Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Сот Көлбаевге "айкөлдүк" кылдыбы?


Камчы Көлбаев Биринчи май райондук сотунун залындагы темир тордо. Бишкек, 2013-жылдын 18-апрели.
Камчы Көлбаев Биринчи май райондук сотунун залындагы темир тордо. Бишкек, 2013-жылдын 18-апрели.

Сот кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевди бир канча оор беренелер боюнча актап, "бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган" деген гана айып такты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту криминалдык лидер атыккан Камчы Көлбаевди "кылмыштуу топ түзгөн", "курал жана маңзат сактаган", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон" сыяктуу кылмыш кодексинин бир нече оор беренелери боюнча акташын айрым эл өкүлдөрү катуу сынга алууда.

Жабырлануучулар танып кетти

Көлбаев өткөн жылдын декабрь айында жашынып жүргөн Араб Эмираттарынан Кыргызстанга күтүүсүз кайтып келип, көпчүлүктү таңкалтырган эле. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан. Бир нече айга созулган сот иштеринин жыйынтыгында Камчы Көлбаевдин үй-мүлкү конфискацияланып, беш жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болду. Көлбаевге бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган деген гана айып тагылды.

Мамлекеттик айыптоочу Нурдин Молдотаев сот жүрүшүндө Көлбаевге кылмыш кодексинин бир нече оор айыптарын таккан эле:

- Көлбаев Камчыбек Асанбекович өтө оор кылмышка күнөөлөнүп, 2000-жылдан 2007-жылга чейин Петровкадагы №8 абакта өз жазасын өтөп жаткан учурунда, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн жана физикалык артыкчылыктарын колдонуу менен бир катар аймактардагы кылмыштуу топтордун жетекчилери менен мамиледе болуп, 2008-жылы криминалдык чөйрөдө “кылмыштагы ууру” деген наамды алган. Андан соң мыйзамсыз пайдага туйтунуу максаты менен кылмыштуу топ түзүп, бир катар кылмыштуу аракеттерди жасаган.

Бирок соттук жараяндын жүрүшүндө Көлбаевдин кылмыш тобунан жабыркады делген адамдар мурдагы көрсөтмөлөрүнөн танып кетиши да түмөн ойлорду жаратты. Сот да Көлбаевдин бир нече беренелер боюнча акталышын жабырлануучу тараптардын арызын кайтарып алып, кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүч келтиргендиги менен байланыштырды.

"Биз кармайбыз, башкалар бошотот"

Кандай болгон күндө да Камчы Көлбаев криминалдык лидер катары коомчулукка кеңири белгилүү, ал тургай АКШ президенти Барак Обаманын дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине кирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Көлбаевдин “уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок” деген беренеде акталашы криминалга каршы күрөшүүдөгү үмүттү биротоло өчүргөндөй болду деген ойдо:

- Криминал менен күрөш токтоду десек болот. Тескерисинче кримналды саясатка, бизнеске жана митингдерге пайдалануу башталды. Акыркы убакта коопсуздук кызматынын, милициянын иш-аракети криминалды актагандай таасир калтырды. Күрөш токтоду.

Дагы бир депутат Турат Мадылбеков эми прокуратура Көлбаевдин иши боюнча экинчи сот инстанциясына кайрылышы зарыл деген пикирин айтууда. Буга чейин Ички иштер министрлигинин уюшма кылмыш топ менен күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев №47 колонияда жаткан Көлбаев каалаган кишиси менен жолугуп, кримчөйрөгө байланыштуу бардык маселелерди чечип жатат деп билдирген эле.

Көлбаевге болгон сот өкүмүнөн кийин Рафик Мамбеталиевге кайрылдык:

- Соттун чечимине комментарий бере албайм. Биз кармап жатсак, тигил жактан коё берип жатышат. Биз эми эмне кылалы?

Байкоочулар Көлбаевдин абакта отурган бир күнү үч күн деп саналаарын, ал буга чейин дээрлик бир жылга жакын убакыт абакта жатканын санаганда, Көлбаев дагы бир жылга жетпей эркиндикке чыгаарын айтышууда. Эгерде Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары соттолгондо "Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү" жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, ал күнөөсүн эки эсе көп мөөнөт өтөмөк жана аны бир да себеп менен кайра абактан бошотуу мүмкүн болмок эмес.

Айтор, дагы бир кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча жаңжалдын изи кургай электе, эми Көлбаевге болгон сот өкүмү парламентте чоң талкуу жаратчудай болуп турат.


"Азаттыктын" архивиндеги тасма: Камчы Көлбаевдин соту, 18-апрель, 2012

Көлбаев айыбын моюнуна алган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG