Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

«Дордойду» соолуткан Путиндин долбоору


"Дордой" базары
"Дордой" базары

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-22-май)

The Diplomat аналитикалык журналына «Евразия экономикалык биримдигинен үмүт кылган «Дордой» базары жоголуп баратат» деген аталыштагы журналисттер Франко Галдини менен Элиор Нематовдун талдоо макаласы чыкты.

«Мындан бир жылдай мурда эле Кытай менен Түркиянын товарын мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөргө экспорттогон, кардары батпаган Бишкектин «Дордой» базарында азыр кара кулпу кайтарган контейнерлер көбөйдү. Дүйнөлүк Банктын 2012-жылдагы отчетуна ылайык, 2008-жылы бул базарда 55 миң жумушчу орун болгон. Бир жылдык соода жүгүртүүсү 2,8 миллиард долларга жетип, Борбор Азиянын эң ири бизнес жайы болчу. Бирок Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден тарта ошол кездеги кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев убада кылган өсүш болбой эле, «Дордой» барган сайын соолуп баратат. Бул базар Орусия президенти Владимир Путиндин мурдагы советтик мамлекеттерге үстөмдүк кылам деген дымагынын эң чоң курмандыгы болду. Борбор Азиядагы мыкты кийим бренди катары таанылган жана «Дордойдун» кан тамыры болгон кыргызстандык жеңил өнөр жайдын продукциясын сатуу да солгундады. Жумушсуз калган ишкерлер, банкротко учураган соодагерлердин мындан аркы тагдыры белгисиз бойдон калууда», - деп баяндашат The Diplomat журналынын талдоочулары.

Европада балдарды соодалоо күчөдү

Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө качкындар кризиси ырбаган сайын балдарды соодалоо өрчүп баратканын Newsweek журналы жазды. Европанын адам сатууга каршы координатору Брюсселде болгон жыйында: «Бизде азыр балдар, аялдар адам соодасынын курмандыгы болууда. Көмүскө базарда алтургай кош бойлуу аялдар да соодаланып, алардын курсагындагы наристени да баалап жатышат», - деди. Дания, Литва, Швеция жана Словакияда балдарды соодалоо айрыкча күчөгөн. 2013-14-жылдары кылмыштуу топтор 15 846 адамды Европа биримдигинин аймагында сатып жиберишсе, алардын 2 375и балдар болгон. Италияда болсо Нигериядан алынып келген наристелер көп сатылып жатканы кабарланууда. Балдардын баасы 4 миңден 8 миң евро чейин, алтургай кээде 40 миң еврого чейин бааланууда деп билдиришти Еврокомиссиянын расмий өкүлдөрү.

Арам акчалар жана Лондондун түнт сырлары

Financial Times гезити Лондондогу банк кызматынан пайдаланган кылмыштардын сырын ачууга аракет кылган. «Арам акчалар жана Лондондун түнт сырлары» деген аталыштагы журналист Том Бёржистин иликтөөсүндө Британиянын баш калаасы дүйнөдөгү салыктан качкан, коррупциялык жол менен капчыгын кампайткандарды калкалаган шаарга айланганы баяндалат. BSI аттуу Лондондун чок ортосунда баш кеңсеси жайгашкан банкта АКШдан жана башка дүйнөнүн чар тарабынан акчасын жашыргысы келген адамдардын эсептери болгон. 355 кишинин 2,8 миллиард доллары дал ушул каржы мекеменин британ ордо калаасындагы бөлүмүндө сакталып келген. Швейцариянын Лугано шаарында 1873-жылы ачылган Banca della Svizzera Italiana мекемеси дүйнөдөгү эң ири 10 швейцариялык банктын башында турат. Борбор Азиянын кылмыш чөйрөсүндө таанымал делген Хофиз Шахиди жана Абдумалик Мирахмедов да акчасын BSI банкына жашырышкан. АКШда аталган банктын ишмердигине каршы иликтөө иши башталды. Бирок Лондондо арам акчаны каткан түнт сыр дале жашыруун бойдон деген көз карашта Financial Times гезитинин аналитиги.

71 жаштагы кемпир менен 21 жаштагы жигиттин махабаты

Швейцариянын соту 71 жаштагы аял менен 21деги жигиттин баш кошуу тууралуу арызын канаттандырган жок. Экөөнүн бул окуясы узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө көп талкууланган окуяга айланды. The Telegraph гезитинин жазганына караганда, Швейцарияда жашаган бул улгайган аял менен тунистик жигиттин «сүйүүсү» музыкага болгон орток кызыгуудан жаралган. Экөө азыр интернет аркылуу байланышып жатышат. 71деги кемпир мындан үч жыл мурда 18 жаштагы жигит менен рэп музыкасына арналган интернет форумда таанышкан. Ага чейин кемпирдин өзүнөн 13 жаш кичүү күйөөсү болгон.

Кийин байбиче «жигитин» көргөнү Туниске беш күнгө да барып келген. Бирок Швейцария соту тунистик жигиттин сезимдерине ишенбей, аны жөн гана миграциянын оңой жолун көздөгөн эргул катары баалады деп жазат The Telegraph.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG