Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Ош: институттагы чыр кайра тутанды


ОшМЮИнин окутуучулары Маматованын пресс-жыйындын алдында күтүп турушат.
ОшМЮИнин окутуучулары Маматованын пресс-жыйындын алдында күтүп турушат.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окутуучусу Сюита Маматова менен окуу жай жетекчилигинин чыры дагы ырбады.

Ректорат окутуучуну сотко берсе, окутуучу алардын дагы башка мыйзамсыз аракеттерин жарыялады.

Маматова буга чейин жүзгө жакын студент сабакка келбей бүтүп кеткенин, 120дай казакстандык студент окубай эле документ алганын айтып чыккан.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун мурдагы окутуучусу Сюита Маматова окуу жайдагы коррупциялык иштер тергелбей, унутулуп калганын айтып чыкты. Айрыкча Билим берүү министрлигинин ал жарыялаган фактыларга кайдыгер мамиле жасап койгонуна капа:

Сюита Маматова
Сюита Маматова

- Мен 13 мыйзамсыз ишти кайрылуу кылып Билим берүү жана илим министрлигине жазгам. Министрликтен атайын комиссия катары Суусаргүл Алымбекова деген эже келип текшерди. Оштон Маматова жана Тентимишова дегендер да ошол комиссияга кошулду. Үчөө мени чакырып, колумдагы кагаздардын баарын алышкан. Фактылардын баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Бир апта текшерип, анан мени чакырып, жыйынтыгын айтмак болушкан. Бирок бир аптадан кийин Суусаргүл Шерзадиевнага телефон чалсам трубкасын албай койду. Жооп да бербеди. Натыйжада ОшМЮИдеги коррупциялык иштерге эч ким чара көрбөдү. Баарына көз жумуп коюшту.

Сюита Маматова мындан эки ай мурда Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жүзгө жакын студент Орусияда миграцияда жүрүп эле баа алып жатканын айтып чыккан. Аларды окутуучу студенттердин түшүнүк каттары жана журнал менен далилдеген. Ал ошондой эле окуу жайда жүздөн ашык казакстандык студент окубай эле аныктама алып кеткенин айтып чыккан. Бул билдирүүлөрүн соңку маалымат жыйынында дагы ырастады:

ОшМЮИдеги студенттер журналы
ОшМЮИдеги студенттер журналы

- Казакстандык 120 студентке мыйзамсыз түрдө академиялык тактама берилген. Алты ай ичинде аларга окуду деген аныктама берип койгон. Биринчиден, алар эч качан ОшМЮИде окуган эмес. Экинчиден, мыйзам боюнча, биринчи жана бешинчи курста окуп жаткан студенттерге эч качан “окуду” деген академиялык аныктама берилбейт.

Бул фактыларды жарыялагандан кийин окуу жайдын ректору Эгемберди Токторов жана окутуучунун арызында жазылган дагы беш окутуучу Маматованы сотко беришкен. Ага карабай педагог дагы жаңы мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу жарыялады:

- Жалпы республикалык тестирлөөдө упайы жетпеген сегиз студентти дистанттык окуу бөлүмүнө кабыл алышкан. Андан кийин аларды күндүзгү окуу бөлүмүнө которуп, кадимки студенттер сыяктуу колуна диплом берип бүтүрүп жиберишти. Министрликтин талабы боюнча 110 баллдан аз алган студент болсо ал дистанттык бөлүмгө дагы, күндүзгү бөлүмгө дагы кабыл алынбашы керек. Керек болсо бир балл жетпесе да кабыл алынбайт. Далил үчүн студенттердин аты-жөнүн да атай алам. Алар: Батырбек уулу Амангелди, Кожомберди уулу Ырыскелди, Маматжанов Нуркелди, Мирзаева Нурзия, Абдилазиз уулу Сулайман, Анарбекова Канышай, Абжапар кызы Айзат, Дубанаев Бексултан. Ректордун калкалоосу менен булар соттук-прокурордук факультетин мыйзамсыз түрдө бүтүп кетишти. Мындан сырткары ЖРТнин жасалма бланкасы аркылуу окууга өтүп кеткен студенттер да бар. Маселен, Эламан Бакиров аттуу студент төрт жыл окуп, бүтүп жатканда мамлекеттик экзаменге кирбей калды. Анткени анын ЖРТдан алган бланкасы жасалма болуп чыккан.

ОшМЮИ, ректор Эгемберди Токторов
ОшМЮИ, ректор Эгемберди Токторов

Маалымат жыйын өтүп жаткан чакта Ош мамлекеттик юридикалык институтунун элүүдөй кызматкери сыртта топтолуп калган эле.

Сюита Маматова сүйлөп бүтүп-бүткүчө алар да "Акипресс" маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүнө бастырып кирип келип, Маматова жалган кабарларды жайылтып жатканын билдиришти. Окутуучулардын бири Кыргызбай Ибрагимов буларга токтолду:

- Ректораттын курамына, институттун жамаатына каршы билдирүү берип жаткан Маматованын айткандары баары жалган. Ректор Эгемберди Токторовго асылып айтып жаткан бир да сөзү туура эмес. Бул курулай доомат. Мен Сюитанын агайы катары айтайын, анын илим деңгээли жакшы эмес. Менин студентим ушинтип ойду-тоону сүйлөп чыгып жатканына агайы катары уялып жатам. Анын сабак өтүүдө деле деңгээли абдан начар болчу. Жумуштан канча жолу кетиребиз дешкенде “кой, иштеп турсун” деп жардам берчүбүз. Бирок ошол үмүттөрдү актаган жок.

Ош мамлекеттик юридикалык институту
Ош мамлекеттик юридикалык институту

Ал эми окуу жайдын жетекчилиги да бул окутуучу Сюита Маматованын билдирүүлөрү чындыкка дал келбесин айтып актанууда. Институттун биринчи проректору Мамасалы Арстанбеков буларга токтолду:

- Бул дооматтардын бардыгы тийиштүү органдар, министрлик, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан бир эмес он жолу текшерилген. Бирок бул маалыматтардын бардыгы туура эмес экенин алар аныктап чыгышты. Маматова муну эмнеге кайра-кайра айтып чыгып жатат биз такыр түшүнбөйбүз. Ал жеке кызыкчылыгы үчүн гана ушинтип жалган маалыматтарды таратканы туура эмес. Балким анын артында бирөөлөр да турушу мүмкүн.

Маалым болгондой, Сюита Маматова сабакка келбеген студенттерге баа койбой койгондон кийин аны институттун жетекчилиги жумуштан айдап жиберген. Ошол себептүү ал окуу жайдагы мыйзамсыз фактыларды коомчулукка жарыялоону эп көргөн.

Маматова өз билдирүүсүндө ректор Эгемберди Токторов окуу иштеринде жана чарбалык иштерине жумшалган 4 миллион сомдой акчаны кымырып алганын жарыялаган. Муну окуу жай жетекчилиги четке каккан. Бирок кийинчерээк Эсеп палатасы Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 2 млн. сомдой каражат мыйзамсыз иштетилгенин аныктап чыккан.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 200дөй окутуучу жана 3 миңден ашык студент бар.

Ош: окуу жай менен окутуучунун чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG