Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Өкүмзордук өкүм сүргөн кыргыз армиясы


Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгү, 23-февраль, 2012.
Бишкектин четиндеги Кой-Таш аскер бөлүгү, 23-февраль, 2012.

Фейсбукка жарыяланган аскердик бөлүктөрдүн бириндеги “дедовщинаны” чагылдырган видео боюнча тергөө иштери башталды.

Ооздорун томпойтуп үйлөтүп туруп чаап-тепкенде шарик жарылгандай үн чыккандыктан ыдык көрсөтүүнүн бул ыкмасын армияда шарик деп атап коюшат. 5 мүнөттүк бул видео аскерлердин кийим үтүктөөчү бөлмөсүндө тартылган. Анда жапалдаш бойлуу жигит 8 жоокерди тизип алып, ар кандай ыкма менен уруп-согуп жатканы тартылган. Видео чөнтөк телефонго тартылгандыктан жүздөрү жакшы таанылбайт, бирок “Таш-Көмүр”, “кенже сержант Ажикулов” деген сөздөрдү угууга болот.

Сөз болуп жаткан бул тасма "Азаттыктын" "Көрөгөчүнө" түштү

Кыргыз армиясындагы өкүмзордук
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00
Түз линк


Кечиккен тергөө

Бул видео Фейсбукка 2013-жылдын 25-октябрында Максат Анарбек аттуу колдонуучу тарабынан жарыяланганы менен ушул күнгө чейин тиешелүү органдар тарабынан эч кандай чара колдонулган эмес. Качан гана журналисттер бул теманы колго алганда Коргоо министрлиги үн катты. Аталган министрликтин маалымат катчысы Эрнист Эламанов видео тууралуу буларды билдирди.

- Бул съемка 2009-жылдын май-июнь айларында тартылган. Окуя Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн биринде болгон. Видеодогу балдардын ким экендиги баары такталды, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аттары азырынча айтылбайт. Азыр биз бардык материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп бердик. Учурда Бишкек гарнизонунун аскер соту тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эламанов кошумчалагандай, ал убакта Улуттук гвардия башында Жаныш Бакиев турган Мамлекеттик күзөт кызматына баш ийип турган.

Чоң муштумдардан жабыркагандар аз эмес

Айрым адистер кыргыз армиясында "дедовщина" дагы деле күч экенин айтып, өз жүйөөлөрүн ушул сыяктуу тасмалар менен бышыктап келишет. Катардагы жоокерлерге карата сылык айтканда уставдан тышкаркы мамиле жасоо, же армиянын тили менен "дедовщина" фактылары биринчи жолу катталып жаткан жок. Аскер прокуратурасынын маалыматына таянсак, 2012-жылы уставдык эмес мамилелер боюнча 13, 2013-жылы 5 кылмыш иши козголуп күнөөлүү адамдар жоопко тартылган.

Аскер прокурору Марат Эшперов армиядагы кырсыктардын баарын эле чоңсунуу менен байланыштыруу туура эместигин айтууда.

- Мындай учурлар да жок эмес. Бул учурда биз кылмыш ишин козгоп, күнөөлүү адамдарды жоопко тартабыз. Бирок бардык эле жоокерлердин өлүмүнө "дедовщина" себеп эмес да. Көп учурда аскерлердин өлүмүнө жеке проблемалары себеп болот. Эгер ушундай иштерге аскер жетекчилигинин күнөөсү болсо дароо кылмыш иши козголот.

Деген менен укук коргоочу Азиза Абдрасулова армияда катталып жаткан өлүмдөр, өкүмзордуктар боюнча аскер прокуратурасы тергөө иштерин толук жүргүзбөй жатканына нааразы. Ал аскерлердин өмүрүн мамлекет кепилдикке алыш керек деген ойдо.

- Балдарды армияга алып кетип жатканда коопсуздугу сакталат, кийими бүтүн, курсагы ток болот деп мамлекет кепилдик бере албайт. Аскерлер мыйзам бузууларга, уруп-согууларга кабылбайт деп эч ким айта албайт. Акыркы убактарда армияда каза болгондор көп болуп жатат. Тилекке каршы тиешелүү адамдар жоокпо тартылбай келет. Жоокерлер өздөрү өлгөн күндө да мамлекет компенсация төлөп бериши керек.

Курулай дооматпы?

Ал эми Коргоо министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Токтогул Какчекеев кыргыз армиясындагы "дедовщина" түшүнүгү артта калды деп эсептейт. Ал муну уландар аскер бөлүгүнө бир убакта чакырылып жатканы менен түшүндүрдү.

- "Дедовщина" деген эки жылдан ашык кызмат өтөгөндөрдүн арасында болот. Анткени эки жыл кызмат кылгандарды “дед” дейт. А бизде каятагы "дед", каяктагы “молодой”? Көбүнчө элдин баары эле өкмөткө догурунуп жатышат. Алар өлгөн балдарына мамлекеттен компенсация же жеңилдик алганга аракет кылып жатышат. Кудай өзүн кечирсин, болгонун болгондой айтыш керек.

Аскер прокуратурасынын маалыматына таянсак, 2013-жылы ар кандай себептерден улам 9 жоокер каза тапса, анын жетөө өз жанын кыйган деген тыянак чыгарылган. Жыл башынан бери эле Ошто бир жоокер кызматташынын огунан ажал тапса, дагы бир аскер Канттагы аскер бөлүгүнөн муунуп өлгөн.

Армиядагы чоңсунуу боюнча видеотасмалар интернетке биринчи жолу чыгып жаткан жок. 2012-жылы да Бишкек аскер окуу жайында тартылган тасма чуу жаратып, күнөөлүүлөр куралдуу күчтөрдүн катарынан четтетилген.

XS
SM
MD
LG