Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Бишкекте экс-прокурор аткан жаран камалды


Бишкек, Кыргызстан
Бишкек, Кыргызстан

Башкы прокурордун мурунку орун басары Темирбек Бекмаматов травматикалык тапанча менен жарадар кылган адам камакка алынды.

14-июнда Бишкекте Бекмаматов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүсү Адилет Байбосуновдун унаасы кагылышып, ортодо чыр чыккан.

Баш прокурордун мурунку орун басары айдоочу мас болгонун жана кол көтөргөнүн, мындан улам өзүн жана унаадагы үй-бүлөсүн коргоп травматикалык тапанча колдонгонун айтууда. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Жол кырсыгы Бишкектеги Түштүк магистралда кечке жуук болгон. Интернетке жарыяланган видеолордон башкы прокурордун мурунку орун басары Темирбек Бекмаматов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүсү Адилет Байбосуновдун арачыларга карабай бири-бирине жулунуп, түртүшүп жатканын көрүүгө болот.

Темирбек Бекмаатов
Темирбек Бекмаатов

Жол кырсыгына байланышкан чатак тууралуу Темирбек Бекмаматов “Азаттыкка” маек куруп, өзүн жана үй-бүлөсүн коргоп, травматикалык тапанча колдонууга аргасыз болгонун айтты:

- Балдарым менен кетип бараткам. Менин унаамды сүзгөнү аз келгенсип, чыгып алып мени коркутуп, сөгүп атпайбы. Токто десем, токтогон жок. Мен травматикалык тапанча менен аттым, бул мыйзам чегиндеги нерсе. Ал аябай мас, бутуна тура албаган абалда болчу. Бизден жаш экен, кырсыктан кийин “эмне болдуңар, амансыңарбы?” деп абалыбызды сурагандын ордуна сөгүп, кол көтөрдү. Мен өзүмдү жана үй-бүлөмдү коргодум. Мага же үй-бүлөмө кол салгандар ушундай жооп алат. Ал саатына 150 чакырым менен жүрүп бараткан, мени коюп кетпегенде, башка бирөөнү өлтүрүп коймок.

Жол кырсыгына себепкер болду деген Адилет Байбосуновго кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, ишти шаардагы Ленин райондук милициясы тергеп жатат:

- Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иш козголду. Соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Бул окуя ушул тушта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Жол кырсыгына байланыштуу чатакта травматикалык тапанчанын колдонулушун сынга алгандар да жок эмес.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Прогресс” коомдук фондунун төрагасы Адил Турдукуловдун баамында, бул окуя коомчулуктун ашкере криминалдашып баратканынан кабар берет:

- Мурунку жана азыркы чоң чиновниктер, айрыкча күч органдарынын өкүлдөрү, укуктун негизинде эмес, көчөдө курал, тапанча колдонуп, муштум менен чырдашып жатса, анда биз жөнөкөй жарандар укугубузду, коопсуздугубузду кантип коргойбуз, мыйзамды кантип сактайбыз деген суроо туулат. Мисалы, азыр карапайым адамдарды дубалдан секирип, мыйзам бузушту деп айыптап жатышпайбы. Бизге үлгү боло турган, укугубузду коргойт, коррупцияны жок кылат деген аткаминерлерибиз ушинтип жатса, жарандарыбыздан мыйзамды сактоо тууралуу кантип талап кылабыз деген суроо жаралат.

Ушул жазда Темирбек Бекмаматов башкы прокурордун орун басары болуп турганда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Руслан Умаров менен чырдашкан. Умаров Бекмаматовду аткезчиликти калкалайт деп айыптаган, Бекмаматов болсо дооматты каралоо деп атаган. Бул маселе парламентте да талкууланып, атүгүл депутаттык топ түзүлгөн болчу.

Темирбек Бекмаматов саясий ишмер, маркум Бекмамат Осмоновдун уулу жана “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG