Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Башар Асадга ислам дүйнөсү да сокку урду


Сирия -- Азаз шаарындагы бул киши аба чабуулунан кийин кыжыры кайнап, жинденүүдө. 15-август, 2012.
Сирия -- Азаз шаарындагы бул киши аба чабуулунан кийин кыжыры кайнап, жинденүүдө. 15-август, 2012.

Курамына 57 мамлекет кирген Ислам кызматташтык уюму Сирияны катарынан чыгарып салды.

Мусулмандардын ыйык шаары саналган Мекеге чукул саммитке чогулган ислам өлкөлөрү Сириядагы кырдаалга терең тынчсыздануу билдирип, кан төгүүгө себепкер болууда деп президент Башар Асадды катуу сынга алды. Эки күнгө созулган жыйын соңунда уюм өз катарынан Сирияны чыгаруу чечимин кабыл алып, бийликтерди өз элине болгон кыргынды тез арада токтотууга үндөдү.

Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Экмеледдин Ихсаноглу саммиттен кийинки маалымат жыйынында мындай деди:

- Ислам дүйнөсү өз элин өлтүрүп жаткан системаны өзүнүн катарына кошо албайт. Бул биздин Сирия режимине, эл аралык коомчулукка болгон катуу чакырыгыбыз. Ислам өлкөлөрү кырдаалды тынч жол менен чечүү боюнча саясий билдирүүлөрдү колдоого алат жана мындан ары кан төгүлүшүн каалабайт.

Мекеде өткөн бул саммиттин Сирия режимин айыптаган чечимине Дамасктын негизги өнөктөшү болуп жаткан Иран каршылык билдирди. Эл аралык коомчулук жаңжалды токтотуунун түрдүүчө чараларын сунуштап жаткан чакта, Сирияда кагылыш уланууда.

Экинчи чоң шаар саналган Алепподо оппозиция менен өкмөттүк күчтөрдүн аткылашуусу дээрлик үч жумадан бери токтобой жатат. Кечээ өкмөттүк күчтөр Алепподон алыс эмес жайгашкан Азаз шаарына аскердик учактар менен чабуул жасап, 20 киши набыт болду. Андан бир аз мурдараак БУУнун байкоочулары жашап жаткан мейманкананын жанында да жардыруу болгон эле.

Женевада өткөн жыйында БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан дайындалган көз карандысыз эксперттер сириялык аскерлер ушул жылдын май айында Хоула деп аталган чакан айылда жүздөн ашуун жай тургунду өлтүргөнүн, алардын жарымынан көбү балдар болгонун айтып чыкты. Эксперттер сириялык режимдин карапайым жарандарга кол салган бул жоругу адам укуктары боюнча эл аралык жобону одоно бузаарын белгилешти.

Анткен менен кагылыштын кесепеттери боюнча талаш маселеде Орусия ар дайым Сирия режиминин таламын талашып келет. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кризисти калыбына келтирүү боюнча тынчтык планын аткарбай койду деп батышты күнөөлөдү:

- Бардык сырткы оюнчулар оппозицияны сүрөөнгө алыштын ордуна, эки тарапты тең кагылышты токтотууга үндөш керек. Алты пункттан турган планды жана Женева келишимин аткарууга Сирия өкмөтү даярбыз деди. Бирок оппозиция көнбөй жатат.

Кечээ Сирия парламентинин жооптуу катчысы Халед Абуд болсо Дамаск-Москва видеокөпүрөсү учурунда сириялык оппозицияны курал менен камсыздап жатат деп Батыш Европа менен Израилди айыптаган болчу.

Сирияны мүчөлүктөн чыгарган Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Экмеледдин Ихсаноглу сырттан кийлигишүү күч алды деген пикирге кошулбай турганын айтты:

- Мен Сирияга аскерий жактан ар тараптуу колдоо болуп жатканын байкаган жокмун.

Ислам өлкөлөрүнүн Меке шаарына чогулуп, Сирия режимине чакырык салганын АКШ колдоого алып, 50дөн ашуун мусулман өлкөсүнүн бул билдирүүсү президент Башар Асадга “катуу сигнал” болоорун айтты.

Сириядагы жаңжалдын капшабы Ливанга да тийди. Сириялык козголоңчулар бир топ күн мурда барымтага алган ливандыктарды бошотуу үчүн эми Ливандын шиит уруулары 20 чакты сириялыкты жана 1 түркиялык жаранды барымтага алды. Учурда Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар өлкөлөрү жарандарын Ливанга баруудан баш тартууга чакырышууда.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Сирияда 17 ай мурун башталган оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышында набыт болгондордун саны 19 миңден ашты, ал эми өлкөнү таштап Иордания, Түркия жана Ливанга качкан жайкын тургундардын саны 276 миңге жетти.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG