Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Кошуналар жериген ОРТны өкмөт колдоп чыкты


Айрым серепчилер Бишкек Москвадан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан орус телеканалдарын таратуудан баш тарта албай турганын айтышат.
Айрым серепчилер Бишкек Москвадан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан орус телеканалдарын таратуудан баш тарта албай турганын айтышат.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Коомдук телеканалга Орусиянын Биринчи каналынын берүүлөрүн көрсөтүүнү сунуштады. Ал ортодо кошуна өлкөлөр аны чектөө аракеттерин көрүүдө.

17-апрелде кабыл алынган кыргыз өкмөтүнүн токтомунда Каржы министрлиги Биринчи каналдын былтыркы карызын төлөп берүүгө милденттендирилди. Өкмөттүн мындай аракети коомчулукта талаш-талкуу жаратты.

Өкмөттүн токтомунда “Орусия стратегиялык өнөктөш, салтка айланган алака-катышты андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргызстан орусиялык Биринчи каналдын телеберүүлөрүн таратыш керек” деп белгиленген. Бул милдет Коомдук биринчи каналга жүктөлдү.

Каржы министрлигине орусиялык каналга өткөн жылдан калган 37 миллион сомго жакын карызды төлөп берүү тапшырылды. Өкмөттүн токтому ал расмий жарыялангандан кийин он күндөн соң, тактап айтканда 27-апрелде күчүнө кирмекчи.

КТРК орусиялык Биринчи каналдын берүүлөрүн таратуу тартиби тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек. Аталган корпорациянын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Тарых коомунун президенти Тынчтыкбек Чоротегин өкмөттүн мындай аракетин сынга алууда. “Азаттыктагы” маегинде орусиялык каналдын телеберүүлөрүн сатып алып, таратууга каршы экенин айтты:

- Биз эмес, тескерисинче, орустун Биринчи каналы кыргызстандыктарга акча төлөп туруп эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк алыш керек. Биз Кытайдан, Түркиядан, ошол эле “Азаттык”, Би-Би-Сиден ушундай эле талап кылып жатпайбызбы. Эмне үчүн Биринчи каналга акча төлөп, маалымат алышыбыз керек? Бул канал маалыматты бир тараптуу таркатып жатканын көрүп жатпайбызбы. Мүмкүн болушунча баарына тегиз мамиле жасашыбыз керек. Биз Орусия менен келишимди кайра карап чыгышыбыз керек. Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим болсо аны карашыбыз зарыл. Бул Кумтөр боюнча түзүлүп жаткан келишимден да коркунучтуу. Ал жерде каржы, зат жөнүндө келишим болсо, бул жерде руханий маселе, маалымат алуу эркиндиги тууралуу сөз болууда.

Кыргызстан Орусиянын Биринчи каналын таратуу боюнча 1996-жылы эки тараптуу келишимге кол койгон. Документте таратууга кеткен чыгымды Кыргызстан төлөй турганы жазылган. 2007-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев атайын буйрук чыгарып, анда "жыл сайын Биринчи каналды көрсөтүү үчүн Бишкек Москвага 10 миллион сом төлөп турат" деп көрсөтүлгөн. Кийин таратуу акысы жогорулады деген жүйө менен бул сумма 50 миллион сомго жеткен.

Майнапсыз талкуулар

Бул маселе соңку жылдары маал-маалы менен Жогорку Кеңеште, коомчулукта көтөрүлүп жүрөт. Мындан эки жыл мурун парламенттин Бюджет жана каржы комитети өкмөткө орусиялык Биринчи каналдын берүүлөрүн таратуу үчүн акча төлөөнү токтотууну сунуштаган. Мындай демилгени колдогондор арасында аталган комитеттин төрага орун басары, депутат Өмүрбек Абдрахманов да бар:

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

- Мына, жаныбыздагы эле Казакстан орустардын жаңылыктарын тыйып таштаган. Аларда чет өлкөлүк берүүлөрдүн көлөмү 30 пайыздан ашпасын деген мыйзам бар. Биз да маалымат коопсуздугу боюнча ушундай чараларды көрмөйүнчө орустардын маалымат берүүлөрү бизди таптакыр теңирден тескери жакка алып барат.

Бирок Кыргызстан орусиялык Биринчи каналды таратуусун, ал үчүн акча төлөп келгенин эрөөн көрбөгөндөр да бар. Талдоочу Марс Сариевдин баамында, расмий Бишкек Москвадан экономикалык жактан көз каранды. Мындан улам орус телеканалдарын таратуудан баш тарта албайт:

- Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргени жатат. Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Инвестицияны, дотацияны Орусиядан алабыз. Биз өз алдынча бутубузга тура албайбыз. Орусиянын көзүн карап турабыз. Каалайбызбы, каалабайбызбы орус каналдары калат. Орусиядан экономикалык жактан көз каранды болгондон кийин башка жол менен жүрө албайбыз. Биз алардын каналдарын көрсөтпөй койсок Орусияга жакпайт. Бизде алардын телеберүүлөрүн таратуудан башка жол жок.

Былтыр Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши орус телеканалдарына байланыштуу билдирүү тараткан. Анда Украинадагы окуяларды чагылдырууда жергиликтүү маалымат мейкиндиги орус маалымат каражаттарынын таасири алдында калды деп айтылган. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чаралар көрүлүшү керектиги белгиленген.

Бирок орусиялык мамлекеттик телеканалдарга, атап айтканда Орусиянын Биринчи каналына Кыргызстандын кошуна мамлекеттери-Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда мамиле такыр башка.

Тажикстан

Тажикстандыктар Орусиянын Биринчи каналын кабелдик каналдардан жана спутник аркылуу гана көрө алышат. ОРТнын берүүлөрү коңшу өлкөдө 1997-жылы эле токтотулган.

Тажикстандагы Көз карандысыз массалык каражаттар ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибоев учурда Москванын телеканалы өлкөдөгү Орусиянын аскерий базасынын гана аймагында тартарын айтты:

- Биринчи канал Тажикстанда тартпайт. Ал Орусиянын 201-аскерий базасынын аймагында гана ретрансляция болот. Менин пикирим боюнча Орусиянын Биринчи каналынын аскерий базанын аймагында көрсөтүлүшү мыйзамсыз, анткени бул үчүн эки өлкө ортосунда атайын келишимдерге кол коюлушу керек.

Каршибоев Тажикстанда Орусиянын РТР каналы эч чектөөсүз көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст

2009-жылы Тажикстан өкмөтүнө караштуу Телерадиокомитети РТР каналынын берүүлөрүн өкмөткө төлөбөй койгон карызы үчүн токтотуп салган.

Бул маселе 2010-жылы Орусиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунда чечилип, РТРдин Тажикстанда көрсөтүлүшүнө уруксат берилген.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст

Өзбекстан

Өзбекстандык көрүүчүлөр улуттук каналдардан Орусиянын бир дагы телеканалын көрө алышпайт.

Өткөн жылдын октябрында кабелдик тармактан Орусиянын РБК, ТНТ, РЕН жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин "Мир" каналынын берүүлөрү да чыкпай калган.

Мунун себебин кабелдик каналдардын ээлери техникалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүшкөн.

Учурда “Мир” каналын өзбекстандыктар спутник аркылуу гана көрө алышат.

Казакстан

Казакстанда Биринчи каналдын берүүлөрү Евразия биринчи каналы аркылуу эфирге чыгат. Бул канал 1997-жылы негизделген. Казакстандын массалык маалыматтардагы чет өлкөлүк медианын үлүшүн азайтуу тууралуу мыйзамына ылайык телеканалдын 20 пайызы Орусиянын Биринчи каналына, ал эми калган үлүшү “Казакстан” телерадиокомпаниясына тийиштүү. Анда Биринчи каналдын жаңылыктар блогу кыскартылып, калган берүүлөрү алдын ала жазылып, анан обого чыгат.

Соңку маалыматтарга ылайык, жалпысынан Казакстандын аймагында каттоодо турган 235 чет элдик каналдын 158и орустардыкы. Бул тууралуу өткөн жылдын аягында “Тенгриньюс” агенттиги Инвестиция жана өнүгүү министрлигине шилтеме берип кабарлаган.

Казакстандык бир катар активисттер өлкөдөгү орус телеканалдарын андагы Украинадагы окуялар боюнча бир тараптуу маалымат таратканы үчүн кыскартууну сунуштап келет.

16-апрелде Санкт-Петербургда өткөн “Евразиялык экономикалык келечек” деген аталыштагы форумда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Ильяс Умаханов бирдиктүү евразиялык медиа ресурс негиздөөнү сунуштады. Анын пикиринде, бул ресурс Евразия экономикалык биримдигин бекөмдөөгө өбөлгө болот. Парламентарийдин сунушу Казакстанда айрым активисттердин кескин сынына кабылды.

Орусиянын Биринчи каналынын 51 пайызына федералдык өкмөт ээлик кылат. Анын калган 49 пайыз үлүшү орус олигархтары Роман Абрамович менен Юрий Ковальчукка таандык. Эл аралык коомчулукта аталган каналга “Кремлдин саясатын ашыра пропагандалап, маалыматты бурмалап таратат” деген сын айтылып келет.

XS
SM
MD
LG