Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Аман бол, журтташ


Дарыгерлер Орусияда эмгек мигранттарынын саны өскөн сайын оору-сыркоолордун да түрү көбөйүп жатат деп коңгуроо кагышууда. “Азаттыктын” кабарчысы Москвада иштеп жүргөн журтташтардын ал-ахыбалын сурап кайтты.

Бүгүн сиз Москвада жалданып иштеп жүргөн кыргызстандыкты метродо, таксиде, автобуста, көчөдө, дүкөндө, ооруканада, театрда, кафеде, айтор, бардык жерде жолуктурасыз.

Катя ошондой миңдеген журтташтардын бири. Ал Москва шаардык Пирогов атындагы №1 клиникалык ооруканада (Градская клиническая больница №1) тазалоочу ишти аткарат. Бул ооруканага тез жардам кызматы жергиликтүүлөр менен катар эмгек мигранттарын да алып келип турат. Катя алардын ичинен кыргызстандык мигранттардын нечен курдайын жолуктуруп, далайына колунан келген жардамын берип, түйшүгүн кошо тартышып жүрөт.

- Кыргыздар ооруканага түшкөнүн байкасам эле ишимди таштап салып, эшигин сагалап калам. Бир келиндин ахыбалы өтө катуу болду. Фамилиясын карасам – турат. Өлүп калса атын дароо өчүрүшөт да. Өмүрү узун болот экен деп аябай сүйүндүм.

Катя айтып отурган бул келин төрөгөндөн кийин эсин жоготуп, кырк беш күн оор ахыбалда жаткан экен. Аны ажалдан арачалап калган москвалык догдурларга ыраазчылыгын айтып түгөтө албайт.

“Аты-жөнү жок болсо деле “неизвестный” деп жазып коюп, дарылай беришет” дейт. Ал өзү иштеген төрт жыл ичинде бул ооруканада жолуктурган жердештери тууралуу айтып түгөтө албай жатты. Биз Катяга жана аны менен чогуу жашаган журтташтарга Москвадагы жалданма батирлердин бирине барып жолуктук.

Москвада ооруганга шарт жок

Шаардын чыгыш тарабындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үч бөлмөлүү бул батирде он бешке жакын баш турат. Басымдуусу – жаштар. Кишинин санын азайтса, батир акы төлөөргө келгенде кыйналып калышат.

Бул үй-жайга Москвада таанышып, эже-сиңди болуп алышкан Чолпон менен Катя баш-көз болуп, жоопкерчилик ушулардын мойнунда экен. Батирдегилердин ичинде алардын уул-кыздары, балдарынын курбулары бар. Жашагандардын ар бири айына тапкан каражатынын бир бөлүгүн батир акысына, күндөлүк тиричиликке, ичкен-жегенге деп, ортого чогултуп коюшат.

Кыргыздын кадимки көп балалуу үй-бүлөсүндөй. Бөлмөлөрдө жаштар сатып алышкан үч компьютер турат, интернетке кошулуптур, плазма телевизору да бар экен. Китеп текчелерде үй ээсине таандык орус адабий классиктеринин китептери шыкалып турат. “Метродо эле окубасак, башка учурда китепке убакыт деле табылбайт”, - деди жаш мигранттардын бири.

Чынында эле айлампага окшош бул үйдө кимдир бирөө китеп окуганга убакыт табаары күмөн. Бири ишке кетип атат, дагы бири келип атат, түнкү күзөттө иштеген бирөө уйкуда, бир жигит компьютерде агент аркылуу кат алышып отурат.

Күз менен кошо келген сасык тумоо бул үйдө да жок эмес экенин дарыны байма-бай жутуп коюп, жөтөлүп жүргөн табы жок жигит тастыктап турду. Ошентип, дасторкон четиндеги кебибиздин нугу дал ушу ден соолукка бурулду. Айына 12 миң рубль тапкан бир мигранттын кардиология бөлүмүндө бир жума дарыланганы үчүн 21 рубль төлөгөнүн айтып, Москвада мигранттарга ооруганга болбойт деп кейишти.

Өлүм каш-кабактын ортосунда

Анткен менен баары бир тиричиликтин эрежелери башка экени турган иш. Мигранттардын саны канча болсо илдеттин саны ошончо өсүп жатыптыр:

- Акыркы кездери көп түшүп калды. Мурда ооруп келишсе, азыр башы-көзү жарылгандар, мушташкандар, аварияга түшкөндөр...

Катя маал-маалы менен ден соолугун өзү иштеген ооруканага эле каратып алып турат. Ал эмес тааныган-билгендери ооруп-сыктап калса, дарыгерлерден суранып, көрсөтүп коет. Албетте бекер эмес. Туруктуу каттоодо турбаган, камсыздоо документи болбогон адамдарга догдурга көрүнүү үчүн 3 миң рублге чейинки каражат талап кылынат. Дарыгердин өзүнө да белек-бечкек берүүгө туура келет экен.

Азыр эми ошол эле иштегени келген кыргызстандык мигранттардын ичинен дарыгердик билими барлары менчик бейтапканаларды ачып, журтташтарга кадимкидей эле расмий кызмат көрсөтө баштаптыр. Бул тууралуу бизге мурдараак ашпозчу болуп иштеп жүргөн журтташыбыз Анийпа Бектемирова “Этномир” көргөзмөсүндө жолукканда да айткан эле:

- Медициналык борборлор азыр көп жерде ачылып калды. Марина Рощада, ВДНХда, Тынчтык проспектисинде бар. Ооруп калгандар каалаган жерине барса болот.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Москванын өзүндө эле кыргызстандык жогорку билимдүү 120 чамалуу дарыгер бар. Алар дарыгерлер ассоциациясын түзүп алышкан. Ага жараша Анийпа мисалга тарткан менчик медициналык борборлорду дал ушул кыргызстандык дарыгерлер иштетишет.

Алардын бири - “Маяк” медициналык борбору. Анын башкы дарыгери Эдил Мукашевдин айтымына караганда, менчик бейтапканалар сыркоолоп калган журтташтарын жергиликтүү баадан беш эсе арзан тейлейт. Көбүнчө менчик ооруканаларга гинекологиялык, стоматологиялык кызматка муктаж болгондор көп кайрылышат экен.

Москванын бейтапканаларынын биринде тишин жулдурам деп, ажалдын торуна түшүп калган жигит тууралуу Катя ыйламсырап айтып отурду. Ал иштеген ооруканага "тез жардам" жигитти алып келгенде ириң канына өтүп кетиптир:

- Эртең менен жумушка кирип баратсам, бир кыз менен бир бала ыйлап отурушат. “Эже, кыргызсызбы? Ушул жерде иштейсизби? Кечинде инимди алып келдим эле. Ахыбалын биле албай атабыз” деди. Кирип эле тизмесин карасам жазылып турат, кыргыздардын аты-жөнү белгилүү да. Врачтар "операцияга жетсе, сактаганга аракет кылабыз. Жетпей калса ким билет" дешкен. Операцияга жетпептир...

Куруткан кургак учук

Кургак учук Москвада иштеп жүргөн журтташтар арасында көп жолугаарын Катя кейиштүү кошумчалады:

- Бир келин кургак учук менен ооруп жүргөнүн догдурлар курсагында өлүп калган баласын тазалаганда билишиптир. Эки жылдан кийин эле кайра боюнда болуп, толготкондо догдурга мен алып бардым. Текшеришсе дале кургак учуктун таякчасы бар экен. Догдурлар төрөгөндөн кийин эмизбесин дешти.

- Төрөдүбү анан?

- Төрөдү. Баласына жукпаптыр.

- Кайдан жугузуптур өзү?

- Сасык тумоодон эле күчөп кеткен экен. Кургак учук экени төрөгөндөн кийин билинип, үч айдан бери баласы экөө тең дарыланып жаткан бир келинге жолуктум. Батирден эле бир кишиден баарыбызга жугуптур деп ачык эле айтып берди.

Аны биз менен чайлашып отурган батирдегилер жарыша кубатташып, жугуштуу илдеттер чын эле көп киши жашаган батирлерде тарайт деп жатышты. Мурда ушул батирде чогуу жашаган бир эрди-аялды баарылап, артынан ээрчип жүрүп тазалыкка үйрөтө албай, акыры көчүрүп тынышканын тамаша-чын аралаш айтып отурушту. Алардын ишендиргендерине караганда, ушундай эле батирлерде жыйырма-отуздан жашагандар бар экен.

Кургак учук сыяктуу саламаттыкка олуттуу зыяны бар жугуштуу илдеттерди көп киши жашаган батирлерде, нымдуу, шарты начар иш орундарында жугузуп алгандардын саны артып жатканын дарыгерлер да танышпайт.

Мукашевдин айтымында, кургак учук азыр мигранттардын балдарынан табыла баштады:

- Балдарын мектепке алып келип жатышат. Балдарды текшергенде кургак учук чыгып атат. Бизге ошондой кайрылгандар көп болуп, ошондон улам көбөйгөнү байкалууда. Илдети оорлошкондор болуп атат. Андайды биз түшүндүрүп эле Кыргызстанга жиберебиз. Анткени кургак учукту бул жерде атайын диспансерлер гана дарылайт. Биздикилерди албай да коюшат, ошондуктан үйгө жиберебиз.

СПИД коркутат

Дагы бир тынчсыздандыра турган жагдай - Москва шаары жана Москва облусу СПИДдин ВИЧ инфекциясы кеңири тараган аймактардын катарында саналып келет. Орусиянын тиешелүү бийликтери ушул өңдүү жугуштуу илдеттердин жайылып кетпеши үчүн азыр эмгек мигранттарынан ден соолугу тууралуу тил каттарды катуу талап кыла баштаптыр.

Москвадагы кыргызстандык дарыгерлер ушундай талап мекенине кайткан журтташтарга карата Кыргызстандын өзүндө болбой жаткандыгына тынчсызданышат. Дарыгер Эдил Мукашев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Орусия ар бир кирип жаткан кишиден саламаттыгы жөнүндө тил кат болсун деп туура эле талап коюп атат. Биз келген депутаттарга деле айтып атабыз - килтейген Орусия СПИД же башка оорулар жокпу деп коркуп атышат. СПИД боюнча эпидемиялык жагдай орноп турган Москва шаары менен Москва облусунан Кыргызстанга кайткандар менен эч кимдин иши болбой атат. Кичинекей Кыргызстанга бат эле жугузуп жиберсе болот деп өткөндө айттык эле. Орусия да, Кыргызстан да ооруларды мигранттар алып келип атат деп атат, бул жаатта эмне болуп жатканы менен чоңдордун болсо иши жок.

Анткен менен адистер Борбор Азиядан барган башка эмгек мигранттарына салыштырмалуу кыргызстандыктар өз ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурушат деп ишендирүүгө аракет кылышты.

Ошентсе да илдеттерге каршы менчик медицина борборлору саны боюнча бир облустун элине жетип калган кыргызстандыктарды камсыздай алышпайт. Ошондуктан кыргыз диаспоралары эмгек мигранттары ден соолугун камсыздашы зарыл деген маселени көтөрүп, Орусия жана Кыргызстан бийликтеринен маалыматтык колдоо сурап жатышат. Мукашев маселени төмөнкүдөй негиздеди:

- Колунда жок дегенде кокустукка байланышкан камсыздоо болгону оң. Анткени андайлар да көбөйүп атат. Мушташат, сабап кетип атышат. Ал кийин чоң акчага айланып кетип, биз эптеп бутуна тургузганга аракет кылабыз. Жакында Маматов деген оорулууну эки ай эптеп кармап, Кыргызстанга кетирдик. Башка чаап кетиптир, операция өтө эле кымбат болуп туруп алды. Колунда камсыздоо күбөлүгү болгондо, бардык чыгымдарды камсыздоо компаниясы төлөп бермек.

Эмгек мигранттары ар кандай кырсыктардан жана өлүм ыктымалдыгынан өзүн болжол менен миң рублге чейинки каражатка камсыздай алышат. Ал эми саламаттыгын толук камсыздоо өтө кымбат турат. Ошондуктан акча табам деп барган мигрант ден соолугун камсыздоону ашыкча чыгым катары санап, тобокелчиликке салып күн өткөрүп келатат. Алардын катарында биз жолуккан журтташтар да бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG