Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Обаманы Британия колдоду, Кытай сындады


Сирия -- БУУнун унаасы байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүн Дамасктан алып чыгып кетүүдө. 23-август, 2012.
Сирия -- БУУнун унаасы байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүн Дамасктан алып чыгып кетүүдө. 23-август, 2012.

Сириядагы жаңжалды токтотуу боюнча дүйнө лидерлери бир пикирге келе албай жатышат.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон АКШ лидери Барак Обаманын эки күн мурунку билдирүүсүн колдоп, Сирия бийлиги химиялык куралдарды колдончу болсо анда Британия да кырдаалга кийлигише турганын эскертти. АКШ жана Британия лидерлери мындан сырткары сириялык качкындарга жардам берүү жолдорун талкуулап жаткан чакта, Франциянын президенти Франсуа Олланд бул маселелерди Бириккен Улуттар уюмунун деңгээлинде көтөрүп чыгаарын билдирди.

Кэмерондун кеңсеси тараткан маалыматка ылайык, АКШ, Франция жана Британия лидерлери азыркы кырдаалда сириялык оппозицияга колдоо көрсөтүү маселесин талкуулашты. “Кандуу калабаны жайгарууда Катар, Түркия жана Сауд Аравия менен тыгыз кызматташуубуз зарыл”,-деди Кэмерон.

Бирок Барак Обаманын химиялык курал боюнча президент Башар Асадга жасаган эскертүүсүн Кытай катуу сынга алып, аскерий кийлигишүүгө шылтоо издеп жатат деп айыптады. Бул билдирүү коркунучтуу жана жоопкерчиликсиз деп жазды Кытайдын Синьхуа агенттиги. Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министрлиги да батыш өлкөлөрүн сириялык оппозицияны Асадга каршы курал көтөрүүгө козутуп жатат деп күнөөлөгөн болчу.

Ар арада БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун саясий иштер боюнча орун басары Жефри Фельтман Иран Сирия режимине курал жеткирип, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатканын айтып чыкты:

- Сириядагы кырдаалды айта турган болсом, кагылыш дале уланууда. Өкмөт дагы, оппозиция дагы курал чогултуп жатышат. Кээ бир райондордо өкмөттүк күчтөр согуштук оор техникаларды колдонууда. Бул узакка созулган кандуу кагылышта Сириянын эли гана жабыркап жатат. Эки тарапка тең курал жеткирилип жатканын, бул резолюцияга каршы келээрин айтып, БУУнун башкатчысы бир нече ирет тынчсыздануу билдирген.

Дүйнөлүк державалар 17 ай мурун башталган бул жаңжалды токтотууда бир пикирге келе албай өз ара кайым айтышып жаткан чакта, Сирияда кырдаал күн санап курчуп баратат.

Өткөн жумада БУУнун гуманитардык операциялар боюнча башчысы Валери Амос Сирияга жана Ливанга сапар менен барган. Ал аймакта гуманитардык абал кескин начарлап, жардамга муктаждардын саны күн сайын өсүп жатканына күбө болгонун айтты:

- Сирия жана Ливандагы кырдаалды өз көзүм менен көрүп, гуманитардык жардам жеткирүүнүн жолдорун талкуулап келдим. Азыр сириялыктар, аялдар жана балдар чоң кризистин запкысын тартып жатышат. Мен март айында барган элем, андан бери абал кескин начарлап кетиптир. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 1 млн. 200 миң адам коомдук имараттарда, туугандарыныкында же досторунун үйүндө баш калкалап жүрүшөт.

Бириккен Улуттар уюму учурда эки жарым миллион сириялык жардамга муктаж болуп турганын айтып чыкты. Бир жарым жыл мурун башталган жаңжалдан бери өлкөнү таштап качкандардын саны 170 миң миңден ашты, 18 миңден ашуун адам кагылышта набыт болду.

Учурда экинчи чоң шаар саналган Алепподо, Сириянын чет жакасындагы кичи шаарларда жана борбор калаа Дамаскта аткылашуу жүрүүдө. Аналитиктер Сириядагы оппозиция-бийлик тиреши дагы узак убакытка созулчудай дешет.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG