат.

Энергетика жаатындагы адистердин бири Карыпбек Алымкулов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Алар чыны менен куруп береби же убакыт созуш үчүн жасалып жаткан ишпи? Бул да белгисиз болуп атат. Эгер алар чыны менен билек түрүп, курулушка даяр болуп, акчасын сала турган болсо, анда жанагы 50х50 дегенге макул болуу керек.

Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында, Орусиянын Кыргызстанда экономикалык эмес, геосаясий кызыкчылыгы артыкчылык кылат. Анткени Борбор Азиядагы, анын ичинде Өзбекстандагы таасирин арттыруу максатында Кыргызстанды Орусия пайдаланып жатат дейт:

- Бир жагынан мунайлуу Каспий, Түркмөнстан, Өзбекстан турса, бул жагында Казакстан менен эле ресурсу жок, кенедей Кыргызстан менен Тажикстан турат. Ошон үчүн орустар Өзбекстанды кармайбыз деп аябай аракет кылып атышат. Тажиктер менен кыргыздар ага инструмент болуп атпайбызбы.

Ага жараша талдоочу Сариев Игорь Шувалов баштаган орусиялык делегациянын Чолпон-Ата сапарынан тыянак чыгарына анча ишенбейт:

- Азыр дагы эле Өзбекстанды карап атышат. Ушул визитке Ташкендин көз карашы кандай болор экен деп. Чоң жылыш болот деп ойлобойм. Себеби алар шылтоо табат. Силерде дестабилизация болуп атпайбы, коё туралы, тынчысын деген шылтоо бар да.

Ошентсе да ири долбоордун ишке ашышына кызыкдар болуп турган расмий Кыргызстан бул жолку жолугушуулар биргелешкен келишимдин долбоорун бышырат деп үмүт артып турат. Ишенимдүү булактын маалыматына караганда, 14-августта тараптар ортодогу маселелерди багыт-багыт боюнча топ-топко бөлүнүп талкуулашты. Жыйынтыгы боюнча 15-августта биргелешкен декларация таратылышы ыктымал.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын келечегин аныктайбыз деп Чолпон-Атада чогулгандардын катарында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары Игорь Шувалов менен Аалы Карашев, эки өлкөнүн энергетика министрлери Александр Новак менен Аскарбек Шадиев, Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Орусиянын коргоо министринин орун басары Андрей Денисов, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Андрей Бельянинов, эки өлкөнүн экономикалык өнүктүрүү, каржы, өнөр жай, тышкы иштер тармактарынын жетекчилери бар экени айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG