Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Баткен: Сохтогу чек ара ачылды


Кадамжайдагы чек ара бекети, сохтуктар эми ушул жерден гана өтө алышат.
Кадамжайдагы чек ара бекети, сохтуктар эми ушул жерден гана өтө алышат.

Баткендин эли Сох анклавын аралап өтүүгө, сохтуктар болсо Өзбекстандын негизги аймагына каттоого мүмкүнчүлүк алды.

Мындай чечим өткөн жуманын этегинде, 1-февралда эки тараптын аксакалдары жарашуу жараянын өткөргөндөн кийин кабыл алынды. Бул жолугушуудан соң расмий тараптар бир айга жакын убактан бери жабык турган чек араларды ачуу чечимине келип, ошол эле күнү кечинде жол ачылды.

Бирок сохтуктар эми Өзбекстанга мурдагыдай түз Сох – Риштан жолу аркылуу өтө албайт. Алар Кадамжай шаарчасы аркылуу айланып, Өзбекстандын Вадил аймагынан гана өлкөсүнө кире алат.

Сохтогу жол ачылганына үч күн болсо да кыргыз жарандарынын анклав аркылуу каттоосу азырынча сейрек. Көпчүлүккө бул кабар эми гана жеткендей.

Биз да бүгүн Сох анклавына кирген учурда чек ара бекетинен кирип-чыккан автоунааларды кезиктире албадык. Чек арада бир саатка чукул турганыбызда гана Сох анклавынан Кыргызстанга тиешелүү бир машине чыгып калды. Ал Айдаркендеги кызынан кабар алып келаткан баткендик Жакып аттуу киши экен:

- Мен Айдаркенге барып келдим. Чек ара ачылыптыр. Бирок каттаган машина аз. Эл дагы деле бир аз кооптонуп турат. Чек арадан мурдагыдай эле паспортту текшерип өткөрүштү.

Өзбекстандын аймагына кирип-чыгууда чек арада сүрөткө тартуу, үн жазуу иштерине тыюу салынгандыктан бизге жөн гана кирип чыгууга туура келди.

Чек ара ачылганын расмий кызматтар айтып жатканы менен ар кандай абал болуп кетиши мүмкүн деп кооптонгон Баткендин кээ бир тургундары Сохко кирбей, дагы деле айланма жол аркылуу каттап жатыптыр.

Маселен Сохтун өйдө тарабындагы Баткендин Таян айылынын тургуну Урпия эже облус борборуна Чарбак-Согмент- Айгүл-Таш жолу аркылуу келгенин айтат:

- Биз дагы деле айланма жол менен каттап жатабыз. Эми ойлонот экенсиң, дагы бир нерсе болуп кетпесин деп. Жаман болсо да өзүбүздүн жол менен эле каттап туралы дедик.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков болсо учурда зарыл болгон бардык каттамдар ачылганына, эл эч кандай кооптонуусу жок каттай берсе болооруна токтолду:

- Кадамжай, Вадил, Чечме, Ак-Кыя өткөрмө бекетери ачылды. Жалпылап айтканда сохтуктар жана шаймердендиктер Өзбекстандын негизги бөлүгүнө кире алат. Ал эми биздин жарандар үчүн Сох анклавын аралап өткөн Пүлгөн - Көк-Талаа транзиттик каттамы да ачылды. Бул эки тараптуу макулдашуу менен чечилди.

Чек аралар толук ачылганы менен эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин гана уруксат берилди. Өзбек тарап ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн ушундай чечим кабыл алган.

Баткен облусунун башчысы Жеңиш Разаков транзиттик каттамдардын коопсуздугу үчүн атайын күч кызматтары тартылганын да кошумчалады:

- Биз Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын аймагынан каттап туруусуна шарт түзүп, күч кызматтарыбызга алардын коопсуздугун камсыздоого тапшырма бердик. Өзүбүздүн жарандарга да өтө зарыл болбосо Сохко кирбей эле тургула дедик. Анткени ар кандай чагымчыл аракеттер болуп кетиши мүмкүн да...

Ушул жылдын башында, 5-6-январда Сон анклавындагы Ушар (Хушяр) айылынын тургундары Кыргызстан Чарбак чек ара тозотуна (застава) электр зымын тартууга каршылык көрсөтүп чыккан. Бул окуядан тутанган чыр андан ары 30 кыргыз жаранын барымтага алуу менен уланган. Ошол окуядан кийин, 6-январдан тарта чек аралар эки тараптан тең жабылып, Сох анклавынын эли бир айга жакын убакыт Өзбекстандын негизги аймагы менен байланыша албай турду.

Кыргызстан болсо бул чатактан кийин Чарбак айылындагы чек арасын тикен зым менен тосууга киришкен.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавында 60 миңдей калк жашайт. Сох районунан тышкары аймакта Өзбекстандын дагы бир чаканыраак Шаймерден деген да эксклавы бар.

XS
SM
MD
LG