Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Оторбаев: 60 килограмм алтын иштетилбей калган


Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдө Кумтөр кениндеги абал менен таанышуу үчүн барган биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, Кумтөргө кеткен токту үзгүлтүккө учураткан маалда техника токтоп, 60 килограмм алтын кайра иштетилбей калдыктарга кошулуп кеткен.

- Кумтөр жергиликтүү жумушчуларга жылына 200 миң доллар айлык төлөйт. Мындан сырткары бир катар жергиликтүү фирмалар Кумтөрдү тейлейт. Анын кыргыз бюджетине кошкон салымы барандуу. Ошондуктан анын ишин токтотпогонго аракет кылышыбыз керек.

Оторбаевдин маалыматында, “Кумтөр Оперейтинг Компани” мамлекеттик казынага салык түрүндө жылына 6 млрд. сом төлөйт. Бул өлкө бюджетинин 6% түзөт.

Өткөн айда Жети-Өгүздө Кумтөрдү иштетүү келишимин бузуу талабы боюнча митинг өтүп, кенге кетчү электр жарыгы эки ирет өчүрүлгөн. Нааразылык акция жана андан кийинки калайман кесепетинин чыгымы 4 миллион долларды түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG