Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Дүйнө Трамптын жеңишин ар кыл кабылдады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын тарыхында 58-ирет өткөн шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президенти болуп Дональд Трамп шайланды.

Евробиримдик Трамптын жеңишин этияттык менен кабыл алса, Орусия аны кубаттады. Биржаларда акциялар арзандап, доллар нарксызданды.

8-ноябрдагы шайлоодон кийин АКШ Конгрессинин кош палатасы да Республикалык партиянын көзөмөлүндө калды.

Дональд Трамптын АКШнын президенттик шайлоолорунун тарыхындагы эң карама-каршылыктуу жана талаштуу өнөктүктөн кийинки жеңиши 50 штаттын 45индеги жана борбор Вашингтондогу добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин эле белгилүү болду.

Трамп 26 штатта жеңиште кийин эле шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун 276сын алды. Шайлоодо жеңип чыгуу үчүн шайлоочулар коллегиясынын 270 добушу талап кылынган. Хиллари Клинтон болсо 19 штатта жана борбор Вашингтондо алдыга чыкты.

Трамптын жеңишин бул өнөктүктө чечүүчү роль ойногон жана шайлоочулар коллегиясына көп орун берген Висконсин, Пенсильвания, Огайо, Түндүк Каролина, Флорида штаттарынын тургундары камсыздады.

Бюллетендердин 92% саналгандан кийинки маалыматка караганда, Клинтонго эл берген добуштардын саны Трамптыкынан 140 миңдей көбүрөөк болгон. Башкача айтканда, Клинтонду шайлоо бекеттерине келгендердин 47,6%, Трампты 47,5% колдогон.

Жеңиш сөзүн Трамп Нью-Йорктун Манхэттен районундагы мейманкананын чоң залында топтолгон жактоочулары астында айтты:

- Эми АКШ үчүн бөлүнүүнүн жараларын таңып, бириге турган учур келди. Бул өлкөдөгү республикачылар, демократтар, көз карандысыздар чогулуп, бир эл боло турган учур келди. Мен биздин өлкөнүн бардык жарандарына америкалыктардын баарынын президенти болом деп деп убада кылам. Ал эми дүйнөлүк коомчулукка биз ар убак Американын кызыкчылыгын биринчи орунга коерубузду айткым келет. Биз бардык адамдар, өлкөлөр менен адилет иштешебиз, душмандашууну эмес, орток пикирди, конфликти эмес, өнөктөштүктү издейбиз.

Трамп “бардык америкалыктардын” президенти болууга убада
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Ак үй билдиргендей, президент Барак Обама Трампты шайлоодогу жеңиши менен телефондон куттуктап, өткөөл мезгилдин маселелерин талкуулоо үчүн 10-ноябрда аны Ак үйгө чакырды.

Дүйнөнүн жана базардын реакциясы

Трамптын жеңиши билинген соң АКШнын өзүнүн, Азиянын, Европанын биржаларында баалуу кагаздардын баасы арзандап кетти. Доллар да нарксызданып, дүйнөлүк базарларда мунай арзандап, алтындын баасы көтөрүлдү.

Талдоочулар муну Трамптын болочок саясатынын белгисиздигинен улам инвесторлордун камтамага түшүүсүнө байланыштырууда.

Бул аралыкта АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына реакциясын билдирген дүйнө өлкөлөрүнөн Орусия президенти Путин Трампка жолдогон куттуктоосунда эки тараптын алакасын “кризистик абалдан” алып чыгуу үчүн биргелешип иштөө үмүтүн билдирип, Москва буга даяр деп ырастады.

Путин Дональд Трампты куттуктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Кытай АКШнын жаңы администрациясы менен “ырааттуу жана стабилдүү” кызматташтыкка кызыкдарлыгын айтса, Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф АКШнын шайланган президенти дүйнө державалары алар менен түзгөн өзөктүк келишимди кармануусу керектигин белгиледи.

Евробиримдиктин лидерлери болсо Трамптын жеңишине этияттык менен реакция жасашты.

Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү жана дипломаттары эгер Трамптын администрациясы эл аралык милдеттенмелеринен чегинсе, Европа өкмөттөрү өздөрү кызматташтыкты чыңдоосу керектигин ишара кылып жатышат.

Британ премьер министри Тереза Мей анын өлкөсү менен АКШнын “өзгөчө мамилеси” өзгөрүүсүз каларына ишеним билдирсе, немис канцлери Ангела Меркел Трампка Транс-Атлантикалык баалуулуктардын негизинде “тыгыз кызматташтыкты” сунуш кылды.

Меркелдин кызматташуу сунушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:09 0:00

Немис тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмейр Евробиримдиктин атайын жыйынын өткөрүүгө чакырды.

НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг Трамп менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөрүн айтса, Европаламенттин төрагасы Мартин Шульц буларга токтолду:​

- Биз Дональд Трамп анын өкмөтү менен Европанын жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн болочок мамилесинде Евробиримдиктин укуктарын жана нормаларын урматтайт деп үмүттөнөбүз. Бизде жалпы кызыкчылыктар, жалпы милдеттер бар. Мен биз буга чейинкидей эле терең жана жемиштүү кызматташып, көйгөйлөрдү чогуу чечебиз деп үмүттөнөм.

АКШда 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында бийликтин эки тизгин, бир чылбыры толугу менен республикачылардын колуна өтүүдө. Соңку добуш берүүнүн натыйжасында Республикалык партия Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында, Сенатта да көзөмөлүн сактап калды. Дональд Трамп президенттик кызматка келерки жылдын 20-январында расмий киришет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG