Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Кулчулук: бетондо өткөн түндөр


Ысык-Көл облусунда 300гө жакын киши кулчулукка кабылганын “Данко” бейөкмөт уюму билдирди. Ай сайын 15-20 киши кулчукка сатылаары айтылды.

"Данко" уюмунун Балыкчыдагы координатору Нурбүбү Керимованын айтымында, Ысык-Көл облусунда 21-кылымдагы кулчулукка каршы акция өттү. Бүл акциянын алкагында 300 киши кулчулукка кабылганын аныктаган акциянын уюштуруучусу Керимованын айтымында, ай сайын 15-20 киши кулчулукка кабылат.

Ысык-Көлдөгү кулчулукка кабылгандардын бири - Жети-Өгүз районунун тургуну Доктурбек уулу Кайрат. Өзүнүн айтымында, үйдүн улуусу болгондуктан мектепти бүткөндөн кийин окуу жайга тапшырууга шарт болбой калган. Иш издеп жүргөн чагында кошунасы жумуш сунуштаган экен:

- Үйдө жатсам келиптир. Москвада жумуштун айлык акысы 40 миңден жогору, 60 миңге чейин жетет деген кошунама ишенип, Бишкекке бардым. Виктор аттуу киши менен таанышып, аны менен сүйлөшүп, 12-январда Краснодар шаарына чыгып кеттик.

Жатканада эмес, көчөдө калышты

Краснодарга Кыргызстандан 40тай киши барып, адегенде эле армяндар менен иштеше башташкан экен. Кайрат менен кошо баргандар аларды алып барган Виктор менен келишим түзүшкөн. Бирок ал жерге жеткенде, Виктордун сөзү башкача болуп чыккан экен.

- Барганда жалаң тышкы жумуштарды беришти. Келишимдин негизинде биз бир айда эки жолу айлык алмак элек. Бирок бир айдан кийин айлыкты сураганда, алар бизди урушуп, акырында армяндар келишти. Биз "иштебейбиз, акчабызды төлөп бергиле" десек, армяндар "иштебесеңер кеткиле!" деди.

40тай кыргызстандыкты алпарган Виктор жергиликтүү адамдардын ишенимине кирип алган экен.

- Бизди иштеткен Зорик аттуу армян келип, "бизге Виктор жана Андрей 700 миң рубль карыз" деди. Андрей "мен Кыргызстандын диаспорасынын өкүлүмүн" деп, тиешелүү документтерин көрсөттү. "Бишкекте чоңойгом, бул жерде жүргөнүмө он жыл болду" деди. Виктор биздин жаныбызда бир ай жүрдү, аябай ишенимге кирген.

Орусияга барганга чейин Виктор кыргызстандыктарга жатакана алып берем, башка шарттарды түзүп берем деп сөз берген, бирок алар жатакана эмес, көчөдө калышат.

- Башында барганда ал жер аябай суук эле. Анан Виктордун квартирасын жасадык. Ошентип армяндардан кеттик. Андрейдин досу бар экен, Авар деген, чечен. Келишим боюнча биз жатаканада жашамакпыз, бир бөлмөдө төрттөн киши, ысык-муздак суусу менен дешкен. Анан башында барганда бир бөлмөдө 18 бала жашадык. Андан кийин көрүнгөндүн ашканасында, гаражында жашадык.

Ошентип бир ай өтүп, ар кайсы жакка бир тийип жүргөндө ошол эле Виктордун арты менен чечендердин колуна түшүшөт.

- Андан кийин чечен, дагестандардын колуна түшкөндө жаңы салынып жаткан 16 кабаттуу 7-8 имарат бар болчу. Биз ошол иштеген жерде эле жатып аттык. Ал жерде жаңы салынып жаткан имараттар болчу, полу бетон, жаңыдан кургап келаткан. Ошол жерден кирпич коюп, үстүнө матрас салып, жууркан жамынып жатчубуз.

Капастан качып чыкканда...

Кайраттын айтымында, ал барган жакта башка да көптөгөн кыргыздар бар экен.

- Ал жерде аябай көп кыргыз бар болчу, мен тааныгандардан эле 150 киши, андан башка жагында да балдар көп болчу. Алардын ичинен айрымдары 15 жылдан ашык иштеп жүргөндөр. Кыргызстанда үйүм бар деген ою да жок, унутуп калган кишилер.

Кайрат чечендердин кол астында иштеген кыргыздар ал жерде кимдир бирөө менен баарлашуудан коркушаарын айтат:

- Башында барганда айлыкты кантип төлөйт деп сураганымда эч ким айткан эмес. Көрсө ал жерде ошол дагестандыктарга кыргыздар кандай иш кылып атканы тууралуу айтып турган. Анан мен бир оштук баланын ишеничине кирип сураштырсам, ал айлык албай турганын айтты.

Ошентип Кайрат кулчулукка түшкөнүн сезип, качуунун айла-амалын издей баштайт. Кайрат тың болгондуктан, аны башка кыргыздардан бөлүп, чечендер менен түз иштетип коюшат. "Бактыга жараша аз убакыт өтпөй ал жерден эки орус баланы жолуктуруп калдым" деп сөзүн улады Кайрат.

- Кетүүнүн айласын издей баштадым. Кафелдин баарын коюп бүтүп, ичине киргизишти. Ал жерден эки орус баланы жолуктурдум, алар "Кыргызстанда айлык кандай, жумуш жокпу" деп менден сурай башташты. Мен алардан "силерге ишенсем болобу" десем, алар болоорун айткандан кийин окуяны айтып бердим. Алар "эртең менен саат 4тө дарбазадан ашып түш" дешти.

Саат төрттөрдө дарбазадан шек алдырбай качып чыккан Кайратты баягы эки орус бала тосуп алып, Москвадагы айылдаш дос баласына жөнөтмөк болот.

- Ал балдар мени Ростовго чейин өздөрүнүн машинеси менен жеткирип, Москвага кете турган автобуска салып жиберишти. Краснодардан 450 чакырым жол болчу, ошол жакка чейин мени өзүнүн машинеси менен жеткиришти. Мени Москвага салышты, ал жактан дос балам тосуп алды.

Калгандарына ким жардам берет?

Москвага коркуп отуруп жеткен Кайрат досунукуна барганда өзүн жоготуп койгон экен. Бетондо жаткан түндөрдөн кийин кан түкүрүп калган Кайрат досунукунда дарыланат. Үйүнө кетүүгө жол кирелик тыйын-тыпыр таап алайын деп ишке кирет, бирок ошондо да коркуу сезиминен кутулбадым деп эскерет:

- Досума жеткенде ооруп жатып калдым. Ошол дос баламдын апасы ооруканага алпарып дарылады. Жакшы болгон соң жумушка кирип, иштеп, жолума акча табайын деп калдым. Анда да сакалчан дагестандыктарды көрсөм эле коркуп турдум.

Кайрат Москвага качып жеткенден кийин Краснодарда калган жердештери менен байланышкан экен. "Балдарга чалганда, Кыргызстанга жеткенде бийликке кайрылчы, бизге жардам берсин деп, бир гана нерсени өтүнүштү".

Ошентип кулчулукта 1 жылга чукул жүрүп, көрбөгөнү калбаган Кайрат бейөкмөт уюмдарга жана Ички иштер башкармалыгына кайрылган.

Учурда Краснодарда калган кыргыздарга жардам көрсөтүү аракеттери жүрүүдө. Жакында Виктор аттуу кишинин бажасы, Краснодарда кыргыз диаспорасынын өкүлүмүн деп алдап жүргөн Андрей кармалды деп маалымдалды.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG