Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Орусия каналдарын соцпакетке киргизгиси келет


Кыргызстан орусиялык телеканалдарды социалдык пакетке киргизиши мүмкүн. Расмий Москва өз каналдарынын Кыргызстанда үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүнө кам көрүүдө.

Өткөн аптанын этегинде Бишкектеги жыйында орус өкмөтүнүн өкүлү Алексей Волин Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн кийин Орусиянын телеканалдары бир катар жеңилдиктер каралган социалдык пакетке кириши керектигин айтты. Кыргыз бийликтери буга каршы болгон жок.

Бишкекте 29-майдагы талкууда Орусиянын байланыш жана массалык коммуникация министринин орун басары Алексей Волин эки өлкө экономикалык кызматташтыгын бекемдеп жаткан чакта орус телеканалдары социалдык пакетке кириши абзел экенин кыйытты.

Санариптик берүү боюнча кыйла тажрыйбалуу Москва өз кезегинде Бишкекке техникалык жардам жана кеп-кеңеш убада кылды.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Алексей Волин менен жолугушууда Кыргызстан Москвада даярдалган берүүлөрдүн көрсөтүлүшүнө кызыкдар экенин айтты.

Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Маалымат департаментинин жетекчи орун басары Салкын Сарногоева азыр бул маселенин жол-жобосу каралып жатканын кабарлады:

- Каналдар негизинен экинчи коммерциялык мультиплекске кириши мүмкүн. Анткени биринчи мультиплекс толуп калган. Ошондуктан экинчисине киргизүү жактарын карап жатабыз.

Таңууланган чечимби?

Анткен менен Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Максат Сабиров өкмөт телеканалдарды социалдык пакетке киргизүү маселесин кылдат чечиши керек деп эсептейт:

- Өкмөт санариптик берүү боюнча долбоорлорун берген. Ал жакка социалдык пакетке кайсылар кирет, акча кандай бөлүнөт - мунун баары көрсөтүлгөн. Эгер дагы кошумча сунуштар болсо, алардын баарын карап көрүш керек.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин баамында, чечим эки тарапка тең пайдалуу шартта кабыл алынышы зарыл:

- Орусия өз телеканалдарын Кыргызстанда көрсөтүү максаты бар болсо, анда кандайдыр бир келишим түзүп, коммерциялык жол менен чечсе болот. "Каналдар көрсөтүлүшү керек, милдеттүүсүңөр" деп айткан туура эмес. Туура, ОРТ, РТР өңдүү орус каналдарынын берүүлөрү кызык, Кыргызстанда көрөрмандары көп. Бирок биз өз кызыкчылыгыбызды да унутпашыбыз керек. Коммерциялык жол менен, бизге акча төлөп, же болбосо кандайдыр бир пайдалуу жагы каралган келишимдин негизинде чечиши керек. Таңуулоо жолу менен чечүү туура эмес.

Эл аралык келишим боюнча Кыргызстан ушул айдан тарта санариптик берүүгө өтө башташы керек. Аналогдук берүүлөрдү өчүрүү алгач чек аралаш аймактардан башталат. Өкмөт санариптик берүүлөр үчүн 200 миллион сом бөлгөн. Каражат социалдык пакетке кирген телеканалдарды колдоого, контенттерин толтурууга жана керектүү жабдууларды сатып алууга жумшалат деп айтылган. Социалдык пакетке кирген телеканалдарды бекер көрүүгө болот жана өкмөттөн атайын акча берилет.

Маалымат коопсуздугу назарда

Коомдук ишмер, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Кубан Мамбеталиев орус телеканалдарынын социалдык пакетке киришин кубаттап жатат:

- Биз экономикалык биримдикке кирбедикпи. Биз ошол биримдик жана ага кирген мамлекеттер тууралуу маалыматты орус каналдарынан албаганда кайдан алмак элек? Бул жерде эч кандай кемсинтүү, же чатак жагдай жок. Мисалы, орус каналдарын көргүсү келбегендер аны өчүрүп коюп башкасын көрө берет. Мен мамлекеттин мындай саясатын толук колдойм.

Манас Саматов
Манас Саматов

Бирок кыргыз коомчулугунда орус телеканалдарынын социалдык пакетке киргизилип жатканына каршы чыккандар бар. Жарандык активист Манас Саматов муну маалымат коопсуздугуна каршы чабуул катары баалады:

- Орусиянын саясатын өзүбүз акча төлөп көрсөткөнүбүз биздин кызыкчылыгыбызга каршы келет. Орусия тараптан кадимкидей маалымат согушу жүрүп жатат. Биз аны түшүнбөй жатабыз. Эгер ким орустардын телеканалдарын көргүсү келсе, тарелкасын коюп алып көрө берсин. Эмне үчүн биз бюджеттин акчасын коротушубуз керек? Бул иш-аракеттер өкмөттө кандайдыр бир саткын күчтөр отурабы деп жоромолду пайда кылат.

Орусиянын телеканалдарына байланыштуу талкуу-талаш токтобой келет. Эки ай мурун кыргыз өкмөтү Коомдук телеканалга Орусиянын Биринчи каналынын берүүлөрүн таратууну тапшырган жана Каржы министрлигин былтыркы карызын төлөп берүүгө милдеттендирген. Андан мурдараак Жогорку Кеңеште Биринчи каналдын берүүлөрүн таратуу үчүн акча төлөөнү токтотуу маселеси көтөрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG