Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

“Дордойдун" ордуна казактын "Хоргосу"


"Хоргос" базары
"Хоргос" базары

Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы "Хоргос" базарына Кыргызстандан да соодагерлер каттап, товар ташып жатышат.

Казакстан менен Кытай чек арасындагы жалпы аянты 528 гектар "Хоргос" базары иштеп жатканына бир жылга жакындап калды. Аталган базарга Кыргызстандан да соодагерлер каттап, товар алып келишет. Бирок базардан кеңири соода кылууга казак тараптын айрым чектөөлөрү мүмкүнчүлүк бербей жатканы “Хоргос” жакын арада “Дордойдун” ордун алмаштырат деген пикирлерди жокко чыгарууда.

Кытайдан көрө “Хоргос” ыңгайлуубу?

Казак-кытай чек арасындагы "Хоргос" базарына Бишкектен жумасына эки ирет автобустар каттайт. Шаршемби күнү кечинде борбор калаадан чыккандарга Казакстандын Кордай шаарынан дагы соодагерлер кошулуп, андан ары Алматыны көздөй сапар тарттык.

Казакстандын мурдагы баш калаасына түнкү саат 12ге чукул жеттик. Ал жерден бизге дагы бир нече соодагер кошулду да, автобус “кайдасың Хоргос?” деп багыт алды. Түнү менен жүргөн автобус таңкы саат жети жарымда Кытай менен Казакстандын чек арасындагы Хоргос айылына кирип келди. Айылдын аты жана чек арадагы орток аймактын аты Хоргос-Коргас суусунун атынан алынган экен.

"Хоргоско" сапар тартуу
"Хоргоско" сапар тартуу

Казак-кытай чек арасындагы текшерип өткөрүү бекети саат тогуздан кечки алтыга чейин иштейт. Бекет ачылганча Бишкектен соода кылганы бара жаткан айрым соодагерлерди кепке тарттым. Өзүн Гүлбара деп тааныштырган соодагер айымдын “Дордой” базарында иштегенине он жылдан ашыптыр. Айтымы, буга чейин товарды Кытайдын Үрүмчү шаарынан алып келчү экен. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден тарта Кытайга чыгуу оңой болбой калганын айтып, бир жагынан виза маселеси кыйнаганын, экинчи жагынан Кытайдан алган товарлардын бажы төлөмү кымбаттаганы оорчулук жаратканын айтты:

- Кытайга виза алуу оор болуп калды. Мурда жеке виза алып кете берчүбүз. Азыр болсо он кишиден турган топко гана ачабыз деп, бербей жатышат. Он кишини кайдан табасың? Экинчиден, Кытайдан алынып келген товарга бажы төлөмдөрү эселеп кымбаттады. Биз товар баасын көтөрсөк, эл албай атат. Бизден товар алып жүргөн казактардын баары "Хоргоско" кетишти. Эми алардын артынан биз да бара баштадык. Дүңүнөн алып, дүңүнөн сатып жүргөн биз бул базардагы “экиден ашык окшош буюм алба” деген чектөөдөн аябай жүдөдүк. Салмагынан бир аз ашып кетсе, казак бажычылары 5-10 миң теңгеден кошумча акча сурашат. Айла жок беребиз. Мурда “Дордойдон” 150 аял Кытайга каттачубуз. Эми он чакты да чыкпайт.

"Хоргос" базары
"Хоргос" базары

Дагы бир маектешим Майраш мурда Ысык-Көлдөн "Дордойго" келип, соода кылып жүрчү экен:

- Жумуш жок, иштебейм. Мурда Бишкектен эле товар алып кетип, айылдагы келиндерге айлык акыга, сүттүн акчасына жана башка нерселерге деп сатчумун. "Хоргоско" Бишкектен автобус каттай баштагандан бери, бул жакка келип калдым. Анткени “Дордойдо” мурдагы баалар жок, баары кымбат. Бул жактан бир топ эле арзан түшөт. Кээде казак бажычыларынын айрым кылыктарына чыдабай, “экинчи келбейм” деп кетебиз. Бирок кайра эле келип атабыз, айла жок.

"Хоргос" базарына Бишкектен башка Казакстандын булуң-бурчунан соодагерлер келет. Чек арадагы бажы көзөмөлү ачыларына бир саат калганда эле автобус-машиналар менен келген эл сырттагы темир тордун жанына котолоп үйүлүп, кезекке турат.

"Хоргоско" барган соодагерлер
"Хоргоско" барган соодагерлер

Биз бейшемби күнү баргандыктан, ал күнү эл азыраак болду. Дайыма келип жүргөн соодагерлердин айтымында, ишемби-жекшемби күнү эл көп болот, Алматы-Алтынкөл багытында поезд жык-жыйма соодагерлери менен келет.

"Хоргос" базарынын жалпы аянты 528 гектар. Базардын негизги бөлүгү 343 гектары Кытайдын аймагында, 185 гектары Казакстандын аймагында жайгашкан. Базар Казакстандын паспорттук – бажы көзөмөл бекетинен ары дагы бир чакырымдай аралыкта турат. Бекеттен ары базарга атайын автобустар жүргүзүлгөн.

Чекеге тийген чектөөлөр

Көзөмөл бекетинин ачылуусун күтүп, казактын талаасындагы улуган шамалга жүзүбүздү тосуп, бир сааттай турган соң, бажы көзөмөлү ачылды. Котолоп турган эл көзөмөл бекетин айланта курчаган темир тордон он-ондон гана өткөрүлүп, паспорттук текшерүүгө киргизилет. Паспорттук-бажы көзөмөлүн күтүп турган учурда казак бажычылары соодагерлерге "Хоргостон" товар алып чыгуу тартибин түшүндүрүп жатышты. Ага ылайык, бир кишинин эки колунда көлөмү 50Х70Х20 сантиметрден ашпаган көлөмдө эки баштык болууга тийиш. Баштыктардын жалпы массасы 35 килограммдан ашпоосу керек. Ошондой эле эрежелер боюнча бир киши эки даанадан ашык окшош товар алып чыгууга да укуксуз.

"Хоргос"
"Хоргос"

Мындай эрежелерге "Хоргос" базарындагы соодагерлер нааразы экенине базарга киргенден кийин ынандык. Анткени мындай чектөө өтө чоң аянтты ээлеп турган базардын дүң баада соода кылуусуна терс таасирин тийгизерин "Хоргос" базарында телефон сатып соода кылган кытай ишкери айтты:

- Биз каалагандай соодагерлер жок. Казакстанда кризис болуп, теңгенин куну кетти. Анын үстүнө биздин базардан соодагерлерге дүңүнөн сатып алууга казак бийлиги уруксат бербей жатат. Бизге майда соодагерлер гана келип атышат. Минтип отурса, бул базардын келечеги жок. Жабылат.

"Хоргос" базары кытай-казак чек арасында жайгашып, орток базар аталганы менен азырынча Казакстан тарабында ишке киришкен соода борборлору жок. Ал эми Кытай тарапта кадимкидей заманбап шаар курулуптур. Бири-биринен өтө алыс эмес жайгашкан беш ири соода борборлорунун ортосунда автобустар, таксилер каттап турат. Орус тилдүү сатып алуучулардын көңүлүн буруу максатындабы Кытай тарапта орустардын салттуу музыкалары жаңырып турду. Ошондой эле соода борборлорунун ичи-тышындагы жазуулар да кытай тилинде жана сабатсыз которулган орус тилинде жазылыптыр. Базардагы соода негизинен казак теңгеси менен жүрөт, бирок евро, доллар, юань менен да соодалашууга мүмкүнчүлүк бар. Соодагерлердин баары кытайлар, айрымдары чала-була орусча сүйлөйт, көпчүлүгүнүн казак котормочулары бар.

Бажы өтмөгү
Бажы өтмөгү

​"Хоргос" базарына негизинен соодагерлер шейшеп-жууркан, аялдардын жана балдардын кийим-кечелерин, аялдардын сумкаларын, оюнчуктарды, велосипеддерди сатып алууга барышат. Мындан тышкары аталган базарда кол телефондордун түрдүү маркалары арзан баада сатылат. Бишкектен барган соодагер жигит Элмурат 20 даанадай Айфон сатып алды. Бишкекте аны бир жарым эсе кымбат сатса болорун божураган соодагер телефондорун казактардын бажы көзөмөлүнөн өткөрүп берүүбүздү өтүнүп, улам бирибиздин баштыктарыбызга шыкап атты. Андай шыбагадан мен да куру калбадым. IPhone 5S үлгүсүндөгү телефондун ар бири биздин сапарлашыбыз үчүн 60 миң теңгеден айланыптыр, бул кыргыз сомуна алмаштырганда 12 миң сомдун айланасында болот.

"Хоргостогу" беш ири соода борборунун бирин “Кинг Конг” дп аталган соода борборунда жалаң кымбат баалуу аң терилерден тигилген тондор сатылат. Тондордун баалары 100 миң теңгеден 1 миллион теңгеге чейин. Азырынча соода борборлору бош, дагы соодагерлерди күтүп жатканы байкалат. Кытайлык сатуучулардын айтуусу боюнча базардагы соода түйүндөрүнүн ижара акысы жайгашкан ордуна карап, бир айга чарчы метри 20 доллардан 50 долларга чейин.

“Жардамчылардын” кызматы

Базар саат тогуздан кечки төрткө чейин иштейт. Бул аралыкта соода кылып жетишпегендер үчүн мейманкана бар. Жогоруда айтылгандай, базардан бир киши болгону 35 килограмм жүк алып чыга алат. Бирок ошол эле базарда жергиликтүү казактар “жардамчы” болуп иштешет. Тагыраагы, соодагерлерге талаптан тыш көбүрөөк өлчөмдө товар чыгарууга жардам беришет. Алардын бири, базарга коңшулаш айылдын тургуну Макпалды товар алып чыгып коюп, чай ичип отурган жеринен кепке тарттык:

Макпал
Макпал

- Биз жакын жердеги айылда турабыз. Күн сайын келип, "Хоргос" базарына кирип, товар алып чыгабыз. Кээде өзүбүзгө келген товарды алып чыгабыз. Көбүнчө эки жактан келген соодагерлерге жүк алып чыгып жардам беребиз. Жүктүн 1 килограмм үчүн 250 теңге алдык, бирок бул баа кымбаттайт. Себеби бүгүн Астанадан комиссия келди деп атышат. Биздин көп келиндерди киргизбей коюшту. Баалар кымбаттаганда 500-600 теңге болот жүктүн 1 килограмм.

- Дем алыш күндөрү киши көп болобу?

- Көп болот. Казакстандын булуң-бурчунан келишет. Кыргызстандан да көп келет адамдар. Поезд менен орустар келишет. Поезд келген күнү эл көп болот.

“Хоргостун” курулуп, иштей баштаганынан чочулоого негиз жок. Ал базарга деле кыргыздар барып соода кылышат, көрөсүңөр го.
Амир Закиров

Соодагерлер Кыргызстан ЕАЭБге киргени Кытайга түз каттап, товар алып келип сатуу оорлогонун айтышат. Буга биримдиктен тыш өлкө катары Кытайдан келип жаткан товарлардын бажы төлөмдөрү кымбаттаганы негизги себеп. Ушундан улам Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери “Дордой”, "Карасуу" базарлары реэкспорттон уттурууда. Өзгөчө Кытайдын товарларын Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга сатуу жагы дээрлик басаңдаган. Байкоочулардын баамында, казактар мындан пайдаланып, “Дордойдун” ордун “Хоргос” базары менен басуу аракетин жүргүзүп жатат. Анткени, мурда “Дордойго” келип соода кылып жүргөн негизинен казак соодагерлер "Хоргоско" карай агылууда. Алардын арасында кыргызстандык соодагерлер, ошондой эле “Дордойдун” өзүндө соода кылгандар да бар. Анткени, "Хоргоско" Казакстан аркылуу барып соода кылуу арзанга түшөт, көпчүлүк соодагерлердин негизги утушу – Кытайга визасыз кирүү болууда.

“Хоргосто” Кыргызстандын товарлары сатылмакчы

"Хоргос" базарынын ачылып, толук кандуу иштей баштаганына бир жыл боло элек. Базардын казак тарабы али курула электигине күбө болдук. Кыргызстандык ишкерлер “Хоргос” базарына Кыргызстанда тигилген кийим-кече, жууркан-шейшептер менен кирүүнү көздөшүүдө. Алматы шаарында соода кылган мекендешибиз Равшан Асанов базарды байкап көрүп, анда “Кыргызстанда тигилген” бренддеги товарларды сатуу дымагы менен бөлүштү:

​- Биздин товарлар жакшы. Кийим-кечелер Түркияныкынан, Кытайдын товарларынан сапаты жагынан калышпайт. Баасы арзан. Ошондуктан, суроо-талап да көп. Буйруса, байкап туруп, “Хоргосто” соода түйүнүн ачсам деген ой бар. Ал жерге Кыргызстанда тигилген кийим-кечелерди сатам.

Алматыдагы “Барыс” базарында соода кылган Шайниса Эгемжарова он жылга чукул убакыт Кытайдан төшөнчү-жууркан, шейшеп ташып сатып келген. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин, аны Кыргызстанда тигилген жууркан-төшөнчүлөргө алмаштырдым дейт:

- Бажы биримдигине киргенче Кытайдан алып келинип сатып жүрдүк. Былтыр августтан бери ал жактан товар алып келе албай калдык. Себеби, кымбат болуп калды. Анан Кыргызстандагы “Азия-Руно” деген ишкана менен кызматташып, нукура жүндөн кабылган жууркандарды, өзүбүздө тигилген шейшептерди сата баштадым. Сапаты мыкты, нааразычылык жок. Өзүмдүн он жылдан берки кардарларыма кыргыздын жүн жууркандарын сунуштап атам.

"Хоргос" базары
"Хоргос" базары

“Хоргос” базары азырынча аянты жагынан Борбор Азиядагы эң чоң базар болууда. Бирок соода түйүндөрүнүн саны жагынан “Дордойго” жетпейт. Ушундан улам, айрым эксперттер “Хоргос” базары жакынкы убакытта “Дордойду” басып өтө албасын белгилешүүдө. Кытайда иштеген ишкер Амир Закиров ал үчүн “Дордой” базары заманбап болуп өнүктүрүлүүгө тийиш деген пикирде:

- “Дордой” базары азыркы кебетесинде кала бербей, өнүгүүгө тийиш. Ири соода товарлары курулуп, соодагерлер ошолордун ичине кириши керек. Соода кылганы келгендер да балчык кечпей, таза, жылуу имараттарда кенен кыдырып, товар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Анан дагы бир нерсе айтып коеюн, “Хоргостун” курулуп, иштей баштаганынан чочулоого негиз жок. Ал базарга деле кыргыздар барып соода кылышат, көрөсүңөр го.

"Хоргос" базарынын келечегине Казакстан тараптын чектөөлөрү да балта чабуусу мүмкүн. Мындай ири аянтта, үлкөн максаттар менен курулуп жаткан базардын соодасы да чоң болбосо, товардын көлөмүнө жана салмагына салынган чектөөлөр “Хоргостун” соодасын бат эле бүтүрчүдөй.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG