Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Франция: мусулман лидерлери кан төгүүнү айыпташты


Кол салуудан кийин Парижде сөз эркиндигин жана демократияны колдогон демонстрациялар өттү
Кол салуудан кийин Парижде сөз эркиндигин жана демократияны колдогон демонстрациялар өттү

Францияда журналдын редакциясындагы кан төгүүдөн кийин эми Парижде дагы полициячы атып өлтүрүлдү.

Өлкөнү дүңк эттирген бул окуяларга байланыштуу франциялык мусулмандардын лидерлери бул чабуулду исламга, эркиндикке көө сүртөт деп айыпташты.

Кечээ чак түштө Франциянын баш калаасында 12 киши атып өлтүрүлгөндөн кийин бүгүн Париждин чет жакасында полициячы аял куралдуу кол салууда набыт болду. Париждин Порт де Шатийон ооданында ок өтпөс чыптама кийген киши автоматтан ок чыгарганда бир полициячы аял окко учуп, шаардык администрациянын бир кызматкери оор жараат алды.

Чабуул жайына дароо жетип келген ички иштер министри Бернар Казнёв куралчанды издөө жүрүп жаткандыгын маалымдады. Бул өлтүрүүнүн кечээ күнкү кан булоонго тиешеси бар экендиги анык эмес.

7-январда беткапчан эки киши "Шарли Эбдо" сатирикалык журналынын редакциясында жана көчөдө 12 кишини, анын ичинде сегиз журналистти жана эки полициячыны атып кетишкен эле.

Бул чабуулга байланыштуу бир нече киши сурак берип жатат. Франциядагы жарым кылымдан берки эң кандуу кыргын деп сүрөттөлгөн бул трагедияда кол салгандар "Алла улук" деп ураан чакырып, «Мухаммед пайгамбар үчүн өч алып жаткандыгын» айтышкан.

"Шарли Эбдо" журналына Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатуралары үчүн буга чейин бир топ коркутуулар болгон.

Полиция азыр кол салуу үчүн эки кишиге - Иракка согушкерлерди жиберген уюмга катышы үчүн 2008-жылы соттолгон 32 жаштагы Шериф Куашиге жана агасы, 34 жаштагы Саидге издөө жарыялады.

Издөө салынган бир туугандар
Издөө салынган бир туугандар

Өкмөт башчысы Мануэль Вальс Парижде туулган бул экөө коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп келгендигин билдирди. Париж прокурорунун маалымат кызматы үчүнчү киши, 18 жаштагы Мурад Хамид өзү колго түшүп бергендигин бышыктады.

Полиция бүт өлкө боюнча издөө жүргүзүүдө. Анын чегинде бир катар шаарларда рейддер өттү.

Өлкөдө коопсуздук чукул абал эң жогорку баскычка көтөрүлдү.

"Шарли Эбдо" журналына кол салуудан кийин Францияда жана Лондон, Берлин, Нью-Йорк сыяктуу шаарларда сөз эркиндигин жана демократияны колдогон демонстрациялар өттү.

Бельгияда өлтүрүлгөн журналисттерди эскеришти
Бельгияда өлтүрүлгөн журналисттерди эскеришти

Париждеги борбордук мечиттин имамы, Франциядагы Мусулмандар кеңешинин башчысы Далил Бубакёр исламда киши өлтүрүүгө тыюу салынгандыгын баса белгилеп, соңку окуяга терең өкүнүчүн билдирди.

Ал эми Сен-Сен-Дени шаардык мечитинин имамы Хасен Шалгуми киши өлтүргөн кылмышкерлерди исламдан жана момун мусулмандардан бөлүп кароого чакырды:

- Мен өтө капа болдум, ачуум да келди. Билсек да билмексенге салып келатабыз. Жаштарды үндөп, коркутуп, канкордукка түрткөн интернет сайттарга канчага чейин чыдайбыз? Үнүбүздү угуза чыгарып, күчүбүздү көрсөтүп, мындай нерсеге каршы чыгууга мезгил келди. Ошондой эле исламды жана мусулмандардын көпчүлүгүн эркиндикке жана биздин баалуулуктарга залал келтирген бул азчылыкты бөлүп карашыбыз керек экендигин моюнга алууга мезгил келди.

Парижде өткөн демонстрациядан бир көрүнүш
Парижде өткөн демонстрациядан бир көрүнүш

Прокурорлордун айтымында, өткөн түнү Франциянын эки шаарында мусулмандар намаз окуган жайларга ок атылды, бирок эч ким жапа чеккен жок. Түн ортосунда Париждин батышындагы Ле Ман шаарындагы мечитке эки бош гранат ыргытылды, ошондой эле мечиттин терезеси атылган октон талкаланды.

Түштүк Францияда кечки намаздан келаткан мусулманга бир нече ок атылды. Ал эми бүгүн чыгыштагы Вильфранш-сюр-Сон шаарында кебап саткан жай жардырылып, ал жерде да эч ким жапа чеккен жок. Жергиликтүү прокурорлор бул кол салууну «кылмыш» деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG