Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Сот Батыровдун үйүн Бакиевге алып берди


Кадыржан Батыровдун талашка түшкөн үйү, Сузак району
Кадыржан Батыровдун талашка түшкөн үйү, Сузак району

Кадыржан Батыров 2010-жылга чейин үй-бүлөсү менен жашаган турак жай соттун чечими менен Санжар Бакиевге өткөрүлүп берилди.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Тейит айылындагы ата конушунун өрттөлүшүнө байланыштуу анын жакындары Батыровдун үстүнөн чыгымды төлөтүү үчүн сотко кайрылган. Бирок Батыровдун жакындары бул турак жай анын атында эместигин жана документтер бурмаланып Санжар Бакиевге мыйзамсыз берилип жатканын айтып чыгышты.

Бышкан кыштан салынган Батыровдун тамы Сузак районунун Дмитриевка айылынын Пахта көчөсүндө жайгашкан.

18-майда райондук сот аткаруучулар тарабынан короо сыртындагы темир тосмо бузулуп, тиешелүү кызматтын адамдары үй ичине киришти. Күбөлөрдүн катышуусунда буюмдар Батыровдун жакындарына өткөрүлүп берилди. Айыл башчысы Абдувахап Бабаназаров буларга токтолду.

- Үйгө кирген учурда килемдер, телевизор жана башка буюмдар бар экен. Баары кылдаттык менен кошуна жашаган бир тууганына өткөрүлүп берилди. 2010-жылга чейин бул жерде Кадыржан Батыров өзү жашаган. Ал кеткен соң агасынын кызы кирген. Укук коргоо органынын кызматкерлери жана күбөлөрдүн катышуусунда баарын протокол менен өткөрүп бердик.

Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Тейиттеги үйүндө журналисттерге интервью берген, 11-апрель, 2010-жыл
Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Тейиттеги үйүндө журналисттерге интервью берген, 11-апрель, 2010-жыл

2010-жылдын май айында Сузак районунун Тейит айылында жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакивдин жана анын жакындарынын үйү Кадыржан Батыровдун колдоочулары тарабынан өрттөлгөндүгү айтылып келет. Бул окуядан соң Бакиевдин туугандары чыгымды өндүрүү максатында Батыровдун үстүнөн сотко кайрылган.

Жалал-Абад шаардык соту 2011-жылдын апрель айында Кадыржан Батыровдун үстүнөн 7,4 миллион сомго доо коюп, аны өндүрүп берүү чечимине келген. Кийин облустук сот ал өкүмдү күчүндө калтырган дейт Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысы Динислам Кожоакматов:

- Соттун аткаруу барагы бизге келип түшүп, Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлктөр текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында Сузак райондук мамкаттоо бөлүмү берген тактама менен Кадыржан Батыровго тиешелүү, Сузак районунун Дмитриевка айылындагы Пахта көчөсүндө жайгашкан №134 турак жайы каттоодон өткөндүгү аныкталган. Андан соң ал үй сот аркылуу камакка алынып, чечимди аткаруу жана доону өндүрүү максатында иш алып барылган. Көз карандысыз эксперттер тарабынан 7 миллион 451 миң сомго бааланып, сатыкка коюлган. Бирок экинчи ирет арзандатуу менен коюлган сатуудан кардар чыкпаган соң облустук сот 2016-жылдын апрель айындагы чечими менен мүлктү Санжар Бакиевге өткөрүп берди.

Батыровдун мүлкүнө ээлик кылган Санжар Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жусупбек Бакиевдин уулу. Ал 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон деген айыптар менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийинчерээк Жогорку Сот бул өкүмдү жокко чыгарып, беш жылга кескен.

Санжар Бакиев, 2-ноябрь, 2010-жыл
Санжар Бакиев, 2-ноябрь, 2010-жыл

Санжар Бакиев 2014-жылдын ноябрь айында жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абак жайынан бошотулган. Менчик ээси Батыровдун үйүн кайсыл багытта пайдаланарын чече элек. Болгону ага документ даярдап жатканын билдирди:

- 2010-жылдын май айында мен турган бул үйдү, агамдын жана чоң атамдын үйүн Батыров баш болгон сепаратисттер өрттөп кеткен. Ал кезде эл аралык жана парламент депутаттарынан түзүлгөн комиссия да келип, жыйынтык чыгарган. Менин жакындарым ошол учурда Батыровдун үстүнөн сотко кайрылып, келтирилген чыгымды өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Шаардык сот ишти биз тарапка чечип берип, акырында анын мүлкүн алууну сунуштады. Мен макул болдум. Азыр Мамкаттоо аркылуу үйгө документ даярдалып жатат. Биздин чыгым ушуну менен эле жабылган жок. Жакынкы күндөрү Батыровго тиешелүү жер тилкесин алуу үчүн сотко кайрылганы жатам.

Кадыржан Батыровдун үйүндө убактылуу жашап турган анын агасынын кызы Гүлчехра Алимова орган кызматкерлери Бакиевдерге мүлктү мыйзамсыз өткөрүп берип жатканын айтууда. Анткени бул турак жай Кадыржан Батыровдун эмес, анын тун уулу Батыржандын наамында турат. Чоң аталары байырлаган ата конушту 1998-жылы эле Кадыржан Батыров уулуна мурас катары калтырган. Бирок ага карабай жасалма документтер менен сот аткаруучулар үйдү Бакиевдерге берип жатканын айтты Гүлчехра Алимова:

- Бизде мыйзам деген такыр иштебейт. Бакиевдер бизге үстөмдүк кыла баштады. Бул үй Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан 1998-жылы эле Кадыржан Батыровдон анын 1992-жылы туулган уулуна мурас катары өткөрүлүп берилген. Биздин колубузда бардык документтер жана кызыл китеп турат. Буларды Мамкаттоо жасалмалап, үйдү Санжарга сот аркылуу берип жатышат. Мен бул боюнча Сузак райондук сотуна кайрылгам, бирок маселе баары бир Бакиевдердин пайдасына чечилип жатат. Мыйзам боюнча мураска берилген мүлктү тартып алууга эч кимдин укугу жок деп эсептейм. Кечээ биздин каршы болгонубузга карабай орган кызматкерлери келип, үйдү Санжарга берип коюшту. Эми болсо анын жанындагы жер тилкесин да тартып алганы жатышат. Биз мыйзам эмес, зордук-зомбулук иштеген заманда жашап жатабызбы? Эмне кыларыбызды да билбей калдык.

Июнь окуясы боюнча айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылып, сыртынан өкүмү угузулган Кадыржан Батыровдун бардык мүлкү 2011-жылы сот чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин сот чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Алардын катарына Батыровдун азыркы Бакиевдер талашып жаткан турак жайы киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG