Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Жалал-Абадда ачкачылык акциясы уланууда


Жалал-Абаддын борбордук аянтына тигилген боз үйлөр, 9-октябрь, 2012.
Жалал-Абаддын борбордук аянтына тигилген боз үйлөр, 9-октябрь, 2012.

Шаардын борбордук аянтына тигилген боз үйдө ачкачылык жарыялаган аялдардын саны 30га чукулдады.

Кечээ он чакты аял бул жерде камалган депутаттарды бошотуу талабы менен ачкачылык акциясын баштаган.

Ачкачылык жарыялагандар ооруй баштады

Облбийлик алдындагы боз үйдө ачкачылык жарыялагандардын саны 9-октябрда 29га жетти. Алардын арасындагы он үч баатыр эненин кан басымы жогорулап кеткени айтылды. Бирок ачкачылык жарыялагандар 3-октябрдагы митингде кармалган депутаттар менен башка жарандарды бошотуу, "Кумтөр" ишканасын улутташтыруу талабы аткарылгыча акцияларын токтотпой тургандыгын билдиришти.

Ачкачылык жарыялаган аялдар. Жалал-Абад, 9-октябрь, 2012.
Ачкачылык жарыялаган аялдар. Жалал-Абад, 9-октябрь, 2012.
Бешим ченде дарыгерлердин кеңеши менен ооруган үч аял ооруканаларга жаткырылды. Акцияга катышып жаткандардын бири, 71 жаштагы баатыр эне Назир Сагынбаеваны сөзгө тарттык:

- Балабыз куру доомат менен кармалып отурганына ачарчылык кармап атабыз.Эми ошону жеңилдикке чыгарып, бешенебизге өңү-түсү таза, башы аман болуп,биздин алдыбызга келмейинче отура беребиз.

Ооруса да ачкачылыкта отурган аялдардын бири Сүйүмкан Абдуллаева бул жердеги башка аялдар сыяктуу эле Камчыбек Ташиевге айып туура эмес коюлгандыгын белгилөөдө:

- Бала ачууга алдырып, ачуусуна чыдабай ошентип, дарбазаны ашып өтүп олтурат. Ал баланын колунда куралы жок болсо, артында ээрчиген армиясы жок болсо... Элим үчүн, жерим үчүн деп, ушундай кылгылыкка туш болуп отурат. Өзү иштеген жердин эшигин ачпай койсо эмне кылсын анан... Анын жасаганы кылмыш эмес.

Ачкачылыкта отургандар менен жолугушкан акыйкатчынын өкүлү Алима Аманова кырдаал татаалдашып баратканына кыжаалат. Ага камакта отурган Камчыбек Ташиев өз жоругу үчүн уялганы жана өкүнгөнү тууралуу маалымат жеткен. Ал кырдаалды ырбатпоо үчүн мыйзамдуу да, саясий да чечим кабыл алууну туура саноодо:

- Камчыбек Ташиев жана аны менен бирге отурган депутаттар, алардын жактоочулары процессуалдык нормаларды сактоо менен мыйзам чегинде аракет кылып жатышат. Бирок алардын талапкерлери “бийлик биздин үнүбүздү укпай атат” деген ойдо ушундай акцияларга барууда. Маселени мыйзам аркылуу чечүү керек. Бирок кээ бир учурларда саясий чечим кабыл алган да болбойт. "Кумтөр" маселеси боюнча ким кол коюп, ошончо өлчөмдөгү алтын кайда кеткендиги жөнүндө маалымат бербеди эле? Ушул маалыматты бергени үчүн Кумтөр маселесин козгогондордун оозун жабууга бийликтин көргөн чарасы дегендер да бар. Бул боюнча президент да, өкмөт да, соттор да туура чечим кабыл алат деген ишеничтебиз.

Ачкачылыктагы аялдардын жанына “тез жардам” автоунаасы коюлду. Дарыгерлер ооруканага жаткырылган эки аялдан башка да бир нече баатыр энеге ачка олтуруу ден-соолугуна зыян экендигин түшүндүрүштү.

Жол тоскондорго иш козголду

Облустук ички иштер башкармалыгы 4-6 октябрда Бишкек-Ош жолун тосуу окуясы боюнча эки кылмыш ишин козгоп, тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. Башкармалыктын жетекчисин орун басары Таирбек Жоробеков камактагы депутаттардын укугун коргойбуз деп жол торогондор жүргүнчүлөр менен айдоочулардын укуктарын тебелегендигин белгилеп, мыйзамсыз аракеттен оолак болууга чакырды. Кылмыш кодексинин 234, 253-беренелери (Зөөкүрлүк, өзүм билемдик) боюнча кылмыш ишинин ачылышына 24 айдоочу, жүргүнчүлөрдүн, жол жүргөн оорулуу жана учакка билети бар адамдардын арызы себеп болгон.

Жалал-Абаддагы митинг, 5-октябрь, 2012.
Жалал-Абаддагы митинг, 5-октябрь, 2012.
Жоробеков мөөнөтү эки ай болгон тергөө иши аяктаганча кармалуучу адамдар маалым болоорун айтат:

- Сузак районундагы Боз-Чычкан айылынын жашоочулары Ош-Бишкек жолун ошо жерден тосуп, өтүп бараткан транспортторго тоскоолдук кылган факты боюнча кылмыш ишин козгодук.Тийиштүү чечим тергөөнүн жыйынтыгы менен чыгарылат. Жолду тосуу – бул кылмыш, ошондуктан аны жасаган адамдар мыйзам алдында жооп беришет.Кимдер катышкан, ким эмне иш жасаганы боюнча тергөө жүрүп жатат. Жол торогондор өз укугун гана эмес, жол жүргөн адамдардын укугун ойлошу керек эле. Эгер нааразы болсо анысын мыйзам чегинде жүргүзсүн.

4-5-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунда депутат Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери аны камактан бошотуу талабы менен Бишкек-Ош жолун бир канча саат тосуп койгон эле. Мындай аракет жүргүнчүлөр менен айдоочулардын нааразылыгын пайда кылган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG