Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Кыргыз-өзбек мамилеси кайрадан сыноодо


Өзбекстандын элчилигинин кызматкерлери катышкан борбордогу жол кырсыгы боюнча Бишкек Ташкенге нота жөнөттү.

Өзбек дипломаттар мас абалында экинчи унаанын айдоочусуна кол көтөрдү деп айыпталууда. Элчилик расмий комментарий бере элек.

Андан мурдараак Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин бир кызматкери Ташкенде жол эрежесин бузду деп кармалганы тууралуу маалымат тараган. Байкоочулар соңку учурда тараптардын дипломатиялык мамилеси татаалдашып баратканын белгилешет.

Бишкек шаардык милициянын маалыматына ылайык, окуя 23-августтан 24үнө караган түнү, саат 1ден өткөндө болгон. Москва-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде “Москва” түнкү клубунун маңдайында Кыргызстандагы өзбек элчилигине таандык “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаа Жеңишбек Кадыров айдап келаткан “Жигули” менен кагышкан.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаевдин билдиришинче, “Жигулинин” aйдоочусу соо болгон:

- Шаардык милицияга караштуу жол коопсуздугу кызматынын өкүлдөрү барып, кароо жүргүзгөн. Алкоголь ичимдигин ичкенби же жокпу деп текшеришкен. “Жигулинин” ээси Кадыров соо экени аныкталган. Ал эми элчиликтин өкүлдөрүн дипломатиялык кол тийбестик макамынан улам мындай текшерүү жүргөн эмес.

Ошол окуяга күбө болгондор кара түстөгү "Тойота Прадо” үлгүсүндөгүлөр мас болгонун, оозго алгыс сөздөр менен “Жигулинин” ээсине кол көтөргөнүн интернетке жазып чыгышты.

Жабырлануучу Кадыров шаардык милицияга арыз жазды жана анын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Максат Жуманбеков Бишкек Ташкенге нота жөнөткөнүн кабарлады:

- Кырсык болгон жерде маалымат боюнча элчиликтин биринчи катчысы М. Хайриддинов аттуу жаран машинени мас абалында айдаган. Бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Ташкендин Бишкектеги элчилиги бул окуя тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Байкоочулар соңку учурда эки коңшу ортосунда дипломаттык айыптоолор күч алганын белгилешет. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун баамында, мунун кесепети оор болушу ыктымал:

- Ички кайсы бир жагдайларга токтолбой, эки мамлекет ортосундагы мамилени карай турган болсок, соңку учурда кыргыз-өзбек мамилеси жалпысынан аябай эле салкын десек болот. Коңшулардай болуп бири-бирин жакын көрүп, бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылбастан, тескерисинче эки тарап мамилелерге зыян келтире турган көптөгөн каталарга жол бере баштадык. Чек арадагы атышуулар, адам өлтүрүүлөр, эки мамлекет ортосундагы бири-бирине күнөө койуу, экономикалык жактан бут тосууларын карай турган болсок жакын арада мамилелер мындан да начарлашына себеп болушу мүмкүн.

Ушул айдын башында дипломаттарга байланыштуу дагы бир жаңжал чыккан. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин бир кызматкери Ташкенде жол эрежесин бузуп, тез жардамдын кызматкерине кол көтөрүп, чатак чыгарганы тууралуу маалымат тараган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат жана жыйынтыгы чыга элек.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда, чек ара жана суу-энергетикалык маселелерге байланыштуу талаш басылбай келет. Өзбекстан трансулуттук дарыяга ГЭС курат деп Кыргызстанды күнөөлөйт, ал эми Бишкек суу кармап бергени үчүн өзбектер каражат жагынан каралашпайт деген жоопту берет.

Чек ара али делимитацияланып бүтө элек болгондуктан, талаштуу жерлерде дайыма чатактар чыгып турат. Быйыл эле Баткенде өзбек чек арачылары кыргыз тарапка кирип келип, жергиликтүү жаранды атып кеткен. Андан көп өтпөй кыргызстандык чек арачылар чектен өтүп кетти деп өзбекстандык эки чек арачыны атып салышкан.

XS
SM
MD
LG