Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Кризистин эпкини курулушка да тийди


Бишкек. 2014-жыл
Бишкек. 2014-жыл

Экономика министрлиги алты курулуш компаниясы банкрот болгонун жарыялады. Бул арада курулуп жаткан үйлөрдөн батир алгандар тынчсызданып, компанияларга каттап жатышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, "Корпорация Азия курулуш”, “Метимпекс”, “НИК ХХI ЛТД”, “ЗА и Р”, “Курулуш Атлант Холдинги” жана “Алем Билдинг инвестициялык группасы” 2009-жылдан ушул кезге чейин сот чечими менен банкрот деп табылган.

Экономика министрлиги аталган компаниялар учурда үйлөрдү курушпаганын, ал эми үй куруп жаткандардын арасында банкроттук процесске туш болгондору жок экенин кабарлады.

Бул арада кризистен улам айрым курулуш компаниялары жабылып жатыптыр деген каңшаар чыгып, аны текшергендер да болду. Жаш дарыгер Орозбек Муратов “КЖ групп” компаниясынан батир алган:

- Курулуш компаниялары жабылып жатыптыр, анын арасында «КЖ групп» да бар деп досторумдан угуп, текшергени кеңсесине бардым. Иштеп эле жатат, курулушу деле токтобоптур. Өздөрүнүн айтуусу боюнча, кардарлар акчаны кечиктирип төгүп жатканы үчүн иш кечеңдеп турат. Бирок үйдү убагында бүтүрүүгө аракет кыларын айтышты.

Бишкек. 2014-жыл
Бишкек. 2014-жыл

Аталган ишкананын директор орун басары Марат Өмүров да банкрот болууга негиз жоктугуна ишендирүүдө:

- Мыгыбызды кагып, арабабызды түртүп жатабыз. Эч жерде курулушубуз токтогон жок. Бирден-экиден имарат салгандар балким кыйналып, жабылуу коркунучуна кабылышы мүмкүн. Бирок биздин ар кайсы жерде курулуштарыбыз бар, андай коркунучка кептелген жокпуз.

Ошол эле учурда калаадагы дагы бир "Эмарк строй" курулуш компаниясы доллар өскөнү кардарлардын төлөмдөрдү кечиктирип жатканын танган жок. Жагдайга байланыштуу компания түрдүү ыкмаларды колдонуу менен кыйынчылыктан кутулууну көздөйт. Ишкананын коммерциялык директору Самат Дөөлөтбаков:

- Азыр биздин максатыбыз жаңы батир сатуу эмес. Максатыбыз - төлөмдөрдү алуу. Себеби көп кардарларыбыз ушул жаатта кыйналууда. Мурда алар пландаганда доллар башка курста болчу, азыр башка. Батирлерибиздин дээрлик баарын сатып бүткөнбүз. Бирок акчасын алууда кыйынчылык болуп жатат.

Бишкектеги курулуш
Бишкектеги курулуш

Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин жетекчиси Элдар Абакиров жабылып жаткан жогорудагы алты компания учурдагы кризиске тиешеси жоктугун, ал эми азыр иштеп жаткандарда өндүрүш үч эсе азайганын, иш мындай ыргакта кете берсе, азыр иштеп жаткандардын айрымдары деле жабылышы мүмкүндүгүн эскертет:

- Эми банкрот процесси узак мөөнөт жүрөт да. Жабылгандардын экөөн билем, алар 5-10 жыл мурда эле көйгөйлүү компания болчу. Аларга азыркы кризис таасир эткен жок. Бул кризистин таасиринде банкрот боло турган компаниялар келерки бир-эки жылда билинет. Биздин курулушчулардын абалы кыргыз экономикасына, өкмөттүн кылган ишине, ишкерлердин жагдайына байланыштуу.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргендеги келишимге ылайык, курулуш тармагы аталган биримдик ичинде эркин жүргүзүлө турган ишкердик тизмесине кирген. Арийне, жарым жылдан бери аталган өлкөлөргө иш которуп кеткендер тууралуу маалымат жок. Муну курулушчулар биримдиктин өлкөлөрүндө деле каатчылык катуу экендиги менен түшүндүрүшөт.

Өткөн жылы курулуш тармагынын экономикалык өнүгүүдөгү үлүшү 22% ашуун болсо, быйыл ал көрсөткүч 14% түштү. Тармактын өнүгүшүнүн минтип аз-аздан жайлай башташы өнөржай өндүрүшүнө таасир тийгизип, курулуш материалдар базарынын соодасынын солгундашына алып келүүдө. Курулуш материалдарынын 30% жакыны жергиликтүү өндүрүшчүлөр тарабынан чыгарылат. Буларга кошумча, Орусиядагы мигранттардан келчү акча 42% азайып, кардарлардын сатып алуу жөндөмү төмөндөөдө.

XS
SM
MD
LG