Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Кара-Кече: "кара алтын" кайрыктары


Кыштын алгачкы белгилери менен таш көмүр кендери көңүл чордонуна чыкты. Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат.

Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенине көз арткандар көп экен, туш-туштан шектүү топтор басканы жатыптыр деген каңшаарлар арбыды. Негизинен Кара-Кечеде менчик ишканалар иштейт.

Кеп башында дароо айта кетели: өлкөдөгү ири көмүр казуучу Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат.

Кара алтын негизинен жер үстүнөн алынгандыктан башка кендерге караганда арзаныраак келет.

Кара-Кече Кыргызстандын түндүк аймактарын жана Бишкек шаарын кайсы бир деңгээлде отун менен камсыз кылат. Мына ошол айтылуу кенге бараткан КамАЗга отуруп, мен да ал жакка бет алдым.

Жолду ката бет маңдайдан көмүр ташыган оор унаалар тынбай кездешип жатты. Ал эми кендин өзүндө шыкалган унаалардан жол тийбейт.

Биз жеткен маал түнкү төрт болгонуна карабай, иш кызуу жүрүп жаткан экен. Таразада 60-70тей машине турса, 100гө чукул машине улам жарым метрден жылып, зарыга кезекте турат.

Бишкек шаарындагы жылуулук ишканасына көмүр жеткирип жаткан Мурат аттуу айдоочу үч күндөн бери кезекте:

- Биз сырттан келгендер кезекти суткалап күтөбүз, тендерге жиберет, кезексиз жүктөйсүңөр дейт, анан бул жакка келсең аны карабайт, башаламан.

Өгөйлөнгөн айдоочулар

Бул жакта адамды чарчаткан жана жадаткан эле нерсе - кезек күтүү. Айдоочулар күнү-түнү уктабай, кенедей орун бошой калса, жөөлөшүп алдыга жанталашат. Менчикке караганда тендерден утуп алган ишканалардан эртерээк жүктөп кетүү мүмкүнчүлүгү бар экен.

Ал эми эки жумалап чыкыроондо кезекте турган айдоочулар тартип жоктугун жана белгисиз адамдар өз унааларын кезексиз киргизип кетээрин айтып, даттанышат. Бирок айдоочулар микрофондон жаа бою качышат, "азыр сүйлөсөк эртең көмүргө киргизбей коюшат" дешти.

Ысмын купуя калтыруу шарты менен гана айрым айдоочулар сүйлөп берүүгө көндү:

- Көмүрдү кыйынчылык менен тартып барабыз, тоңуп, ушинтип жатабыз, карала-торала болуп. Түнү менен уйку жок, кезек күтүп жарым метрден жылабыз. Жергиликтүүлөр келишет, түнү менен кирип кетишет, бизди жөөлөп түртүп, машинебиздин ар кайсы жерин жулуп кетет. Башка жактан келген көлдүктөр, чүйлүктөр бул жактын өгөй балдарыбыз.

"Азаттык": Бир эле күндө келип, жөөлөп, түртүп, кирип кеткендер болобу?

- Ооба, болот.

"Азаттык": Алар кимдер?

- Алар жергиликтүүлөр, дыйкандар, рекеттер. Ошолор жүктөп кетишет.

"Азаттык": Мындай кылба деп айтсаңар болбойбу?

- Биздин укугубузду кысканда кантип айтабыз? Дайыма эле ушундай башаламан, ызы-чуу.

"Азаттык": Бул жакта баягы күнү басып алуу аракети болгон экен, силер көрдүңөрбү?

- Чындыгында аны далилдей албайм. Угушумча өйдө жакта Ак жол деген карьер бар, анан басып алабыз деп Таластан келишти. Ызы-чуу болуп, качып кетишти. Анан биз ошондо жүктөбөй бош кеттик.

"Азаттык": Айрым учурларда бош кеткендер болобу?

- Ооба, бош кеткен убак болот. 15 миңге май алабыз, аны барып-келип эле жагып салабыз.

Кезексиз өткөндөр да бар

Кээде көмүргө таш, топурак аралашып кетип жатканын адистер акыркы жылдары Кара-Кечеде көмүр казуунун технологиясы бузулган деп айтып келишет.

Тоо боору кап-кара болуп аңырайа оюлууда. Өйдөдөн кардын суусу түшө берип, көмүр жүктөөчү жер белчеден баткак. Жалгыз көмүр жүктөөчү унаа. Мерчеминен көбүрөөк жүктөп алып, аны баткакта тарта албай тыгылып, бири-бирин сүйрөгөн КамАЗдар.

Бул жерден көмүрдү 1140 сомдон жүктөсө, элге жеткиче баасы 4000ден ашат. Он күндөп жатканы бир тең болсо, жолдун начардыгы, техниканын бузулганы, МАИчилердин кыйнаганы бир тең болуп, анан көмүрдүн баасы асмандайт – деп кошумчалайт көп жылдан бери көмүр тартып иштеген дагы бир айдоочу:

- Бул жактын шартын билесиң, иним. Көп жылдан бери эле иштейм. Тажаган үчүн келбей калдык, келсек да бир машине үчүн келебиз. Анан ошондо кечке кезек күтүп, ачкада турасың, эч кимдин эч ким менен иши жок, ар ким өз арбайын согот. Анан бул жерде иштегендердин машинеси, алардын үстүнөн карагандардын машинеси келет, дагы жүктөп кетет. Айтайын дейсиң, анан кайра сени келип туура эмес көрүшөт, "тура бербейсиңби кезекте" дейт. Мына, түндө кайрып туруп бул жакка чыгарып койду, өзүлөрүнүкүн жүктөп жатышат. Биз болсо турабыз.

Жөөлөп, түртүп, кезексиз жүктөп кетип жаткан унаалардын айдоочуларынан "эмнеге кезекти бузуп жатасыңар, башкалардын убалын ойлобойсуңарбы" десек, "бизди жалдагандардын жаса дегенин жасайбыз" деген жоопту уктук.

Көздү кызарткан Кара-Кече

Көмүр баасы кымбаттаганы Кара-Кечеге чукул айылдагы тыңдар “Москвич”, “Волганы” эчак эле көмүр тарткан унаага айланткан экен. Тизилген унааларды аралай тоого чыгып, кол менен көмүр жүктөшөт. Тараза менен дагы иши жок, бир тоннадан ашык жүктөп, чоң унаа Бишкекке бир барып келгиче булар айылга он тоннадай жыйнайт.

Өзүн Токтосун деп тааныштырган Дыйкан айылынын тургуну буларды айтып берди:

- Мурда башкалар тартчу, мен эки айдан бери чыгып жатам. Эми айылда баары эле жасайт. Бир жарым тонна алып түшөм, кадимкидей эле төлөйбүз, бирок жеңил машинелерге арзаныраак болот. Кээде күнүгө кылабыз, КамАздар көп болуп калса кире албай турабыз, кээде түнөйбүз. Айылга барып сатабыз. Айылда мындай "Москвичтер" көп.

Биз кеп кылып жаткан “Шарбон” жабык акционердик коому азыркы күндө 37 миң тоннадан ашык көмүр өндүргөн. Эми алдыда 120 миң тонна казууну пландап жатышат.

Аталган ишкананын участкалык жетекчиси Мелис Жамгырчиев жогоруда айтылган айдоочулардын дооматтарын четке какты:

- Эми бирин-экин кезексиз кирип кеткендер бар, анан ошолорду эле айта беришет. Эми көпчүлүктө болот да андайлар. Ар ким ар кандай айта берет. Тартип бар, унааларды көрүп жатасың, тизилип киришет. Үлгүрбөй калабыз, суткасына 100дөн ашык машине жөнөтөбүз. Бир күн турушу мүмкүн, андан көп кезекте турбайт.

Мелис Жамгырчиев Кара-Кечени басып алабыз дегендер болгонун да кошумчалады:

- Чындыгында Айкөл Ала-Тоодон келишти, Бостон деген жигит баштап, дагы эки-үчөө бар, анан бир-эки жергиликтүүлөр. Бирок басып ала алышкан жок, мыйзамдын негизинде чечели деп койдук, анан тарашты.

Качан кышка даярдык башталгандан тарта Кара-Кеченин айланасында ушул өңдүү сөздөр тарайт. Бирок жергиликтүү милиция тартип сакталаарын, мыйзам бузуу жок экенин айтты.

Нарын облустук ички иштер башкарма жетекчиси Таалай Нуралиев ишкананын участкалык жетекчиси айткан басып алуу жөнүндө сөздү тастыктаган жок:

- Эми кыш мезгили башталганда эле жыл сайын ушундай сөз боло берет. Уюшкан кылмыштуу топтордун, жергиликтүү элдин айрымдары басып алабыз деген өйдө-төмөн сөз болот. Бирок бүгүнкү күндө андай сөз жок, Кара-Кечедеги көмүр ишканаларын басып алууга жол берилбейт. Губернатордун буйругу бар, ал жакта милициянын посттору уюшулган. Андан сырткары облустук полициянын кызматкерлери бар, СНБнын, салык кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик, биздин ички иштер бөлүктөрү бар. Бул посттор коррупцияга каршы, көмүр урдалбасын деп уюшулду. Бүгүнкү күндө ишкана жетекчилерден жана атуулдардан дооматтар жок.

Ошентип Нарындан чогуу келген КамАЗ кайра качан кайтары белгисиз болгон соң, башка жүгү бар унаага жармаштым.

Дагы эле баш-аягы көрүнбөгөн кезекте туруп, бир саат аралыгында эле айрым КамАЗдар таразага токтобой өткөнүнө күбө болдум. Кыскасы, Кара-Кечедеги кырдаалды башаламандык, кимдин каруусу катуу болсо, ошонун сөзү өтүмдүү деп сыпаттасак болчудай. Айдоочулар башка ишканаларда деле ушундай көрүнүш бар экенин айтышты.

Быйыл көмүргө суроо-талап кескин өсүп, Ош, Баткен, жада калса Тажикстанга тартып кетип жатышат деген сөздөр бар. Ал чын болсо, демек, Кара-Кеченин куну өсүп жатканын, ага көз арткандар дагы арбын болоорун, башаламандыктан акча жасамай да күчөөрүн боолголоо кыйын эмес.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG