Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"


Раимбек Матраимовдун уулунун Инстаграммдагы сүрөтү
Раимбек Матраимовдун уулунун Инстаграммдагы сүрөтү

Кыргызстан эгемендикке жеткенден бери оңуп кеткен “эркетайлар” феномени социалдык тармактар пайда болгондон тарта кайра бажырайып гүлдөгөнү байкалат.

Азыр социалдык тармактардан кимге байланыштуу болбосун маалымат табууга болот. Коомчулук дайыма белгилүү адамдар тууралуу кабарга кызыгат эмеспи.

Биз дагы Кыргызстандын аткаминерлеринин чүрпөлөрүнүн жашоосу тууралуу билгибиз келип, алардын интернеттеги баракчаларына “саякат” жасадык. Кызыгы “эркетайлар” дүйнөнүн чар тарабында жүргөн, алдыга умтулган, көп тил билген жаштар болуп чыкты. Анан албетте, саясий жана экономикалык кыйынчылыктын эпкини аларга тийбегени көрүнүп турат.

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет. Бирок ошентсе да калыстык үчүн айта кетүү зарыл, “эркетайлар” арасында эл катары жүргөндөр да жок эмес. Кыскасы, саясатчы жана аткаминерлердин балдары алардын ата-энелериндей эле ар кандай экенин көрүүгө болот.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун уулу Инстаграммга атасы менен футбол ойноп жатканын, лыжа тепкенин, Чарльз дарыясында спорт кайыгы менен сүзүп, машыккан сүрөттөрүн жайгаштырган.

Ал эми кызы социология жана психология жаатындагы жетишкендиктери тууралуу дайыма кабарлап турат. Асановдун чүрпөлөрү социалдык тармакта Массачусетс (Бостон, АКШ) университетинин студенттери экенин жазышкан. Бул жогорку окуу жайына тапшырган студент жылына 30 230 доллар төлөп окуйт. (Жашаган жеринин ижара акысын, баскан-турганына кеткен чыгымды кошпогондо).

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун балдары да күндү кантип өткөргөнү тууралуу сүрөттөрүн жарыялап турушат. Бирок макала даярдалып жатканда алар Инстаграммдагы аккаунтун өчүрүп салышты.

Уулдары футбол ойнойт. Сүрөткө караганда уулу студент, өз ырын жаздырган.

Заманбап бардык жаштардай эле алар достору менен ар кайсы өлкөгө барганын, машиненин жана кемелердин жанында туруп сүрөткө түшкөндү жактырарын байкоого болот.

Матраимовдун үй-бүлөсү спортту, айрыкча футболду сүйгөндүгү жана ага меценанттык кылганы менен таанымал. Ата жолун балдары дагы улаган.

Матраимовдун дагы бир уулу мектепти бүтө элек. Ал Инстаграммда Британия жана Дубайда “Арсенал” футбол командасынын мектебинде машыгып жаткан видеосун койгон.

Матраимовдун студент уулу жашынан эле өзүн чыгармачыл чөйрөдөн тапкысы келген. Музыкалык клиптерди тартып, аны Ютубдагы өзүнүн каналына жайгаштырган.

Инстаграммда Матраимовдун 14 жаштагы уулунун сүрөтү бар. Анын кол сааты швейцариялык Hublot компаниясыныкына окшош. Сүрөт сингапурдук Marina Bay Sands мейманканасынын инфинити-бассейнинин фонунда тартылган.

Бул мейманкананын эң арзан номери суткасына 600 доллар турат.

Hublot компаниясы Louis Vuitton, Givenchy, Guerlain, Chaumet, Moët & Chandon, Hennessy өңдүү кымбат брэнддерди чыгарган LVMH холдингине кирет.

Окуучу уулунун колунда болсо дүйнөдө 500 экземпляр гана болуп чыккан King Gold Carbon Ferrari саатын көрүүгө болот. watchtime.com сайтында мындай сааттардын баасы 43 миң 600 АКШ доллары экени жазылып турат. Hublot саатынын оригиналынын жасалмадан айырмасын detectafake.com. сайтындагы жазылган критерийлер аркылуу ажыратып билсе болот.

Мектепте окуган уулу яхтада
Мектепте окуган уулу яхтада

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун уулу Инстаграммдагы сүрөттөрүнө караганда АКШда иштейт. Ал өз баракчасында үй-бүлөсү тууралуу өтө жылуу сөздөрдү жазган. Ал Америкада саякаттап, серфинг жана футбол менен машыгат.

Равшан Жээнбековдун баласынын Инстаграммдагы баракчасы
Равшан Жээнбековдун баласынын Инстаграммдагы баракчасы

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун балдары социалдык тармактардан улам жупуну жашоону тандаганын байкоого болот.

Асылбек Жээнбековдун чырайлуу кызы жергиликтүү ЖОЖдордун биринде окуйт, эл катары маршруткага түшөт. Өтө карапайым жана ата-энесин урматтап, сыйлап турат.

Жээнбековдун уулдары өз курбалдаштарынан көп айырмаланбай жашаганды жактырып, атасынын партиясын мактап үгүттөгөнүн көрүүгө болот.

Жээнбековдун баласынын Инстаграммдагы баракчасы

Жээнбековдун уулунун Инстаграммдагы баракчасынан алынган сүрөт

Жээнбековдун уулунун Инстаграммдагы баракчасынан алынган сүрөт

XS
SM
MD
LG